
Автомектептерди монополия кылуу жол кырсыгын азайтабы?
Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда менчик автомектептердин жабылышы жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн окуунун мөөнөтү узарганы тууралуу билдирүү жасады.
“Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт”, – деди президент.
Бул маселени бир катар депутаттар да Жогорку Кеңештин 28-январдагы жалпы жыйынында көтөрүштү. Алардын айтымында, айрым автомектептердин имараттары жабылып, мүлкүн алып чыгып кете албай жатышкандар да бар. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окутуунун жаңы эрежелерин боюнча да нааразылыктар көп.
Буга чейин Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып чыгышкан. Алар 26-27-январь күндөрү тиешелүү Мамлекеттик “Унаа” мекемесине чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Чогулгандар база жабылып калганы үчүн жаңы курсанттарды кабыл ала албай жатышканын, мунун айынан 350дөй автомектепте 5-6 миң киши жумушсуз калганын айтып нааразы болушууда.
Ал эми, реформаны ишке ашырып жаткан президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутарын, февраль айынын орто ченинен тартып жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен курсанттар кабыл алына баштарын билдирди. Бул жааттагы реформа жол кырсыктарын азайтуу, айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияны жоюуга багытталганын кошумчалады.
Мындан белгилүү болгондой, автомектептерди мамлекеттик монополияга алуу аракети жүрүп жатат. А бирок, бул үчүн себеп катары көрсөтүлүп жаткан жол кырсыгынын көбөйүшү автомектептерге байланыштуу экени күмөн жаратат. Анткени, айдоочулук күбөлүк берүү укугу мамлекеттик “Унаа” мекемесине тиешелүү. Демек, мамлекет “реформа” шылтоосу менен бул тармактагы киреше булагын өз көмөчүнө тартууга аракет кылууда.
Түпкүлүгүндө, мамлекеттин милдети жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге алардын жашоосуна жеңилдиктерди камсыздоо болуп эсептелет. Эгер жол кырсыгын азайтуу максат кылынса, биринчи кезекте анын булагы болгон мас кылуучу ичимдиктерди өндүрүүгө, сатууга тыюу салынып, мас абалда унаа айдоого жол берилбеши керек. Ал эми, айдоочулук үчүн он айлык окуу программасын киргизүү аркылуу жарандардын жашоосу жеңилдөөнүн ордуна кошумча түйшүктү пайда кылат.
Андыктан, бийликтин калктын кызыкчылыгына каршы кабыл алган чечимдерин артка кайтарууну, тескерисинче, калктын кызыкчылыгына ылайык иш алып баруусун талап кылышыбыз керек.
Мумтаз Маверанахрий




