Аалымдар бийликти эсеп-китеп кылуунун парздыгы менен аң-сезимди бурмалоонун ортосунда

Аалымдар бийликти эсеп–китеп кылуунун парздыгы менен аң-сезимди бурмалоонун ортосунда
Исламда аалымдардын орду символикалык же жөн гана урматтоочу макам эмес. Тескерисинче, алымдарга динди сактоо жана үммөттүн иштерин тескөөгө түздөн-түз байланыштуу иштер шаръий милдет болуп саналат. Ислам түшүнүгүндө аалым диний кызматкер же дин адамы эмес, ал — шарият өкүмдөрүн алып жүрүүчү, аларды түшүндүрүүчү, эгерде башкаруучу алардан четтесе аны эсепке тартып жана үммөткө акыйкатты баяндаган жол көрсөтүүчү. Ошондуктан, кайсы бир мусулман өлкөсүндө аалымдардын орду ал жердеги түзүлүштүн табиятын т.а. ал шариятка баш ийип, эсепке тартууну кабыл алган система экенин же динди өз саясатына жамынуу катары колдонгон саясий түзүлүш экенин ачып берет.
Исламда бийлик шариятка таандык болушу, башкаруучу Аллахтын өкүмдөрү менен чектелиши жана үммөт аны эсепке тартууга буйрулушу – негизги принцип. Бул эсеп-китепти жүзөгө ашырууда аалымдар алдыңкы сапта турушат, анткени алар шаръий өкүмдү түшүндүрүүгө жана эгерде мыйзам бузуулар болсо аларды ачып берүүгө эң жөндөмдүү. Алардын милдети бийликти мактоо эмес, адал менен арамды баяндоо жана коркпостон, жагынбастан акыйкатты ачык көрсөтүү. Үммөт өз тарыхында шариятка каршы чыккан бийликтин алдында бекем туруп, илимин актоо куралына айлантуудан баш тарткан аалымдарды билген.
Бирок аалым түшүнүгү шаръий мазмунунан ажыратылып, аны саясий түзүлүштүн бир бөлүгүнө айлантканда кооптуу адашуу башталат. Мындай учурда анын ролу Ислам өкүмдөрүнө негизделбеген чечимдерге мыйзамдуулук берүү болуп калат. Бул абалда маселе жеке адамдарда гана эмес, мыйзам чыгарууну адамдардын колуна берип, андан соң бийликтин чечимдерине диний түс берүү үчүн илимге тиешелүү айрым адамдарды пайдаланган саясий түзүлүштүн өзүндө болот.
Бүгүн мусулмандардын көйгөйү айрым аалымдардын кемчилигинде гана эмес, акыйданы өзүнүн конституциясынын жана өкүмдөрүнүн негизи кылган мамлекеттин жоктугунда. Вахийден ажыратылган, адам чыгарган мыйзамдарга негизделген түзүлүштөрдө аалымга берилген мүмкүнчүлүк башынан эле Исламга кайрылбаган укуктук алкак менен чектелет. Мындай шартта көбүнчө андан шаръий тексттерди таңууланган пикирге ылайыкташтыруу талап кылынат, ал эми аалымдын чыныгы милдети кайрылууга тийиш болгон шаръий өкүмдү баяндап берүү эле.
Исламды колдонгон мамлекетте жашаган аалым менен Исламды колдонбогон түзүлүштө жашаган аалымдын ортосундагы айырма түпкүрүнөн айырмаланат. Биринчисинде аалымдын иши — өкүмдөрдү баяндоо жана аларды аткарууда кемчилик кетиргендерди эсепке тартуу. Ал эми экинчисинде ал мажбур түрдө актануу машинасынын бир бөлүгүнө айланат. Биринчи абалда аалым менен бийликтин ортосундагы байланыш — шарият алкагында насаат, түшүндүрүү жана эсепке тартуу мамилеси болот. Ал эми экинчисинде — кызматка пайдалануу мамилеси болуп, анда нусустар ага негизделбеген чындыкты жабуу үчүн колдонулат.
