Асыл хадис

Адамдар Исламга келгенге чейин согушуу буйругу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адамдар Исламга келгенге чейин согушуу буйругу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих аль-Имам Муслимдин шархы ан-Нававиде “Адамдар: Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын элчиси” деп айтканга чейин алар менен согушуу буйругу деген бөлүмүндө айтылган.

عن عبد الله بن عمر قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ” أمرت أن أقاتل الناس حتى يشهدوا ألاّ إله إلا الله وأن محمدا رسول الله، ويقيموا الصلاة ويؤتوا الزكاة، فإذا فعلوا عصموا مني دماءَهم وأموالهم إلا بحقها وحسابهم على الله

Абдулла бин Умардан риваят, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деди: Мага адамдар Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк берип, намаз окуп, зекет бергенге чейин алар менен согушууга буйрулдум. Эгер алар муну кылышса, алардын каны жана мал-мүлкү менден корголот, бирок шарият белгилеген чектерде (алардын каны жана мал-мүлкү алынат. Мисалы, өч алуу, зекет же уурулук үчүн жазаларда) жана алардын акыреттеги эсеби Аллахтын колунда”.

Урматуу бир туугандар:

Аллах бизге арабдарга же бир гана расага эмес, бардык адамдарга рисалатты жеткирүүгө буйруган: وما أرسلناك إلا رحمةً للعالمين“. Биз сени ааламдарга ырайым катары гана жөнөттүк.

Бизге башкаларга динди жеткирүү үчүн согушууга жана каныбызды, малыбызды курмандыкка чалууга буйрук берилген, бул бизге Кудуреттүү Аллахтын берген улуу жакшылыгы. Ошондуктан биз мусулман жана мусулман эмес ар кайсы жерлерде чачырап жаткан асыл сахабалардын мүрзөлөрүн көрөбүз. Египетте беш миңге жакын сахаба, Иорданияда он беш миң сахаба, Сирияда алты миң сахаба жана Кытайда да сахабалар көмүлгөн. Алардын айрымдары Кипрде, айрымдары Түркияда, айрымдары Франциянын чек арасында, айрымдары Андалусияда, айрымдары Суданда, айрымдары Эфиопияда, ал эми айрымдары Палестинада көмүлгөн. Бул кадырлуу адамдар, албетте, ал жерлерге эс алууга барышкан эмес. Алар талап кылынган рисалатты жеткирүүнү түшүнүшкөн жана алардын такыбалыгынын көрсөткүчү бул дин үчүн кылган иш-аракети болгон. Бул дин жер бетине кантип жайылат? Алардын такыбалыгынын көрсөткүчү мындай болгон: “Мен адамдар Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк бермейинче алар менен согушууга буйрулдум”. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч өзгөрүп, төмөнкүдөй болуп калды: Мен бир күндө канча намаз окуйм? Канча күн орозо кармадым? Канча кайрымдуулук кылдым? Көрсөткүч жеке мүнөзгө багытталып калды. Мусулмандар бул ибадаттардан башка да милдеттери бар экенин, башкача айтканда, башкаларды бейишке алып баруу милдети бар экенин унутуп коюшту. Исламдын даамы, түсү же жыты жок жашоодо жашап жаткан бир учурда мындан башкачасы болушу мүмкүнбү?

Эй мусулмандар:

Аллах Өзүнүн пенделерине адамдарды туура жолго салгандан да чоң сыйлыкты башка амалдар үчүн берген эмес. Адамдарды хидаятка жетекетөөчү бул жетекчилик үммөттүн бүгүнкү абалынан, акылсыз башкаруучулардын үммөттүн иштерин башкаруусунан улам жоголуп кетти.

Биз урматтуу Элчибиз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтып берген өзгөрүү доорунда жашап жатабыз. Андан кийин пайгамбарлык үлгүсүндө Халифалык дооруна кирерибиз айдан ачык жана белгилүү. Биз Аллахтан бул үммөттүн ушул динди тикелөө үчүн иштеп жаткандар менен бирге иштөөгө жана Халифалыкка карай эки колубуз менен умтулууга жетектөөсүн суранабыз. Анткени бул иштен өткөн сооптуу жана пайдалуу иш жок.

Оо Аллахым, амал кылуучуларга аны тезирээк тикелөөгө мүмкүнчүлүк бер. Оо Аллахым, аамиин, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 15-ражаб.

2026-ж, 4-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button