АКШнын Нахда плотинасындагы колонизатордук ролу

АКШнын Нахда плотинасындагы колонизатордук ролу
Өткөн кылымдын акыркы жылдарынан бери стратегиялык эксперттер жана дүйнөлүк саясаттын дасыккан фигуралары XXI кылым суу согуштарынын кылымы болоорун айтып келишкен. Ошондуктан ири колонизатор мамлекеттер дүйнө жүзүндөгү маанилүү суу ресурстарын көзөмөлгө алуу үчүн план-программаларды даярдашкан. Дал ушул алкакта Америка менен яхудий түзүмү жер жүзүндөгү эң ири суу ресурстарынын бири болгон Нил дарыясынын бассейнин көзөмөлгө алууга аракет кылышты. Бул дарыя Судан жана Мисир аркылуу өтүп, Жер Ортолук деңизине куюлат. Бул иштер Эфиопияда Хайле Селассие бийлик кылып турган мезгилде жүргүзүлгөн.
1956–1964-жылдар аралыгында АКШнын Айыл чарбасын өздөштүрүү бюросу Нахда плотинасынын акыркы жайгашуучу ордун аныктаган. Кийин Эфиопиянын премьер-министри Мелес Зенауи 2011-жылдын 2-апрелинде анын пайдубалын койгон. Эфиопия бул бөгөттү электр энергиясын өндүрүү үчүн курулуп жатат деп билдирип, анын өндүрүш кубаттуулугу 6450 мегаватт болоорун айткан. Курулуш иштери 14 жылга созулуп, 2025-жылдын 9-сентябрында расмий ачылганы жарыяланды. Анын жалпы баасы 4,8 миллиард долларга жеткен.
Мындан мурда, 1988-жылы АКШда «Бассейн аймагында америкалык катышууну кантип күчөтүү стратегиясы» деген аталыштагы изилдөө жарыяланган. Анда: «Ким сууну көзөмөлдөй алса, ошол башка мамлекеттерге өз саясатын таңуулай алат» деп белгиленген.
2025-жылдын 15-июлунда BBC Arabic АКШ президенти Трамптын Нахда бөгөтү тууралуу мындай деген сөзүн келтирген: «Бул бөгөттү Америка каржылаган жана кризиске тез арада чечим болот».
Ошондой эле Sky News Arabia анын дагы мындай дегенин билдирген: «Туруктуу келишимге жетишүү үчүн тийиштүү техникалык тажрыйба, адилет жана ачык сүйлөшүүлөр керек. Ошондой эле тараптардын ортосунда көзөмөл жана координация жүргүзүүдө Американын күчтүү ролу болушу зарыл. Ошондо Нил бассейниндеги бардык мамлекеттер үчүн туруктуу келишимге жетүүгө болот».
Көп өтпөй эле Сиси жана Бурхан Нил суулары боюнча бул ортомчулук демилгесин кубатташты. Ал эми Нахда бөгөтү маселесиндеги яхудий түзүмүнүн ролу тууралуу Либерман 2009-жылы жасаган сапарында ачык билдирген. Ал сапардын алкагында Нил бассейниндеги тогуз мамлекетке барып, өзүнө 100 суу адисин кошо ээрчитип жүргөн. Ошол сапарда ал бул мамлекеттер менен бир катар бөгөттөр жана суу долбоорлору тууралуу жарыялаган. Албетте, анын Эфиопияга болгон сапары да Нахда бөгөтүнө байланыштуу болгон.
Америка Нахда бөгөтү менен эле чектелген жок. Ал Нилдин Көк бутагында дагы төрт плотина куруу боюнча изилдөөлөрдү сунуштаган. Алар: Карадуби, Мендае, Мабил жана Макатч бөгөттөрү болуп, алардын жалпы суу сактоо көлөмү 200 миллиард куб метр деп белгиленген. Эфиопия бул плотиналарды курууну баштап койгон.
Нахда бөгөтү тууралуу фактылар
1) Бул бөгөт Судандын чыгыш чек араларынан 9–20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын суу сактоо көлөмү 74–76 миллиард куб метр. Ал убактысы белгиленбеген суу бомбасы сыяктуу. Эгерде бул бөгөт жарылып кетсе, дарыянын эки тарабында 20 км аралыктагы аймакты жууп кетет жана жолундагы башка бөгөттөрдү да талкалап, агын суунун күчүн дагы күчөтөт. Бул болсо Судан менен Мисирдеги дарыянын жээктеринде жашаган 100 миллиондон ашуун адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.
2) Бөгөт электр энергиясын өндүрүү үчүн курулуп жатат деген шылтоо негизсиз. Анткени бөгөттөгү суунун түшүү бийиктиги 6000 фут. Демек, салыштырмалуу аз көлөмдөгү суу менен азыр өндүрүлүп жаткан энергиядан бир нече эсе көп энергия өндүрүүгө мүмкүн. Мисалы, Кытайдагы Янцзы дарыясындагы «Үч капчыгай» бөгөтүнүн суу сактоо көлөмү 39,3 миллиард куб метр болуп, ал 22,5 гигаватт электр энергиясын өндүрөт. Башкача айтканда, Нахда бөгөтүндөгү суунун жарымы менен Кытай азыр өндүрүлүп жаткан энергиядан төрт эсе көп энергия чыгарып алууда.
3) 1964-жылдагы алгачкы изилдөөлөрдө Нахда бөгөтүнүн суу сактоо сыйымдуулугу 11 миллиард куб метр деп көрсөтүлгөн. Анда эмне үчүн бул көрсөткүч кийин 74 же 76 миллиард куб метрге чейин өзгөртүлгөн? Мунун артындагы себеп климаттык өзгөрүүлөр жана глобалдык жылуулук кубулушу, бул болсо сууга болгон муктаждыкты көбөйткөн.
