АКШнын «Индия менен Бангладеш ортосундагы мамилелерди шашылыш түрдө кайра жөнгө салууга» болгон каалоосу июль көтөрүлүшүндөгү элдин үмүтүнө каршы кутум

Басма сөз баянаты
АКШнын «Индия менен Бангладеш ортосундагы мамилелерди шашылыш түрдө кайра жөнгө салууга» болгон каалоосу июль көтөрүлүшүндөгү элдин үмүтүнө каршы кутум
Британиянын «Рейтер» маалымат агенттигине берген маегинде АКШ элчиси Кристенсен Трамп администрациясы Бангладеш менен Индиянын ортосунда жакшы мамилелерди көргүсү келерин билдирди. Бул билдирүү аркылуу элчи бул өлкө элинин үмүт-тилектерине каршы келген Америка позициясын ачык көрсөттү. Бангладеште болуп жаткан саясий өзгөрүүлөрдөн улам Индия тынчсыздануусун билдирип жаткан учурда, бул элчи АКШнын колдоосу жана жардамы улануусуна ишендирди. Бирок июль көтөрүлүшүнүн негизги талаптарынын бири Индия үстөмдүгүнөн бошонуу болгон жана анын белгилүү ураандарынын бири: «Делиби же Даккабы? Дакка, Дакка!» болгон.
Бул билдирүү аркылуу АКШ элчиси аймактагы Америка менен Индиянын стратегиялык өнөктөштүгү жана Кытайды ооздуктоо, ошондой эле Халифалыктын орношуна бөгөт коюу аракеттери тууралуу мурда эле белгилүү болгон маселени кайра ырастоодон башка эч нерсе кылган жок. Биз «Хизб ут-Тахрир» партиясы бул маселеден дайыма эскертип келебиз, анткени алар Бангладешти өз стратегиясынын отуну катары пайдаланууга жан үрөп жатышат. Албетте, АКШ элчисинин мындай билдирүүлөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүнө ачык кийлигишүү болуп эсептелет. Убактылуу өкмөт буга карата катуу нааразылык позициясын билдириши керек. Ошол эле учурда өлкөдөгү бардык ыкластуу саясий күчтөр Америка жана анын аймактагы өкүлү болгон Индиянын ыплас максаттарына каршы биригип, эл алдында өз позициясын ачык билдириши керек. Болбосо, алар элден обочолонуп калышат. Ошондой эле алар качып кеткен Хасинанын жолун жолдоодон алыс болушу зарыл.
Эй аң-сезимдүү адамдар! Бул — Индия агрессиясына каршы Америка менен союз түзүүнү сунуш кылгандар үчүн эскертүү. Биз дагы бир жолу баса белгилейбиз: Америка өзүнүн аймактагы өкүлү болгон Индиянын ордун бекемдеп жатат жана аны Индия–Тынч океан аймагындагы төрт тараптуу аскерий альянска киргизген. Ошондуктан Индия агрессиясына каршы Америка менен союз түзүүгө үгүттөгөндөр адамдарды алдап жатышат. Чындыгында, Америкага жакын саясатчылар жана интеллигенция өкүлдөрү элдин Индияга каршы сезимдерин пайдаланып, колонизатор күч болгон Америка Кошмо Штаттарынын жана анын бул аймактагы геосаясий стратегиясынын катышуусун актоого аракет кылышууда.
Бангладеш калкынын саны боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда турат жана анын калкынын көпчүлүгүн жаштар түзөт. Элдин мүмкүнчүлүктөрүн, өлкөнүн стратегиялык жайгашуусун жана табигый ресурстарын туура пайдалануу аркылуу биз экономикалык жана аскерий жактан алдыңкы күчкө айлана алабыз. Бул үчүн зарыл болгон нерсе саясий эрк. Бул максатка жетүү үчүн өлкө эли Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жетекчилиги астында биригиши керек. Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَاناً مُبِيناً﴾
«Эй момундар, момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла! Алла үчүн өзүңөргө каршы ачык далил берүүнү каалайсыңарбы?» (Ниса: 144).
Хизб ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү
11.02.26




