Айдоочулардан көчөдө сынак алуу сунушталды

Айдоочулардан көчөдө сынак алуу сунушталды
Жогорку Кеңеште эреже бузган айдоочуларды токтотуп, сынак алууну киргизген мыйзам долбоору каралды. ИИМдин жетекчи орун басары айдоочулар тест түрүндө сураларын билдирди.
Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, мындай мыйзам кабыл алынса МАИ кызматкерлеринин арасында коррупция күчөйт.
Талкуунун жүрүшүндө аталган мыйзам долбооруна депутаттардын көбү каршы пикирин билдирип, комитетке кайра кайтарылды.
Кыргызстан бюджети профицит менен чыгып жатканы менен мактанган бийлик кайрадан бюджетти элдин чөнтөгүнөн толтура турган чараларды издеп жатат. Маселен, Бишкек мэриясы борбордогу унаа токтотуу үчүн акыны саатына 30 сомдон баштап кызыл зонада 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Ал эми төлөмдөн качкандарга 1000-5000 сомго чейин айып салынары айтылууда.
Мындай чаралардын баары калктын чөнтөгүнө кол салуу болуп, коррупциялык тобокелдиктери да жогору. Андыктан, бийлик бутактары мындай калктын кызыкчылыгына каршы келген демилгелерди артка кайтаруусу керек.




