Кабар

АКШда чиркөөлөр массалык түрдө жабылып, мечиттердин саны өсүүдө

АКШда чиркөөлөр массалык түрдө жабылып, мечиттердин саны өсүүдө

2025-жыл АКШнын диний кырдаалы үчүн бурулуш чекит болду. Аналитиктер 2025-жылы өлкө боюнча 15 миңге чейин чиркөө жабылышы мүмкүндүгүн айтышты. Бул көрсөткүч өлкө тарыхындагы эң жогорку деңгээл болуп эсептелет. Адистер бул бир жолку көрүнүш эмес, алдыдагы он жыл ичинде улануучу узак мөөнөттүү жараян экенин белгилешүүдө.

“Axios” басылмасынын маалыматына ылайык, жабылышы күтүлүп жаткан храмдардын басымдуу бөлүгү протестанттык чиркөөлөргө тиешелүү. Ошол эле учурда, католик чиркөөлөрү да ишин токтотууга аргасыз болууда. Негизги себеп катары диний таандыктыгы жок америкалыктардын санынын кескин өсүшү көрсөтүлүүдө.

Социологиялык изилдөөлөргө ылайык, 18–29 жаштагы америкалыктардын 44 пайызы өзүн эч бир динге таандык деп эсептебейт. Айрыкча Z мууну жана миллениалдар арасында ибадаттарга катышуу жана чиркөө жашоосуна аралашуу кескин азайган.

“Gallup” жүргүзгөн 2021-жылдагы сурамжылоо да бул тенденцияны тастыктайт. Анда бир муундун ичинде эле АКШда чиркөөгө үзгүлтүксүз барган адамдардын үлүшү 70 пайыздан 47 пайызга чейин азайганы аныкталган.

Ошол эле учурда, АКШда мечиттердин саны өсүүдө. Өлкөдө жалпы диний активдүүлүк төмөндөп жатканына карабастан, мечиттердин саны туруктуу өсүүдө. Акыркы 10–15 жыл ичинде бул өсүш айкын байкалат. 2025-жылга карата дагы бир нече жүз жаңы мечит кошулганы айтылууда. 2000–2025-жылдар аралыгында АКШдагы мечиттердин саны 1 200дөн дээрлик 4 000ге чейин жеткен, башкача айтканда 3–4 эсеге өскөн.

Мусулман жамааттарынын өсүшүнө Исламды кабыл алган америкалыктар да салым кошууда. “Pew Research Center” уюмунун маалыматына ылайык, АКШдагы бойго жеткен мусулмандардын 20–25 пайызы Исламды өз тандоосу менен кабыл алган.

Айрым булактар жыл сайын 20–30 миңге жакын америкалык Исламды кабыл алып жатканын айтышат. АКШда диний өзгөрүүлөр боюнча расмий статистика жүргүзүлбөгөндүктөн, так санды аныктоо кыйын. Ошентсе да, изилдөөчүлөр бул көрсөткүчтөр акыркы жылдары салыштырмалуу туруктуу экенин белгилешет.

Адистердин айтымында, бул өзгөрүүлөр диндин АКШ коомунда жоголуп бара жатканын билдирбейт, тескерисинче, диний институттардын терең трансформацияланып жатканын көрсөтөт. Салттуу христиандык чиркөөлөрдүн массалык түрдө жабылышы жаңы диний иденттүүлүктөрдүн пайда болушу жана мусулман жамааттарынын кеңейиши менен катар жүрүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button