Кабар
АКШнын батасы менен Сирия менен “Израил”дин кызматташтыгы бекемделүүдө

АКШнын батасы менен Сирия менен “Израил”дин кызматташтыгы бекемделүүдө
Сирия менен “Израил” Парижде өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чалгындоо маалыматын алмашуу жана аскерий деэскалация маселелеринде туруктуу координациялык механизм түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
«Эки тарап АКШнын көзөмөлү астында чалгындоо маалыматын алмашуу, аскердик деэскалация, дипломатиялык кызматташуу жана коммерциялык мүмкүнчүлүктөр боюнча ыкчам жана туруктуу координацияны камсыз кылууга багытталган биргелешкен механизм түзүү тууралуу макулдашты», – деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, АКШ бул позитивдүү кадамдарды жогору баалайт жана бул макулдашууларды ишке ашырууну колдойт.




