Айт аянтка кайтууда

Айт аянтка кайтууда
Сүйүнчү
Маалымат каражаттары муфтиятка таянып маалымдашынча, быйыл мамлекет тарабынан Айт болуп белгиленген 20-мартта, намаз Турдакун Усубалиев атындагы “эски аянтта” окула турган болду. Белгилүү болгондой, көп жылдардан бери коопсуздук жүйөсү менен Айт намаздары мечиттерге чектелип келе жаткан эле. Негизи, пандемияга чейинки жылдары элдин каалоосуна ылайык, Айт намазы борбордук Ала-Тоо аянтында окулуп келген.
Мындан бир нече күн мурун муфтият тарабынан Айттын аянтта окулбашы тууралуу билдирүү таратылганда, бул билдирүү коомчулукта кызуу талкууланып, натыйжада нааразылыктарды жараткан эле. Соцтармактардагы айрым талкууларда – Аллах арам кылган жаңы жыл жана нооруз сыяктуу майрамдар үчүн – мамлекет тарабынан үлкөн шарттар жаратылып, аянттар арам иштерге кең ачып берилип жатканы о.э. мында мусулман өлкөнүн мусулман жарандарынын акы-укуктары тебеленип жатканы сынга алынган.
Биз бул орунда Рамазан айынын башталышы жана Айттын ката белгиленгендиги, алардагы күнөө жана сооптон куру калуу тууралуу кеп кылмакчы эмеспиз, анткени, алар тууралуу өз орундарында айтып өткөнбүз. Азыркы кебибиз намаздын аянтка кайтуусу жаатында.
Албетте, намаздын аянтка кайтуу чечимине коомчулуктун активдүүлүгү зор таасир этти. Анын ичинде, муфтият да аракеттерди кылган деген жакшы ойдобуз. Жана да, бийликтин мусулман калктын пикири менен эсептешип, алардын каалоосу жана акы-укуктары жаатында ушундай кадамдар ташташын оң баалайбыз.
Урматтуу мусулмандар, бүгүнкү айтыңыздар менен жана эртеңки намаздын аянтка кайтышы менен куттуктайбыз! Аллах Таала баарыбызды Орозо жакшылыктары менен сыйлаган болсун, жана баарыбызды акыйкат жолго жолдосун.
Аллах Тааладан келерки жылкы Рамазандын башталышын жана Айт намазынын белгиленишин катадан ыраак кылышын, натыйжада, анын соопторуна жетиштиришин сурайбыз. О.э. мусулман калкы менен бирге жетекчилерди да акыйкатка жүздөндүрүшүн сурап калабыз. Ушундай мусулмандар биримдигин көрсөткөн көрүнүштөр улам үлкөндүккө карай жүрүшүн, жакшы иш-аракеттер жана алардын ээлерин жамандардын көзүнөн, карөзгөйлөрдүн арамза ниеттеринен саламат кылышын сурап калабыз.
- 03. 2026
Бурана