Бул бузукулуктун эң кооптуу натыйжаларынын бири — үммөт аң-сезиминин чаташуусу. Эл өз табияты менен жалган же зулум экенин билген нерселерди адал кылган фатваларды укканда же саясий жана экономикалык көз карандылыкты сактаган саясаттарды актаган өкүмдөрдү көргөндө, алардын түшүнүгү аралашып, шарияттын айкындуулугуна жана адилеттүүлүгүнө болгон ишеними алсырайт. Мында бир гана айрым өкүмдөр жашоодон жоголбостон, Исламдын жашоо менен болгон байланышы тууралуу толук түшүнүк солгундайт.
Исламда аалымдардын милдети — түшүнүктөрдү бурмалоодон сактоо. Алар Аллах түшүргөн дин менен өкүм жүргүзүү парз экенин, үммөттүн бир имам алдында биригүүсү парз экенин, башкаруучуну эсепке тартуу важиб экенин жана зулум эң жогорку бийликтен чыкса да арам экенин баяндашат. Эгер алар бул негиздер тууралуу унчукпай калышса же аларды экинчи даражадагы маселелерге айландырышса, анда билип же билбей Исламга каршы келген чындыктын бекемделишине салым кошушат.
Ошондой эле аалымдын акыйкатка жакындыгы анын бийлик чөйрөлөрүнө жакындыгы менен эмес, шаръий далилди канчалык бекем карманганы менен өлчөнөт. Исламда өлчөм бийликтин ыраазычылыгы эмес, Куран менен Сүннөткө шайкештик. Үммөт аалымдары күч-кубат доорлорунда мамлекеттик түзүлүшкө сиңип кеткендиги үчүн эмес, өкүмдү адилет баяндаганы жана Аллах жолунда айыптоочунун айыбынан коркпогону үчүн жогорку орунга ээ болушкан.
Ошол эле учурда бул маселе жеке кагылышууга чакырык катары түшүнүлбөшү керек, тескерисинче, мамилени шарияттын ченемдери менен жөнгө салууга чакырык. Аалым насаат айтууга, жакшылыкка буюруп жамандыктан кайтарууга жана акыйкатты баяндоо жолунда келген зыянга сабыр кылууга буйрулган. Үммөт болсо акыйкатты ачык айткан раббаний аалымдарды, акыйкатты реалдуулукка ылайыкташтыргандардан айырмалоого милдеттүү.
Үммөттүн чыныгы ойгонуусу көп хутбалар менен же диний мекемелердин көптүгү менен эмес, илим менен бийликтин ортосундагы туура байланыштын кайтып келишинен көз каранды. Башкача айтканда, Ислам өзүнүн акыйдасы жана өкүмдөрү менен кайрылуучу негиз болуп, аалымдар ушул негизге каршы жалган күбө болуучулар эмес, анын сакчылары болушу керек. Бийликти чындап шариятка берген мамлекет курулганда, аалымдардын ролу табигый түрдө өкүмдөрдү баяндоо жана үммөттү багыттоо болуп калат жана ылайыкташтыруу жана актоо басымдарынан алыс болот.
Аалымдар же үммөттүн аң-сезимин сактап, анын багытын Исламга ылайык жөнгө салган коопсуздук чыпкасы болушат, же эгерде Ислам менен өкүм жүргүзбөгөн түзүлүшкө сиңип кетишсе, адамдардын динине болгон ишенимин алсыраткан чаташтыруу булагына айланышат. Ушул эки жолдун ортосунда алардын тарыхтагы таасири аныкталат. Үммөт бүгүн өкүмдү кандай болсо ошондой баяндаган, саясатты вахий менен кайра байланыштырган жана Ислам өзүнчө обочо насаат эмес, толук жашоо таризи жана толук турмуш системасы экенин баса белгилеген илимге мурдагыдан да көбүрөөк муктаж.
Саид Фадл