4) 1902-жылы Британиянын ортомчулугу менен Судан, Мисир жана Эфиопия ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Эфиопия Көк Нилде Судан менен Мисирдин жазма макулдугусуз эч кандай иш-аракет жүргүзө албайт эле. Бирок Эфиопия бул бөгөттү куруп салды. Ал эми Мисир менен Судандын агент башкаруучулары бул апааттуу бөгөттү 2015-жылы “принциптер келишими” деп аталган документке кол коюу менен мыйзамдаштырып беришти. Бул келишим Эфиопияга Көк Нилдин сууларын каалагандай пайдалануу укугун берет.
5) Эфиопия Судан менен Мисирге бөгөттү башкарууга кийлигишүү укугун берүүдөн баш тартты. Бул эки өлкөгө же суу ташкыны аркылуу, же кургакчылык аркылуу чоң коркунуч жаратат. Мисалы, 2025-жылдын октябрында Эфиопия күз мезгили бүткөндөн кийин бөгөттүн дарбазаларын ачкан. Бул учурда Нил дарыясында суу буга чейин эле көп болуп турган. Натыйжада суунун агымы кескин көбөйүп, Судандын көптөгөн аймактарын, ал тургай Мисирдин Жогорку бөлүгүн да каптаган ири суу ташкындары болду.
Ал эми башка учурда Эфиопия дарбазаларды жаап, бөгөттү толтуруу үчүн сууну кармап калганда, Көк Нилдеги суу кескин азайып, дарыя бөлөк-бөлөк көлмөлөргө айланып калды. Натыйжада суу насостору ичүүчү сууну көтөрө албай, Суданда миллиондогон адамдар суусуздукка дуушар болушту.
6) Мындай чоң көлөмдөгү суу сактоо сыйымдуулугу бар бөгөттү Улуу Африка жарака өрөөнү аймагында куруу да чоң коркунуч туудурат. Бул аймакта жер титирөө активдүүлүгү бар болгондуктан, бөгөт аймактагы сейсмикалык коркунучту күчөтүп, анын кулап кетүү коркунучун да көбөйтөт.
Геология адистеринин жана эл аралык сейсмологиялык борборлордун маалыматтарына ылайык, бөгөт курулганга чейин Эфиопияда жылына орточо 5–6 жер титирөө катталчу. Бирок бөгөт курулуп, суу толтуруу башталгандан кийин бул көрсөткүч кескин өскөн:
- 2023-жылы болжол менен 38 жер титирөө,
- 2024-жылы болжол менен 90 жер титирөө,
- 2025-жылы 250дөн ашуун жер титирөө катталган.
Алардын ичинде 2025-жылдын октябрында катталган бир катар күчтүү силкинүүлөр бар. Дал ошол мезгилде Эфиопия бөгөт толтурулуп бүткөнүн жарыялаган. Бул суунун жер кыртышына болгон басымын азайтуу үчүн дарбазаларды ачууга мажбур кылган. Жана бул жогоруда айтылган суу ташкындарына себеп болгон. 2026-жылдын башында да сейсмикалык активдүүлүк жогору бойдон калып, Рихтер шкаласы боюнча 5,5 баллга жеткен бир нече силкинүүлөр катталды. Бул болсо адамдардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жараткан абал.
Жыйынтык:
Булардын баарынан көрүнүп тургандай, Америка менен яхудий түзүмү бул кризистин ортомчусу эмес, анын жаратуучулары болуп саналат. Нахда бөгөтү жана Нил бассейнинде курулуп жаткан башка бөгөттөр аркылуу алар үммөттү көзөмөлдөй алышы, саткын башкаруучулардын жана колонизаторлордун долбоорлорун мактап, колдоп чыккан медиа өкүлдөрүнүн, саясатчылардын жана «адистердин» жардамы менен гана мүмкүн болду.
Ислам болсо суу булактарын умумий мүлк деп белгилеген. Анткени Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالنَّارِ وَالْكَلَإِ»
«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, отто жана жайытта».
Башка риваятта Анас رضي الله عنهдан:
«وَثَمَنُهَا حَرَامٌ»
«Анын баасын алуу арам» — деп айтылган.
Шариатка ылайык, сууну пайдаланууда ичүүчү суу биринчи орунда турат. Ошондуктан Судан менен Мисир элинин ичүүчү суу булагын көзөмөлгө алуу тыюу салынган иш. О.э. адамдарды ичүүчү суудан жана сугаттан ажыраткан ар кандай бөгөт жок кылынышы керек.
Эми Нахда бөгөтү Судан менен Мисир элдеринин жашоо тамырына каршы багытталган бөгөт экени айкын болгондон кийин, ага карата өмүр же өлүм маселеси катары чара көрүлүшү керек. Бул эки эл үчүн тагдыр чечүүчү маселе болуп эсептелет. Ушундай себептен улам мурда Осмон Халифалыгы Нил дарыясынын башатын изилдөө максатында аскердик экспедицияларды жөнөткөн. Алар Руандадагы Ньяса көлүнө чейин жетишкен, ал бүгүнкү Угандадагы Масинди шаарынан болжол менен 50 миль алыстыкта жайгашкан. Мунун баары үммөттүн суу жана азык булактарын коргоо үчүн жасалган. Мына ушундай саясатты, Аллахтын уруксаты менен жакында кайра кайтып келе турган Халифалык мамлекети да жүргүзөт.
Устаз Насир Рида




