Фикхий
Адвокат болуп иштөөнүн өкүмү

Адвокат болуп иштөөнүн өкүмү
Суроо: Бизде жакшы устаздарыбыздын бири бар, ал өлкө боюнча белгилүү адвокаттардын катарына кирет жана атак-даңкынан улам теле көрсөтүүлөргө чыгып жүрөт. Ал кээ бир зулумга учураган адамдарды коргоо ишин өзүнө алат… Ушуга байланыштуу бир туугандар мындай иштин шарият боюнча жаиздигин сурап жатышат. Прокурордун (айыптоочу тараптын өкүлүнүн) шарияттагы өкүмү менен коргоочу адвокаттын шарияттагы өкүмү айырмаланабы? Андан соң, эгер коргоочу адвокат акыйкат өз ээсине тиешелүү экенине ишенсе жана аны мыйзамсыз ыкманы, мисалы, параны колдонбостон алуу кыйын болсо, анда ниет акыйкатты ээсине кайтаруу болгондо мындай ыкмага жол берилеби?
Жооп:
Адвокаттын иши тууралуу:
1. Прокурор (айыптоочу өкүл) болуп иштөөгө болбойт. Анткени анын ишинин маңызы – мыйзам жана айыптоо жагынан бийликти коргоо болуп саналат. Ал эми бийлик шариятты колдонбогон шартта, анын өкүлү болуу жаиз эмес. Прокурор болуп иштеген адвокатка эч кандай шылтоо келтирилбейт, бул иш харам.
2. Коргоочу адвокат болуп иштөөгө, эгер ал коргоосун зулумга учураганды колдоого жана шарият боюнча аныкталган укуктарды ээлерине кайтарууга багыттаса, жаиз. Ал эми шарият боюнча эмес, жасалма мыйзам (конун вадъий) боюнча гана аныкталган укуктарды коргоого болбойт. Мисалы, акыйкат сөз айткандыгы үчүн зулумга учурап, түрмөгө камалган адамды Ислам коргойт жана түрмөдөн чыгарат. Ошондуктан коргоочу адвокаттын аны зулумдан арылтып, түрмөдөн куткаруу үчүн иштеши – туура жана милдеттүү иш.
Дагы мисал: кимдир бирөөнүн малы уурдалса, Ислам анын уурдалган малын кайтарып берет. Ошондуктан коргоочу адвокат уурдалган малын кайтарып алуу үчүн аны коргоосу жаиз.
Дагы мисал: кимдир бирөө үйүн белгилүү бир суммага сатат да, анын бир бөлүгүн алдын ала алып, калганын бөлүп төлөө шарты менен макулдашат. Сатып алуучу сумманын бир бөлүгүн төлөп, калганын төлөөдөн баш тартса же танса, ошол эле учурда үйдү сатып алып, анда жашап жатса, Ислам сатуучунун укугун сатып алуучудан кайтарып берет. Ошондуктан коргоочу адвокаттын сатып алуучу танган үйдүн акчасын алып берүү үчүн сатуучуну коргоосу жаиз.
Ушундайча, коргоочу адвокаттын зулумду жоюу жана шарият боюнча аныкталган укуктарды ээлерине кайтарып берүү үчүн иштеши дурус жумуш болуп эсептелет.
Ал эми эгер укук жасалма мыйзам боюнча ага таандык болуп, бирок шариятка каршы келсе, анда коргоочу адвокаттын аны коргоосу жайиз эмес. Мисалы, кимдир бирөө келишими жараксыз болгон акционердик коомго үлүшчү болуп кирген болсо, пайда үлүшкерлерге бөлүштүрүлгөндө, өзүнө берилген пайда анын үлүшүнө тийиштүүсүнөн аз деп эсептесе, анда коргоочу адвокаттын бул укукту коргоп, ээсине кайтарып берүүсү арам. Анткени бул укук жасалма мыйзам боюнча таанылганы менен, шариятка каршы келет. Себеби бул компания жараксыз, демек, андан келип чыккан пайдаларды шарият тааныбайт. Мусулманга бул компаниядан чыгуу милдет.
Дагы мисал: кимдир бирөө акчасын банкка пайыз (риба) менен, белгилүү бир пайыздык ченде салып койсо, банк ага үлүшүн бергенде, макулдашылган пайыздан аз эсептеп берсе, анда коргоочу адвокаттын бул укукту коргоп, ээсине кайтарып берүүсү жаиз эмес. Анткени бул укук жасалма мыйзам боюнча таанылганы менен, шариятка каршы келет. Бул укук риба банктарын тааныган жасалма мыйзамга ылайык бар, бирок шарият боюнча жок. Мусулманга банк менен болгон бул риба келишимин жокко чыгаруу милдет.
Ошентип, коргоочу адвокаттын иши зулумду жоюу жана шарият боюнча бекемделген укуктарды ээлерине кайтарып берүү үчүн болсо – туура. Ал эми жасалма мыйзам боюнча бекемделген, бирок шариятка каршы келген укуктарды коргоп соттошсо – коргоочу адвокаттын иши жаиз эмес.
Ал эми коргоочу адвокат шарият боюнча бекемделген укукту ээсине кайтарып берүү үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонсо, мисалы, пара берсе же ушул сыяктуу иштерди кылса, ниети укукту ээсине кайтаруу болсо да, бул жаиз эмес. Анткени пара харам. Көздөлгөн пайда укук болобу же батыл болобу айырмасы жок. Себеби параны харам кылган далилдер аны батыл пайданы ишке ашыруу менен гана чектебейт. Бул далилдер жалпы келип, батыл пайданы гана көздөгөн учурлар менен чектелген эмес. Бул нусустардан ачык көрүнөт:
Ахмад, Абу Дауд, Тирмизи жана Ибн Мажа Абдуллах ибн Амрдан риваят кылышкан. Ал мындай деди: Расулуллах ﷺ айтты:
«لَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الرَّاشِي والمرتشي».
“Пара бергенге да, пара алганга да Аллахтын лаанаты (каргышы) болсун”.
Ал эми Ахмад Саубандан риваят кылган хадисте мындай делет:
«لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ الرَّاشِيَ وَالْمُرْتَشِيَ وَالرَّائِشَ يَعْنِي الَّذِي يَمْشِي بَيْنَهُمَا»
“Расулуллах ﷺ пара бергенди да, пара алганды да, экөөнүн ортосунда чуркап жүргөндү да лаанаттаган”.
Бул хадистер жалпы болуп, ар кандай параны камтыйт. Укук талап кылуу үчүн болсун же батыл талап кылуу үчүн болсун баары бир. Ошондой эле, параны харам кылган бул нусустарда анын харамдыгы белгилүү бир себепке байланыштырылган эмес. Анда себеп да жок, башка бир да насстан параны харам кылуунун себебин чыгарып алуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан коргоочу адвокатка, өз ою боюнча, башка жол менен кайтарып берүү кыйын болсо да, укукту ээсине кайтарууну жеңилдетүү үчүн пара колдонууга болбойт.
29-Сафар 1430-х.
24.02.2009-м.




