АКШдагы исламий уюмдарга карата күчөп жаткан кысым кампаниясы

Басма сөз баянаты
АКШдагы исламий уюмдарга карата күчөп жаткан кысым кампаниясы
Бул жумада күтүлбөгөн кадам менен Техас штатынын губернатору Грег Эббот Америкалык-ислам мамилелери кеңешин (CAIR) жана «Аль-ихвануль муслимин» жамаатын «чет өлкөлүк террористтик уюмдар» деп жарыялады. Анын бул жарыясы ушул эки уюмга Техаста кандайдыр бир мүлккө ээ болууга тыюу салат жана штатка аларга таандык деп эсептелген түзүмдөргө каршы укуктук чара көрүүгө уруксат берет. Эббот бул чечимин «радикалдуу экстремизмге» каршы туруу катары көрсөткөнү менен, бул аракет Ислам уюмдарына карата уланып келген бутага алуунун кооптуу деңгээлге көтөрүлүшүн билдирет жана сөз эркиндиги, мамлекеттик ыйгарым укуктардын ашыкча колдонулушу жана АКШнын мусулмандарга карата кош стандарты сыяктуу терең кризисти ачыкка чыгарат.
Эбботтун жарыясы федералдык ыйгарым укукка ээ болбогонуна карабастан, ал символдук коркунучту жаратат. Ал Техастын башкы прокуроруна «CAIR» же «Аль-ихвануль муслимин» менен байланыштуу деп айыпталган уюмдарды «таандыктык» (интима’) деген түшүнүктүн негизинде ачык баяндабастан же аткаруу процедураларын так көрсөтпөстөн сотко берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Эбботтун бул кадамы акыркы айлардагы онлайн платформаларга көрсөтүлгөн чабуулдардын, Ислам демилгелерине жүргүзүлгөн штаттагы текшерүүлөрдүн уландысы катары чыкты. Бул текшерүүлөрдүн ичинде Далласка жакын жайгашкан «Эпик Сити» өнүктүрүү долбоору да бар. Эббот аны «Ислам комплекси» деп атап, көп ирет иликтөөгө алган. Бул кадамдар мыйзамдуулук көрүнүшүнүн артына жашынып алып, исламий жамаат менен уюмдарды бутага алуу үлгүсүн ачык көрсөтөт жана ошол эле учурда саясий упай топтоо үчүн исламофобиялык истерияны күчөтөт.
Мурда Мамлекеттик катчы Марко Рубио жана сенатор Тед Круз «Аль-ихвануль муслимин» жамаатын жана Америкалык-ислам мамилелери кеңешин террордук түзүмдөр катары классификациялоо боюнча жүрүп жаткан аракеттер жөнүндө сөз кылышкан. Алар бул процессти улуттук коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануу катары көрсөтүшкөн. Бул сыяктуу билдирүүлөр исламий уюмдар жана жамааттар жөн гана исламий маселелерди коргогону же АКШнын тышкы саясатына каршы чыкканы үчүн душман катары мамиле көрүп жатканын бекемдейт.
Ондогон жылдар бою АКШдагы мусулмандар терроризмге каршы күрөш жана улуттук коопсуздук шылтоосу менен аңдууга, кылмыш жабууга жана коркутууга дуушар болуп келишти. Мурдагы демократ жана республикачыл администрациялардын исламофобиялык риторикасы мусулман жамаатына каршы жек көрүү кылмыштарынын күчөшүнө алып келди. Мындан тышкары, акыркы эки жылдын ичинде бул аракеттер күчөдү, айрыкча Газадагы геноцидди сынга алган мусулмандардын позициясынан жана оппозицияны басуу үчүн катаал чараларды жайылткан сионисттик үгүттүн таасиринен улам ушундай болду. 2025-жылдын август айында биз ислам уюмдарына каршы бул эскалация тууралуу басма сөз баянатын жарыялаганбыз, азыркы окуяларды эске алуу менен төмөнкүлөрдү эскертебиз:
Маселе «Аль-ихвануль муслимин» же Америкалык-ислам мамилелери кеңеши менен гана чектелбейт, бул бардык исламий уюмдарга жана жалпы жамааттарыбызга бир убакта таасир этет. Исламий маселелерди жактаган же исламий башкарууну колдогон уюмдарды саясий себептер менен бутага алуу – Исламга каршы багытталган кеңири жана туруктуу тенденциядан бөлүп карала турган маселе эмес.
Пайгамбарыбыз ﷺ жана сахабалар رضي الله عنهم Мекке шаарында саясий тыюуларга, сүргүнгө, терс үгүттөргө окшош кысымдарды зомбулукка байланыштуу эмес, Исламга даъват кылгандары үчүн гана баштан өткөрүшкөн.
Ислам бизди динибизди коргоого, акыйкатты айтууга жана үммөттүн жүгүн көтөрүү үчүн жамаат болуп уюшууга милдеттендирет. АКШдагы мусулмандар катары биз акыйкатта бекем турушубуз, үндөрүбүздү бириктиришибиз, бири-бирибизди коргошубуз жана бизди унчукпай коюуга же динибизди жашырууга мажбурлоого багытталган коркутууларды четке кагышыбыз керек.
Алла Таала мындай дейт:
﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾
«Момундар эч шек-күмөнсүз ага-инилер». (Хужурат: 14).
﴿وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَيُطِيعُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُولَٰئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ اللَّهُ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾
«Момун эркек жана момун аялдар бир-бирине дос. Алар (бири-бирин) жакшылыкка үндөшөт, жамандыктан токтотушат, намазды толук аткарышат, зекетти (тиешелүүлөргө) беришет. Алла жана Анын пайгамбарына моюн сунушат. Дал ошолорго Алла ырайым кылат. Албетте Алла кудуреттүү, даанышман». (Тообо: 71).
Биз, АКШдагы Хизб ут-Тахрир, бардык Ислам уюмдарын бири-бирине коргоочу болууга үндөйбүз. Маселе бир уюм жөнүндө эмес, Америкадагы мусулмандык инсандыгыбыздын сакталуусунда. Биздин жооп биримдик, айкындык жана бекемдик болушу керек. Бул биздин жамаий күчүбүздүн сыналышы.
Хизб-ут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү
19.11.25




