Австралиянын Хизб ут-Тахрирге каршы тыюу салуу коркутуусу

Басма сөз баянаты
Австралиянын Хизб ут-Тахрирге каршы тыюу салуу коркутуусу
Бонди окуясынын курмандыктары али жерге бериле электе, бул өлкөдөгү сионизмди коргоочулар өз баяндарын макулдашып, коомчулукка талаптарынын тизмесин жарыялашты. Тергөө иштери эми гана башталганына карабастан, алар согуш кылмышкери Нетаньяхунун көрсөтмөлөрүн ээрчип, бул окуяны антисемитизм көз карашы аркылуу гана түшүндүрүүгө болот деп өжөрлүк менен талап кылышууда.
Сионизмди коргоочулар муну менен токтоп калбастан, маселе жөн гана антисемитизмде эмес, түпкү тамыры “радикал Исламга” барып такалган жийиркеничтүү бир формада деп эсептешти. Бул адаштырган логика Бонди окуясындагы күнөөнү кол салуучуларга гана эмес, бул ойдон чыгарылган радикализмдин табигый негизи катары бүтүндөй мусулман жамаатына жүктөөгө алып келүүдө. Ошентип, биз бул радикализмден ачык баш тартпасак, баарыбыз шектүү болуп калдык. Ал эми сионизмди коргоочулар үчүн бул “радикализм” — геноцидди кабыл алуунун жана баскынчы түзүмдүн геноциддик кыргындарды жасоого болгон укугунун жөн гана белгилери!
Өткөн жайда болгон жасалма антисемиттик чабуулдар толкунунда көргөнүбүздөй, сионизмди коргоочулар Австралияда саясий жана укуктук нускамаларды сионизмдин курмандыктарын өзүнчө калтыруу үчүн өзгөртүүнү талап кылышууда. Максат жалпы Палестинаны колдогон ишмердүүлүктү, өзгөчө Ислам үммөтүнө багытталган ишмердүүлүктү басуу жана сионисттердин кыялын ишке ашыруу, башкача айтканда, Чыгышта да, Батышта да ага болгон ар кандай каршылыкты жок кылуу.
Нааразылык акцияларына, символдорго, а түгүл ураандарга тыюу салуу аракеттери башталды. Бул өлкөдөгү яхудий түзүмү жана анын тарапкерлеринин чоң басымы алдында калган премьер-министрдин абалы жана ал аларга кандайдыр бир деңгээлде жооп берүүгө муктаж болду. Бул болсо мусулман жамааты көнүп калган ыкма менен т.а. жамаатты күнөөкөр кылып көрсөтүү аркылуу ишке ашууда. Анын билдирүүлөрү менен расмий билдирмелеринде “радикал Ислам”, “радикал үгүтчүлөр”, жек көрүү тууралуу сөздөр көбөйө баштады.
2025-жылдын 18-декабрында премьер-министр өзүнүн саясий келечегин Австралиянын эгемендүүлүгүнүн эсебинен сактап калууга даяр экенин жарыялап, сионисттердин талаптарына баш ийип, антисемитизмге каршы күрөшүү боюнча беш пункттан турган планын билдирди. Бул пункттардын бири Палестинаны колдогон исламий ишмердүүлүктү кылмыш катары кароону камтып, «жетекчилери зомбулукту же расалык жек көрүүнү жайылткан, жек көрүү сөзүн колдонгон уюмдарды кылмышкер катары кабыл алуу системасын иштеп чыгуу» ниетин ачык жарыялады.
2025-жылдын 22-декабрында ички иштер министри бул билдирүүнү кеңейтип, Австралия атайын исламий партияларга тыюу салууга багытталган жаңы укуктук алкак иштеп чыгууну көздөп жатканын, аны Хизб ут-Тахрирден баштай турганын айтты. Ал мындай деди: «Бул уюмдар узак убакыттан бери зомбулуктун ачык сөздөрүн колдонбой туруп, жек көрүү сөзү менен иш алып барып, терроризм боюнча куугунтуктан кутулуп келишкен. Биз террордук уюмдарга түз дал келбегендерге карата куугунтуктун жаңы формасын киргизебиз… Алардын жүрүм-туруму кабыл алынгыс, мыйзамсыз деп табылышы керек жана уюмду аныктап, анын Австралиядагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууга жетиштүү болушу керек».
Хизб ут-Тахрир бул өлкөдө айткан же кылган бардык иш-аракеттери толук мыйзамдуу. Бирок сионисттер бизди жек көрүшөт жана жылдар бою жергиликтүү жана федералдык өкмөттөрдү бизге тыюу салууга үгүттөп, куру жалаа жаап келишти. Алар Бонди окуясын мусулман жамаатындагы Палестинаны колдогон ишмердүүлүктү басуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк катары пайдаланып калышты.
Өкмөттүн сунушу тууралуу айта турган сөз көп, жана жакынкы күндөрү бул тууралуу дагы көп айтылат. Бирок азырынча төмөнкү пункттарды өзгөчө баса белгилөөнү каалайбыз:
- 1. Австралияда Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу планы эки деңгээлдүү укуктук режимди киргизүү аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн. Буга премьер-министр да ишарат кылды, ал эми ички иштер министри ачык эле: Хизб ут-Тахрирге тыюу салууга укуктук негиз жок экенине карабастан, Австралия эми түздөн-түз мусулман жамаатын бутага алган толук жаңы укуктук алкак түзүүгө умтуларын билдирди.
- 2. Сионисттик талаптардын алкагында Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу аракеттери — Палестинаны колдогон бардык ишмердүүлүктү да кылмышташтыруу дегенди билдирет. Ошентип, бул бардык адамдарды бутага алат.
- 3. Өкмөттүн Австралияда Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу боюнча жүйөлөрү — тирүү абийири бар ар бир адамды кемсинтиши керек болгон жалганга жана исламофобиялык, расисттик стереотиптерге таянат.
Мунун баары тууралуу, иншаАллах, кийинки билдирүүлөрдө кеңири сөз кылабыз.
Хизб ут-Тахрирдин Австралиялагы маалымат бөлүмү
23.12.25




