
Адам укуктары күнү: жок нерсе менен куттуктоо
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандарын Адам укуктары күнү менен куттуктады. Өз кайрылуусунда, ал Адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптери кыргыз үрп-адаттарына шайкеш келерин, ар-намысты жана адилеттүүлүктү урматтоо Конституцияда бекитилгенин баса белгиледи. Ошондой эле, Жапаров жарандардын укуктарын коргоо, демократиялык институттарды өнүктүрүү, дискриминацияга каршы күрөшүү жана алсыз топторду колдоо маанилүү экенин белгиледи. Жапаров, элди бири-бирин өз ара урматтоого, маданий жана руханий баалуулуктарды сактоого жана өлкөнүн гүлдөп өсүшү үчүн биргеликте иштөөгө чакырды.
Комментарий:
Президенттин Адам укуктары күнү менен куттуктоосу, Кыргызстандагы саясий эркиндиктин чыныгы абалы менен салыштырганда карама-каршы угулат. Кадыр-баркка, адилеттүүлүккө жана сыйга негизделген расмий риторика, бийликти сындаган пикирлерге, саясий атаандаштыкка жана эркин маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүктөр тарыган чыныгы практика менен дал келбей жатат.
«Демократиялык процесстерди өнүктүрүү» жана «адилеттик институттарын бекемдөө» тууралуу билдирүүлөргө карабастан, Кыргызстанда авторитардык башкарууга гана эмес, акырындап диктатуралык моделге жылуу тенденциясы байкалууда. Башкача көз караштар коркунуч катары кабыл алынып, ал эми жекече пикир, тоскоолдук катары бааланууда. Бул болсо, жергиликтүү абалдан алыс болгон эл аралык уюмдардын баалоолору менен да ырасталат. Активисттерге басым, журналисттерге кылмыш иштерин козгоо сыяктуу иш-чаралар, “адам укуктарына берилгендик” жөнүндөгү салтанаттуу билдирүүлөргө дал келбейт. Ал эми, батыштын демократиялык моделин алып жүрүүчүлөр мусулмандарга карганда, көп сандуу союздаштарга, кысым көрсөтүү механизмдерине, укуктук куралдарга, медиа колдоого ээ. Бул нерсе аларга коопсуздукту кепилдейт. Натыйжада биринчи болуп диний топтор, айрыкча мусулмандар, кысымга кабылууда. Кыргызстанда бул көрүнүш тандалма көзөмөл, текшерүү жана чектөөлөр аркылуу билинет. Бийлик мындай саясатты, коомдук зарылчылык деген жасалма шылтоо менен актоого аракет кылууда.
Бирок сындын баарын сыртты көздөй эле карата бербеш керек. Анткени, «Жарандык укуктар» жана «адам укуктары» сыяктуу түшүнүктөр – либералдык капитализмдин алкагында калыптанган түшүнүктөр жана алардан белгилүү бир кызыкчылыктар көздөлөт. Бул баалуулуктар, эчак эле саясий-экономикалык системаны колдоо үчүн түзүлгөн идеологиялык долбоор болуп калганын моюнга алуу зарыл. Ал тургай, өздөрүн бул моделдин негиздөөчүлөрү жана сактоочулары катары көрсөткөн мамлекеттер да, терең ички карама-каршылыктарга туш болушууда. Жада калса демократиялык эркиндиктин символу болгон жана адам укуктарын дүйнөгө жайылтуучу катары өзүн көрсөтүп келген АКШнын өзүндө – саясий бөлүнүү, системалык теңсиздик, полициялык зомбулук жана өздөрү жактаган укуктарды чектеген көрүнүштөр кеңири тараган.
Дал ошол үчүн, Кыргызстанда бийликтин «универсалдуу нормаларга» берилгендиги тууралуу билдирүүлөр айтылып жатканда, сөздөргө эмес, мамлекеттин реалдуу аракеттерине назар салуу зарыл. Саясий мейкиндиктин ачыктыгы, соттордун көзкарандысыздыгы, журналисттердин коопсуздугу, дин эркиндиги, бей өкмөт уюмдарга, саясатчыларга жана диний жамааттарга карата тандалма басымдын жоктугу сыяктуу аракеттер менен баа берүү керек. Андыктан, салтанаттуу расмий билдирүүлөр менен иш жүзүндөгү аракеттердин ортосунда ажырым терең бойдон кала берсе, мындай майрамдык куттуктоолор куру сөз катары гана кабыл алынат.
Кыргызстан, адамдын ар-намысы жана кадыр-баркы ураан бойдон калган эмес, чыныгы баалуулукка айланган өлкө боло алат. Бирок, бул тек гана шариятты коргоого багытталган максаттарга кайтуу менен ишке ашат. Баардык нерсени билүүчү, ар бир мусулмандын кызыкчылыгын унутпаган Заттын мыйзамын тургузуу менен гана болот. Бул үчүн алгач, жомокко айланган демократиянын жалгандыгын түшүнүү жана моюнга алуу зарыл. Андан соң, коомду өзгөртүү үчүн саясий эркти пайда кылуу керек. Бул максат, коомду “туруктуулук” жана “салт” сыяктуу шылтоолор аркылуу кысуу менен эч качан ишке ашпайт!
Хужжат Жамиа




