Фикхий

Үйлөнүү үлпөт залдары тууралуу

Үйлөнүү үлпөт залдары тууралуу

Бүгүнкү күндөрү эл үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүү үчүн атайын залдарды ижарага алууну адатка айлантышты. Бул залдар негизинен эки түрдүү болот:

Биринчиси, аралаш залдар. Мындай залдарга эркектер да, аялдар да чакырылып, баары бирге отурушат. Келин салондон келгенден кийин аны күйөөсүнүн жанына отургузушат. Алардын айланасында махрам жана махрам эмес аялдар болот. Бул аялдар кооз кийинип, кээ бир аврат жерлери көрүнүп турат. Алар эки жаштын алдында ырдап-бийлешет. Кээде эркектер да кошулуп кетишет. Ошол учурда күйөө бала келинге адаттагыдай алтын буюмдарын, билерик, шуру, сөйкө сыяктуу нерселерди тага баштайт.

Экинчиси, Исламга кызыккан адамдар ижарага алган залдар. Бул залдарда эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө орун болот, башкача айтканда аралаш болбойт. Бирок келин келгенде аны күйөөсү менен аялдар олтурган залга алып келип, экөөнү бирге олтургузушат. Аялдар алардын алдында ырдап-бийлешет. Алардын арасында да махрам жана махрам эмес аялдар болот, жана алардын айрымдары кооз кийинип, дене мүчөлөрү көрүнүп турган болот. Андан кийин күйөө келинге колу, мойну жана кулагына адаттагыдай алтын буюмдарын тага баштайт.

Суроо: Булардын баары арамбы? Аралаш залдар, жогоруда сүрөттөлгөн абалда күйөө баланын аялдардын алдында олтурушу, мунун баары тыюу салынганбы? Же айрым аалымдар айткандай, булар “жалпыга жайылган бир балээ” (ал-умур таъумму бальва) болуп калгандыктан кечиримдүү иш болуп калабы?

Бул суроого жооп катары мындай дейбиз:

Эркектер менен аялдардын аралашуусу — арам. Бул тууралуу далилдер арбын. Пайгамбарыбыз ﷺ  доорундагы жана андан кийин сахабалар жашаган ислам коомунун турмушу да муну ачык көрсөтүп турат. Эркек менен аялдын аралашуусу шариатта муктаждык болгон учурда гана, Куранда же Пайгамбарыбыздын ﷺ  сүннөтүндө уруксат берилген учурларда гана болот. Мисалы, соода-сатык, туугандык байланыштарды улоо ж.б.у.с.

Ал эми үйлөнүү үлпөт (той) залдарында эркек менен аялдын аралашуусуна уруксат берилгендиги тууралуу эч кандай аят же хадис келген эмес. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз ﷺ доорунда аялдар келин менен бирге болушчу, ал эми эркектер өзүнчө болчу. Ошондуктан, той залдарында аралаш отуруу арам жана эч кандай өзгөчө уруксат берилген учур болуп саналбайт. Үйлөнүү тойлорунда уруксат берилген нерсе, аялды күйөөсүнүн үйүнө узатуу. Бул учурда эркек-аял бирге коштосо болот, бирок андан кийин эркектер жана аялдар өз-өзүнчө бөлүнүшү керек. Бул иш Пайгамбарыбыз ﷺ  доорунда болгон жана Ал ﷺ  муну белгилеген.

Демек, үйлөнүү залында эркектер менен аялдардын өзүнчө бөлүнбөй, бир залда аралаш отурушу арам. Эгерде бул жерде аялдардын аврат жерлери көрүнүп турса (адатта ошондой болот), анда бул иштин арамдыгы ого бетер күчөйт. Ошондой эле, күйөө баланын махрам жана махрам эмес аялдар арасында, алардын жанында отурган келиндин жанына барып олтуруусу да арам. Айрыкча бул аялдар ачык кийинип, дене мүчөлөрүн көрсөтүп турушса (бүгүнкү күндө көп учурда ушундай болот), бул дагы арамга кирет.

Ал эми бул “жалпыга жайылган балээ” деп айтылса да, бул арам ишти халал кылбайт. Мындай сөз шариатка каршы келгендиктен четке кагылат. Тескерисинче, бул сыноолуу доордо динин бекем кармаган мусулмандарга хадисте мактоо айтылган.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

«يَأْتِي عَلَى النَّاسِ زَمَانٌ، الصَّابِرُ فِيهِمْ عَلَى دِينِهِ كَالْقَابِضِ عَلَى الْجَمْرِ»

“Адамдарга бир доор келет, анда динин бекем кармаган киши колунда чокту кармап тургандай болот”.

08.08.2003-ж

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button