Асыл хадис

Азан чакыруу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Азан чакыруу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих Муслимин шархы Имам Нававиде “Азан үчүн чүчүкулак тартуу бөлүмүндө айтылат:

حدثنا عبد الله بن يوسف قال: أخبرنا مالك عن سمي مولى أبي بكر عن أبي صالح عن أبي هريرة أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “لو يعلم الناس ما في النداء والصف الأول ثم لم يجدوا إلا أن يستهموا عليه لاستهموا، ولو يعلمون ما في التهجير لاستبقوا إليه، ولو يعلمون ما في العتمة والصبح لأتوهما ولو حبوا

Бизге Абдулла бин Юсуф Абу Хурайрадан риваят кылды,  Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Эгер адамдар азан айтууда жана биринчи катарда эмне бар экенин билишсе жана аны алуу үчүн чүчүкулак кармоодон башка жол таба алышпаса, анда алар чүчүкулак кармашмак. Эгер алар хижрат кылууда эмне бар экенин билишсе, анда ага шашылышат эле, эгер алар куптан жана багымдат намазында эмне бар экенин билишсе, сойлоп болсо да, ага келишмек”.

Урматтуу бир туугандар:

Бул пайгамбарыбыздын урматтуу сахабаларына жана мусулмандарга улуу көрсөтмөсү:  эй мусулмандар, намазда биринчи катарга шашылгыла, анткени анда  чоң сыйлык бар. Анткени, Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сахаабалардын момундугун (Аллах аларга ыраазы болсун) көрүп, алардын ар бири бул биринчи катарда туруусун башкаларга караганда абзел көрдү.

Эй мусулмандар:

Биздин урматтуу Элчибиз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизди намазда биринчи катарда болууга чакыргандай эле, бул улуу дин бизди башка нерселерде да ар дайым биринчи катарда болууга чакырат. Биз Исламды жана мусулмандарды коргоодо жана бул динди даңазалоо үчүн иштөөдө алдыңкы катарда болуубуз керек. Жана мусулмандарга, зулум тарткандарга жардам берүүдө ошондой эле Ааламдардын Эгеси бизге убада кылган экинчи адилеттүү Халифалыкты тикелөө үчүн күрөшүп жаткандар менен бирге амал кылууда алдыңкы сапта  болуубуз керек. Биздин урматтуу Пайгамбарыбыз, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бизге бул тууралуу сүйүнчү кабарды жеткирди,  ондогон жылдар бою жок болуп кеткен Исламдын бийлиги албетте кайрадан орнойт.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Ааммин аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 15-шаввал.

2026-ж, 2-апрель.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button