Сакофат
Trending

Айни Жалут казаты

Рамазан жеңиштеринен: Айни Жалут казаты

Хижрий 658-жылкы Рамазандагы жеңишти эске сала кетпесек болбойт. Анткени, ошондо Ислам тарыхында бир чоң бурулуш болгон эле. Бул учур моңголдор көптөгөн мусулман өлкөлөрүн басып алып, эми калган бардык өлкөлөрдү да басып алууга ашыгып келе жатышкан.

Ал кезде Мисир султаны Сайфуддин Кутз эле. Анын жанында Изз ибн Абдуссалам деген аалым болгон. Кинана жери басып алынбаса да, бирок моңголдор баскыны калкка көп кыйынчылыктарды жараткан болчу. Арып-ачкан мискиндер аябай көбөйгөн. Мунун тушунда, монголдорго каршы күрөшүү үчүн үлкөн каражат да зарыл эле. Ошондуктан, султандын айланасындагыларда калкка салык салмай пикири туулду. Бирок фазилаттуу аалым Изз буга жол берген жок. Ал жалпы элге салык салуунун харам экендиги тууралуу фатва чыгарды. Акыбетте, байтулмалда жетишпесе, каражат амирлерден, соодагер жана байлардан алына турган болду. Муну Изз ибн Абдуссалам эл алдында ишке ашырды: “Эй Сайфуддин, салыкты өзүңдөн башта, байлыгыңды ортого ташта”, – деди. Султан бар байлыгын ортого таштады. Андан кийин башка амирлер, андан кийин башка байлар… акыбетте Мисирде бир да бай адам калбады. Андан кийин бардык адамдар ыхтыярдуу түрдө күндөлүк зарылдыктарынан сырткаркы бардык буюмдарын ортого ташташты. Аялдар сөйкө-билерик сыяктуу тагынчактарынан эч нерсе калтырбай тапшырышты. Байтулмалга топтолгон каражат жалпы элдин негизги мухтаждыктарын кандырууга, согушка кире турган күчтүү кошуунду каржылоого жетти.

Рамазандын 25-күнү таңда монгол аскерлери Айни Жалутка кирип келди. Аларды Кетбуга баштап барды. Ислам аскерлери айыгышкан согуш майданына түштү, бир бөлүк кызыл жана ак менен, дагы бир бөлүк сары менен, дагы башкасы кара… ушул сыяктуу түстөр менен боёлгон эле… Аларда мусулман армиясынын улуулугу, Аллахтын нусратына же шейиттигине жетүү максаддары көрүнүп турган. Фазилаттуу айдын акыркы он күндүгүндө такбирлер жаңырды, «анфал» аяттары тилават кылынды…

Бир учурда монголдор ар тараптан каптап келди, мусулмандар оор абалда калышты, шейиттер кулап, муну көргөн кишиге согуш монголдордун пайдасына ооп жаткандай көрүндү. Бул көрүнүштү командачы Музаффар Кутз дөңсөөдөн күзөтүп турду. Аскерлери кыйын абалда, оор сыноодо калганын көрдү. Ошондо Кутз башынан туулгасын чечип ыргытты да, тулпарына ыргып минип, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган машхур ушул ураанын кыйкырды: «Я Аслама! Я Аслама” (т.а. Ислам үчүн, Ислам үчүн)… Ушул ураанды жаңырта кайталап, кан майданга атылып кирди. Анан Ислам кошууну өз командачысы да алар сымал согушуп жатканын, алар сымал жан сайганын көрүп, аларга бул дүйнө арзыбас көрүндү, намазга сап тарткандай, өлүмгө сап тартышты… Мына ошондон кийин кайра монголдор мусулмандардын бут астыларына кулап баштады… Жана Аллах мусулмандарды Өз нусраты менен сыйлады.

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button