Азыркы системада арак менен күрөшүүнүн келечеги барбы?

Азыркы системада арак менен күрөшүүнүн келечеги барбы?
Казакстанда кечки саат 20:00дөн кийин ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Бул демилгени Мажилис депутаты Магеррам Магеррамов көтөрүп чыгып, муну кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгү алкоголдун айынан болуп жаткандыгы менен негиздеди. Сунуштардын арасында – ичимдик саткан жерлерди чектөө, дүкөндөрдө саат 20:00дөн кийин, ал эми кафе-ресторандарда 22:00дөн кийин ичимдик сатууга тыюу салуу, онлайн-сооданы токтотуу, санариптик маркалоону киргизүү жана жаштар үчүн алдын алуу программаларын иштеп чыгуу бар. Буга чейин ушул сыяктуу сунуштар Ички иштер министрлиги тарабынан да айтылган.
Эми бул сунуштарга акыл калчап көрсөк, бир катар суроолор жаралат: ичимдиктин саат 20:00гө чейин же андан кийин сатылышы эмнени өзгөртөт? Ичимдиктин зыяны сутканын убактысына байланыштуубу? Белгилүү бир саатка чейин ал коопсуз болуп, андан кийин эле капыстан кылмыштуулуктун жана деградациянын булагына айланып калабы? Бирок алкоголдун адамга тийгизген таасири дубалдагы саатка карап токтоп калбайт. Аны алдын ала сатып алып, кийинчерээк ичсе болот, ошону менен чектөөдөн күтүлгөн натыйжанын баары жокко чыгат.
Ошентип, бул жерде кеп ичкилик менен күрөшүү эмес, аны администрациялык жөнгө салуу жөнүндө болуп жатат. Бул көйгөйдүн себептерин жойбостон, “иштеп жатабыз” деген сырткы көрүнүштү гана жараткан чала жасалган чара. Мамлекет ичимдикти жамандык же бир кесепет катары тааныгандай болот, бирок чындыгында аны толук жамандык деп атоого батына албайт. Эгерде демилгечилердин өз логикасына таянсак, анда андан да тереңирээк карама-каршылык келип чыгууда. Эгер ичимдик кылмыштуулуктун жана социалдык бузулуунун булагы болсо, анда эмне үчүн ал дагы деле мыйзамдуу товар катары калууда? Эмне үчүн аны баңгизат сыяктуу эле бир катарда кабыл алышпайт? Мунун жообу медицина же моралдык баалуулуктарда эмес, азыркы системанын түзүлүшүндө жатат. Ал системада алкогол – экономиканын бир бөлүгү, салыктардын жана пайданын булагы болуп саналат. Мындай логикага салсак, бир нерсе пайда алып келгенге чейин жаман деп таанылбайт.
Бул маселени чечүү үчүн исламий баалуулуктар системасына кайрылуу жетиштүү. Мас кылуучу заттарга карата Исламдын мамилеси түп-тамырынан бери башкача. Исламда аны колдонуунун убактысын, ордун же формасын жөнгө салуу деген жок, тескерисинче, ичкиликтин өзүн түп орду менен жоюу деген түшүнүк бар.
Ыйык Куранда ичимдик маселеси ырааттуу, бирок логикалык жактан туура абалда козголот. Алгач анын зыянын жана пайдасын салыштыруу тууралуу айтылат: “Эй, Мухаммад) Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Айткын: Буларда чоң күнөө жана адамдар үчүн бир аз пайдалар да бар. (Бирок) Булардын пайдасынан күнөөсү чоңураак”. (2:219).
“Эй момундар! Сүйлөп жаткан сөзүңөрдү (өзүңөр окуп Жаткан аяттарды) аңдап-билүүңөр үчүн мас абалыңарда намазга жакын келбегиле!” (4:43).
Бул аяттардан кийин акыркы, так жана кескин өкүм келет:
“Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!” (5:90).
Бул жерде эч кандай убакыт чектөөлөрү, өзгөчө жагдайлар же компромистер жок. Ачык айтылып жаткан “алыс болгула” деген буйрук бар. Ал эми сүннөт бул тыюуну толуктап, аны дагы да бекемдейт. Мухаммад пайгамбар ﷺ айткан:
«Ар бир мас кылуучу нерсе – хамр (арак), ал эми ар бир хамр – арам» (Ибн Умардан, Сахих Муслим).
Ал эми башка хадисте мындай деп айтылат:
«Алла аракты, аны ичкенди, ичиргенди, сатканды, сатып алганды, жасаганды, жасатканды, ташыганды, ташытканды, акчасын алганды каргыштады» (Абу Дауд жана ат-Тирмизи, Ибн Умардын сөзүнөн)».
Бул жерде маанилүү нерсе, тыюу салуу ичимдикти ичүүгө гана эмес, анын бүтүндөй экономикалык жана социалдык жүгүртүлүшүнө да жайылат. Ислам проблеманын белгилерин гана эмес, адамдын акылын талкалоодон пайда табууну кошо камтыган жамандыктын бүтүндөй чынжырын жок кылат.
Эки башка мамиленин ортосундагы негизги айырмачылык дал ушунда. Азыркы системада алкогол товар бойдон калууда, ал эми анын зыянын – административдик чаралар менен “жумшартууга” аракет кылынууда. Исламда мас кылуучу ичимдиктер – жамандык деп таанылат, ал эми андан түшкөн пайда аны актоо үчүн эч качан бир салмактуу далил боло албайт. Ошондуктан убакытка карап тыюу салуулар, санариптик маркалоо жана профилактикалык ураандар ичкилик көйгөйүн чечпейт. Алар болгону кызыкчылыктардын тереңирээк кагылышуусун жаап-жашырат. Капитализм принциби сакталып, мамлекет өзү расмий түрдө кылмыштуулуктун жана деградациянын себеби катары тааныган нерседен акча таап жүрө берсе, ичкилик – саясаттын катасы эмес, анын логикалык натыйжасы болуп кала берет.
Бул жагынан алганда, ичкилик көйгөйү сатуу сааттарына же ичүү маданиятына байланыштуу маселе эмес болуп чыгат. Бул баалуулуктар системасынын маселеси. Андыктан, системадагы чечимдердин булагы, адамдардын сак саламатын сактоого жана ар бир зыян нерсени күнөө деп таанууга негизделбестен, тек гана пайда табууга каралган болсо, “ичкилик” деп аталган бул балээ, дүкөндөрдөгү убакыттык чектөөлөргө карабастан, кайра-кайра кайталана берет.
Абду Шүкүр




