Роя гезити

Акча үчүн кыздардын кыйкырыгын баскан цивилизация менен бир аялдын чакырыгы үчүн армияны козгогон цивилизация

Акча үчүн кыздардын кыйкырыгын баскан цивилизация менен бир аялдын чакырыгы үчүн армияны козгогон цивилизация

Эпштейн иши өзүнчө бир ахлакый кылмыш да эмес, саламаттыкка тиешелүү жеке бузукулук да эмес. Тескерисинче, ал капиталисттик системанын табиятын түп негизинен бузук жашоо тартиби экенин ачык ашкерелеген көрүнүш. Ал айрым адамдардын кулашын эмес, баалуулуктарды акыйдадан ажыратууга негизделген, капиталисттик пайданы өлчөө кылган, «эркиндикти» кумарларды кандырууга калкан кылган жана адамды Аллахка кул болуунун ордуна өзүнө өзү мыйзам чыгаруучу кылган бүтүндөй түзүмдүн абалын көрсөтөт.

«Өнүккөн дүйнө» деп аталган жерде балалыктын кол тийгис укугу тебеленгенде, андан соң бул иштер акча жана бийлик борборлоруна жакындаган учурда жабылып калганда, башкаруучу түзүлүштү коргоо үчүн бир гана адамды күнөөкөр кылып көрсөтүү мабда жана мыйзам маселесиндеги кризис болуп саналат. Акыйкатка эмес, пайдага негизделген капиталисттик система өз кызыкчылыгына кызмат кылганда кылмышты жаратып, өзүнүн туруктуулугуна коркунуч туулганда аны коргойт.

Батыш цивилизациясы материалдык пайдага негизделген цивилизация катары адилеттүүлүктүн туруктуу өлчөмүнө ээ эмес. Анткени ал өкүмдарлыкты вахийден ажыратып, аны каалоо-кызыкчылыктарга баш ийген чектелүү адам акылына тапшырган. Ошондуктан ал аялды капиталисттик кызыкчылыкка кызмат кылган деңгээлде гана коргой алат, ал эми баланы бийлик жана акчанын пайдакорлук эсептеринен тышкары турганда гана сактайт. «Аял укуктары» деп аталган нерсе чыныгы инсаний урматты эмес, функционалдык пайдаланууну, «баланын укуктары» деп аталган нерсе ыйыктык эмес, тандап колдонулуучу курал. Ошентип, аял каражатка, бала иш кагазына, адилеттүүлүк пайда-зыян логикасына жараша иштетилип же токтотулган тандалма чарага айланат.

Чуулгандуу окуялар чыкканда, система өзү жоопко тартылбайт, анын ордуна билдирүү кайра түзүлүп, кризис медиа аркылуу башкарылат. Натыйжада капиталисттик система жоопкерчиликтен алыс калат, ал эми бузукулук жеке тарапка гана жүктөлөт. Чынында болсо бул кылмыш бузулган фикрий түзүлүштүн табигый натыйжасы.

Бул цивилизациялык төмөндөөгө карама-каршы, Ислам тамырынан башкача мабдаий түшүнүктү жалаң ахлак деңгээлинде эмес, система жана башкаруу деңгээлинде сунуштайт. Хижрий 223-жылы Аммурия окуясында бир муслима аял «Оо Мутасим!» деп кыйкырганда, ал таасирдүү адам да эмес, басым көрсөтүү каражатына ээ да эмес болчу. Бирок ал кадыр-баркты коргоону шаръий өкүм кылган мамлекеттин көлөкөсүндөгү инсан эле. Халифа бийлик аманат экенин, ал өз карамагындагы адамдар үчүн саясий же пайдапарастык алдында эмес, Аллах алдында жооптуу экенин түшүндү. Комиссиялар түзүлгөн жок, иш медиа аркылуу башкарылган жок. Тескерисинче, мамлекет акыйкат таразасын калыбына келтирүү үчүн өз күчү менен аракет кылды. Анткени Ислам кадыр-баркка ураан катары эмес, шаръий саясий милдет катары мамиле кылат.

