Макала

АКШнын Иранга болгон чабуулу саясий жеңилүүгө айланууда

АКШнын Иранга болгон чабуулу саясий жеңилүүгө айланууда

Согуштун ордуна саясат

АКШнын Иран менен болгон тирешүүсү барган сайын аскерий логиканын чегинен чыгып, Вашингтон үчүн саясий ийгиликсиздикке айланууда. Согуш талаасында ким күчтүүрөк экени дагы деле талаштуу болсо да, саясий кырдаал кыйла башкача өнүгүүдө. Америка Кошмо Штаттарынын жоготуусу, пайдасынан көрө көбүрөөк болууда.

Дональд Трамп бул кампанияны баштап жатканда, бутага тез жана ашкере сокку уруу менен жыйынтыктоого басым жасалган. Тагыраагы, кысым көрсөтүү, туруксуздук, ыктымал режимдин алмашуусу жана андан соң күчтүү позициядан туруп келишим түзүү көздөлгөн. Булардын бири да ишке ашкан жок. Иран кыйроого учураган жок, тескерисинче, жаңжалга өзүнүн оюн эрежесин, башкача айтканда, кыска мөөнөттүү операциянын ордуна – глобалдык кесепеттери бар болгон, созулган тирешүүнү таңуулай алды.

Мунун кесепеттеринин эң негизгиси Ормуз кысыгы. Кысыктын тосулушунун өзү эле ар кандай ракеталык соккуларга караганда алда канча күчтүү сокку болду. Бул кырдаал базар базар баасына заматта таасирин тийгизип, мунайдын баасы өсүп, инвесторлор тынчсызданууга дуушар болуп, дүйнө кезектеги эл аралык кризистин босогосунда турганы тууралуу кептер айтыла баштады. Дал ушул жерде жаңжал аймактык алкактан чыгып, Американын саясатынын эң сезимтал тармагына, ички тынчтык жана туруктуулугуна сокку урду.

Америкалык шайлоочунун оюнда абстракттуу геосаясат тууралуу түшүнүк жок, бирок анын тынчсыздануусун арттырган нерсе бензиндин баасынын тынымсыз өсүп жатышы. Дал ушул нерсе, азыр Ак үйдүн тышкы саясатынын «ийгиликтүүлүгүнүн» көрсөткүчү болуп калууда.

Жеңишсиз чыгым

АКШ дагы деле аскердик артыкчылыгын сактап турганы менен, анын мындай артыкчылыгы ачык каршылыкты эмес алсыратуу жолун тандаган душмандын алдында пайдасыз болуп калды. АКШ үчүн бул согуш көптөгөн тышкы саясий көйгөлөрдүн бири болсо, ал эми Иран үчүн бул өлүм-өмүр маселеси. Мындай шартта, айырмачылык качып кутулгус: тобокелдиги жогору тарап согушта ачык жеңишке жетпесе дагы, саясий жактан дайыма утушка ээ болот.

Бул кырдаал мурда болуп өткөн окуяларды эске салат. Мурда да АКШ Иракка кол салып жатып, тез жыйынтыкка жана аймактын өз көзөмөлү астындагы өзгөрүүсүнө ишенген. Ал эми Ооганстанда, аскерий аралашуу менен кырдаалды көзөмөлдөөнү көздөгөн. Эки учурда тең жыйынтык башкача болуп чыкты: түз жеңилүү болбосо да, бара-бара максат күңүрттөшүп, согуш кампаниясы маанисин жоготту. Азыр  ошол эле кырдаал кайталанып жатат. Болгону окуялар тездик менен өнүгүп, дүйнөлүк экономика алда канча сезимтал мезгилде жүз берүүдө.

Буга кошумча, союздаштарынын фактору да бар. «Израил» кысымдын уланышына кызыкдар жана АКШны чыңалууну күчөтүүгө түртүп жатат. Ал эми Перс булуңундагы өлкөлөр тескерисинче, токтоолукту карманып, чоң согушка аралашууну каалабай жатышат. Бул АКШнын көнүмүшкө айланган коалицияга таянуусун жокко чыгарып, стратегиялык жактан белгисиздигин күчөтүп жатат.

Американын ичиндеги кырдаал да, Ак үйгө каршы багыт алууда. Баалардын өсүшү, бюджетке болгон кысым, башка саясий демилгелердин токтоп калышы – мунун баары тышкы кампания ички саясатка жолтоо болуп жатканын көрсөтүүдө. Ал эми туруксуздугу менен бегилүү болгон саясатчы Трамп үчүн бул эң башкы тобокелдик. Ал баары эле түшүнө бербеген талаштуу тышкы саясатты жүргүзүшү мүмкүн, бирок шайлоочулардын экономикалык нааразычылыгынын алдында ал алсыз калат.

