АКШдагы шайлоо: «Израил» маселеси шайлоочуларга таасирин тийгизүүдө

АКШдагы шайлоо: «Израил» маселеси шайлоочуларга таасирин тийгизүүдө
АКШда “Израилдин” саясаты боюнча талаш-тартыштар күчөп жатат, айрыкча Конгресске шайлоо алдында курч алууда. «Израилди» колдогон топтор өз таасирин күчөтүү үчүн шайлоолорго миллиондогон долларларды сарптоодо. Себеби «Израилдин» Газадагы геноциди жана Иранга каршы соккулары себептүү АКШда «Израилге» колдоо көрсөтүү пикири тарыхый минимумга жетти.
Биринчи олуттуу сыноо Иллинойс штатындагы добуш берүү менен болот. Бул жерде AIPAC менен байланышкан топтор шайлоо кампаниясынын эң ири демөөрчүлөрүнүн катарына кирди. AIPAC жаңы саясий комитеттерди жана «каражаттын булагы ачык эмес» деп аталган ыкмаларды колдонуп, айрым талапкерлерди колдоодо. Тергөө маалыматтарына ылайык, Иллинойстогу шайлоолорго буга чейин эле 13,7 миллион доллар сарпталган.
Комментарий: «Америка-«Израил» коомдук иштер комитети» (AIPAC) деп аталган бул уюм АКШдагы эң таасирдүү лоббисттик топтордун бири болуп эсептелет. Анын негизги максаттары: АКШ менен «Израил» ортосундагы мамилени бекемдөө, АКШнын саясатын «Израилди» колдоого алышына жетиштирүү, Конгресс жана саясатчыларга таасир кылуу. AIPAC түздөн-түз талапкерлерге акча бербейт, бирок ага байланышкан саясий комитеттер аркылуу шайлоолорго чоң каржылык колдоо көрсөтөт. Жөнөкөй айтканда, бул АКШ саясатында «Израилдин» кызыкчылыктарын коргогон жана алдыга сүрөгөн, бул үчүн талапкерлерди «сатып алып», шайлоо багытын буруу үчүн миллиондонгон акчаларды сарптаган уюм.
Бул абал эки нерсени ачыктап жатат. Биринчиси, АКШда «Израилди» колдоо тарыхта болуп көрбөгөн эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткен. Экинчиси, АКШ өзүн дүйнөгө демократиянын үлгүсү катары көрсөткөнүнө карабастан, шайлоолор чоң акчанын колунда турат. Миллиондогон долларлар жарнамага, медиа кампанияларга жана атаандаштарды каралоого жумшалат. Натыйжада, шайлоо идеялардын атаандаштыгы эмес, каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн күрөшүнө айланган. Катардагы талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүк дээрлик жокко эсе, миллиондогон долларга ээ болбогон адамдын үнү медиага, элге жетип барбайт. Ал эми ири каржылык демөөрчүлөрдүн талапкерлери жарнамада, маалыматтык кампанияда жана коомдук пикирге таасир кылууда артыкчылыкка ээ.
Харун Абдулхак