Бул айырма жөн гана тарыхый окуя эмес, тескерисинче, таяныч булактын айырмачылыгындагы түз натыйжа. Европа аялдары «ой жүгүрткөнү» үчүн соттолуп турган учурда, муслима аял окуп-үйрөнүп, окутуп, дарылоо менен алектенип, коомдук турмушка катышып турган. Кайруан университети Фатима аль-Фихриянын колу менен негизделген. Ошол жерден жана Андалус менен Сицилиядан илимдер Европага өткөн. Бул жөн гана билимдин өтүшү эмес, адамды пайдалуулугу менен эмес, инсандыгы менен урматтаган, Аллахка кул катары көргөн цивилизациялык түшүнүктүн өтүшү болгон.

Капыр Батыш болсо бардык куралдары жана уюмдары аркылуу дүйнөлүк, системалуу фикрий чабуул жүргүзүп, муслима аялды өзүнүн акыйдавий таянычынан ажыратууга, аны пайдага негизделген система алкагында кайра аныктоого умтулууда. Бул система аялдын баасын анын кадыр-баркы же шарият менен эмес, системага канчалык пайда алып келгени менен өлчөйт. Бул процесс «азаттык», «күчтөндүрүү», «феминизм» деп көрсөтүлдү. Чынында болсо ал адамдын баасын системага пайдалуулугу менен аныктаган пайдакорлук түзүлүшүнө мажбурлап кайра кошуу. Анда аял кадыр-барк жана шаръий өкүмдөр өлчөмүнө эмес, пайда-зыян өлчөмүнө баш ийет.

Бүгүн Батыш цивилизациясы өзүн-өзү ашкерелеген соң, Батыш фикрин жайылткан феминисттерге жана укук коргоо уюмдарына айтам: силердин жалганыңар жана эки жүздүүлүгүңөр ачылды! Батыш коридорлорундагы кыздардын кыйкырыгы, Эпштейн чуулгандуу иштериндеги курман болгон аялдарыңар силерди козгогон жок. Анткени силер кылмышты, акчаны жана бийликти коргогон түзүлүштүн бөлүгүсүңөр жана укуктарды акча төлөгөндөргө сатасыңар. Ал эми ар-намыстуу, кадырлуу муслима аял силердин бузукулугуңарды ачып, кош стандарттуулугуңарды ашкерелейт. Ал чындыкты жүзүңөргө айтып, Ислам аялды товар же ураан кылбай турганын, анын кадыр-баркын мамлекет өз күчү, бийлиги жана акыйкат менен коргой турган шаръий өкүм экенин көрсөтөт.

Бүгүн муслима аял эки анжылыкка жол бербеген тандоонун алдында: же адамды тебелеген, кулап бараткан цивилизациянын куралы болот, же адамзатка баалуулугун кайтарган, өзүнүн кадыр-баркын бекемдеген дүйнөлүк исламий долбоордун аң-сезимдүү бөлүгү болот. Ойлонгула, кайсы цивилизация адамзатка жетекчилик кылууга татыктуу? Кыздардын кыйкырыгын таасир чөйрөлөрүнүн караңгы бурчтарында муунткан, тазалыкты акча менен бийликтин алдында көмгөн цивилизациябы? Же бир аялдын чакырыгы үчүн бийликти кыймылга келтирген, аскерди көтөргөн, бүтүндөй мамлекетти силкинткен цивилизациябы?

Жол ачык, анда бейтараптык жок. Же пайдапарастык, кыйроо жана бузукулук цивилизациясы же вахий, адилеттүүлүк, жетекчилик жана  тазалык цивилизациясы.

﴿قَدْ جَاءَكُمْ مِنَ اللَّهِ نُورٌ وَكِتَابٌ مُبِينٌ﴾

«Силерге Аллахтан нур жана ачык Китеп келди». (Маида: 15).

Роя гезити

Устаза Рола Ибрахим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button