Дал ушул жерде аскердик жана саясий жыйынтыктын ортосундагы айырма байкалат. Тагыраагы, согушта түз жеңилбесең да, маани-маңызы жагынан жеңилүү ачыкка чыгат. Эгерде коюлган максаттар үлкөн болуп, бирок жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдөн башка айла калбаса, бул сөзсүз түрдө артка чегинүү катары кабыл алынат. Мындай баа берүү, өлкө ичинде гана эмес, абалга кылдат көз салып турган эл аралык майданда да байкалат.

Ал эми Иран азыртан эле жарым-жартылай ийгилигин белгилей алат. Анткени, ал өзүнүн башкаруу режимин сактап калды, кысымга туруштук бере алды жана глобалдык экономикага бул согуштун таасирин көрсөтө алды. АКШ болсо бул көйгөйдөн чыгуу жолун издөөгө мажбур болууда. Бул нерселер, Иранга болуп жаткан окуяны, өзүнүн саясий логикасына ылайык, жеңиш катары көрсөтүүсүнө жетиштүү.

Кысым астындагы сүйлөшүүлөр

Бул кырдаалдан улам, Дональд Трамптын Бээжинге боло турган сапары өзгөчө мааниге ээ болууда. Мында, Иран фактору түздөн-түз болбосо да, Вашингтонго каршы иштейт. Бул көрүнүш, тең салмактуулукка болгон көз караштын өзгөрүүсүнөн билинет. Кытай үчүн болуп жаткан окуялар Американын кысымы канчалык даражага жетишинин белгиси. Күчүн көрсөтүүгө багытталган кампания, так жыйынтыгы жок, созулган жана кымбатка турган кризиске айланууда. Бул башка багыттарда, анын ичинде экономикалык жана соода тармактарында АКШнын катаал талаптарынын олуттуулугуна карата ишенимди төмөндөтөт.

Энергетика тармагындагы жагдай бул таасирди ого бетер күчөтүүдө. Кытай мунайдын ири импорттоочусу катары туруксуздуктан бир жагынан зыян тартса, экинчи жагынан андан пайда көрүүдө. Анын негизги ортомчу жана альтернативдүү жеткирүүчү борбор катары ролу өсүүдө. Мындай кырдаалда, Бээжин кошумча артыкчылыктарга ээ болууда. Тагыраагы, ал кырдаалды турукташтырууда эми өзүнүн шарттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.

Трамп үчүн бул айла-амал иштетүү талаасынын тарып жатканын билдирет. Бээжинде ал бир эле учурда, Иран менен бүтпөгөн жаңжал, ички экономикалык тобокелдиктер жана америкалык шайлоочулардын алдында күч көрсөтүү сыяктуу басым астындагы темалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болот. Катуу кысым көрсөтүүгө болгон ар кандай аракет, өзүнө ишенгендик катары эмес, алсыздыктын ордун толтуруу катары бааланат.

Бул жерде анын бедели түшүүүсүнүн мааниси да кем эмес жоготуу. Эл аралык саясатта, күчтөрдүн реалдуу тең салмактуулугу эле эмес, анын кандай кабыл алынышы да чоң мааниге ээ. Эгерде учурдагы кампания созулуп, көйгөйлүү иш катары кабыл алына баштаса, бул сөзсүз түрдө АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү салмагын төмөндөтөт.

Согуштан ыңгайлуу чыгуу жолунун жоктугу

Окуялардын мындан аркы өнүгүшү «жаман» же «өтө жаман» варианттардын  бирин тандоо менен коштолушу качып кутулгус иш. Толук масштабдуу согушка баруу өтө кымбат жана тобокелчиликтүү чечим. Ал эми, тез чегинүү америкалык шайлоочуларга жана өнөктөштөргө түшүндүрүү кыйын болгон жеңилдиктерди талап кылат. Ошондуктан, эң ыктымалдуу сценарий катары, аймактагы абалдын курчуп кетүүсүн алдын алган жана абройду сактап калуучу аракеттер менен коштолгон созулган, чарчатма сүйлөшүү процесси күтүлүүдө.

АКШнын кйинки кадамы, жөн гана жеңиш менен жеңилүүнүн ортосундагы тандоонун алдында эмес, тескерисинче, мүмкүн болушунча чыгымдарды азайттырууга болгон аракетке келип байланыштуу . Бул Шахматтагы Цугцванг (Zugzwang) абалын эске салат. Анда оюнчуга жүрбөй коюу жакшыраак. Бирок кырдаал оюнчуну өзүнүн абалын начарлаткан абалга жүрүш таштоого мажбурлайт. Ал эми саясатта, бул адатта бир гана нерсени билдирет – “оюн пландагыдай кетпей жатат”. Негизги жыйынтык дал ушунда.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button