АКШнын эл аралык уюмдардан чыгышы – эл аралык система кыйрап баштаганын билдирет

АКШнын эл аралык уюмдардан чыгышы – эл аралык система кыйрап баштаганын билдирет
Жаңылык:
Президент Трамп АКШнын 66 эл аралык уюмдан чыгышын караган президенттик меморандумга кол койду. Бул чечим аталган уюмдар мындан ары америкалык кызыкчылыктарга кызмат кылбай калды деген жүйө менен кабыл алынды. Бул чечим БУУга тиешеси жок 35 уюмду жана ага караштуу 31 уюмду камтыйт. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул меморандумга комментарий берип: «Президент Трамп бүгүн Америкага кастык кылган, пайдасыз же ресурстарды текке кетирген 66 эл аралык уюмдан АКШнын чыгышын жарыялады. Ошол эле учурда башка эл аралык уюмдар боюнча да карап чыгуу уланууда», — деди.
Америка чыгып кеткен эл аралык уюмдардын катарына климат, энергия жана айлана-чөйрө маселелери менен алектенген уюмдардан тартып, аялдар жана калк маселелери боюнча уюмдар (мисалы, БУУнун Аялдар боюнча уюму жана БУУнун Калк фонду), эл аралык өнүгүү укугу уюму сыяктуу укуктук уюмдар, ошондой эле Эл аралык пахта боюнча консультативдик комитет өңдүү айыл чарбага байланышкан уюмдар жана башка көптөгөн ар түрдүү эл аралык уюмдар кирет.
CNN Ак үйдөгү булактарга таянып билдиргендей, бул чечим америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын жана алардын глобалдашуу күн тартибин Америка приоритеттеринен жогору койгон түзүмдөргө катышуусун токтотууга алып келет. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын башка жолдор менен багыттоо артык экени белгиленет. Бул кадам аркылуу Трамп америкалыктарга берген негизги убадасын ишке ашырууда, тактап айтканда, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы иш алып барган глобалдык бюрократтарды колдоону токтотмокчу. Трамптын администрациясы мындан ары «Америка жана америкалыктар ар дайым биринчи орунда» деген ураанды карманат.
Комментарий:
АКШнын ондогон эл аралык уюмдардан күтүүсүз жана жапырт түрдө чыгып кетиши иш жүзүндө учурдагы эл аралык институтту амалий жактан бузуп-жаруунун башталышын билдирет. Бул жаңы негиздерге таянган эл аралык уюмдарды түзүүгө реалдуу даярдык катары бааланат.
Мисалы, Трамп чыгып кеткен уюмдардын арасында европалык өнөктөшкө байланышкан уюмдар да бар. Аларга: гибриддик коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Европалык борбор, Европанын улуттук автомагистралдык изилдөө лабораторияларынын форуму, Атлантикалык кызматташтык үчүн өнөктөштүк, Европа Кеңешине караштуу Венеция комиссиясы жана башкалар кирет. Мунун баары АКШ менен европалыктардын ортосундагы ачык ажырымды көрсөтөт.
Ошондой эле АКШ глобалдашууга, дүйнөлүк кызматташтыкка жана эл аралык мамилелерге тиешелүү болгон бардык түзүмдөрдөн чыккан. Алардын катарына Эл аралык соода уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы, Интернеттеги эркиндик коалицияларынын уюмдары, Глобалдык жамааттык катышуу жана туруктуулук фонду, Терроризмге каршы күрөш боюнча дүйнөлүк форум, Киберэкспертиза боюнча дүйнөлүк форум, Миграция жана өнүгүү боюнча дүйнөлүк форум, Америка өлкөлөрүнүн глобалдык өзгөрүүлөр боюнча изилдөө институту, Тоо-кен иши, минералдар, металлдар жана туруктуу өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык форум, Биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистемалык кызматтар боюнча илим жана саясат боюнча өкмөттөр аралык платформа, ошондой эле Маданий мурастарды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча эл аралык борбор кирет.
Мунун натыйжасында АКШ эл аралык система менен болгон бардык кызматташтык байланыштарын үзүп, анын ордуна эл аралык мамилелерде бир тараптуу же эки тараптуу форматка басым жасады. Бул кадам мамлекеттер менен коомдор ортосундагы глобалдык жакындашууга алып келген бардык аракеттерди тоготпоо катары көрүнөт.
Ошондой эле АКШ Латын Америкасына, Африкага жана Азияга тиешелүү эл аралык уюмдардан да чыгып кетти. Алардын катарына Африка боюнча экономикалык комиссия, Латын Америкасы жана Кариб деңизи аймагы боюнча экономикалык комиссия, Азия жана Тынч океан аймагы боюнча экономикалык жана социалдык комиссия, Батыш Азия боюнча экономикалык жана социалдык комиссия кирет. Бул уюмдардан чыгуу Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнө тиешелүү, анткени АКШ бул мамлекеттер менен эл аралык эмес, эки тараптуу мамилелерди гана каалайт.
Ал тургай Батыш цивилизациясына таандык, универсалдуу болууга тийиш деп эсептелген жалпы түшүнүктөрдү да АКШ эсептен чыгарып салды. Ал Эл аралык демократия жана шайлоого көмөк көрсөтүү институтунан, Эл аралык адилеттүүлүк институтунан, БУУнун Демократия фондунан, БУУнун Цивилизациялар альянсынан, Укук үстөмдүгү уюмдарынан жана Эл аралык укук комиссиясынан чыгып кетти.
Муну менен БУУ уюмдары, алардын мыйзамдары, байланыштары жана аларды сактоо АКШ үчүн маанилүү болбой калды, демек дүйнөнүн башка мамлекеттери үчүн да милдеттүү эмес болуп калды. АКШ аларга карата милдеттүүлүк мүнөзүн алып салып, алардын кадыр-баркын түшүрдү, суверенитетине доо кетирди жана таяныч ролун талкалады.
Мындан ары дүйнө мамлекеттери өздөрүнө жаңы таянычтарды, жаңы салттарды жана жаңы уюмдарды издей алышат. Себеби дүйнөдөгү биринчи держава катары учурдагы эл аралык түзүлүштү коргошу керек болгон АКШ бул кадамы менен дүйнөгө, мамлекеттерге жана коомдорго жаңы альтернативаларды жана жаңы цивилизациялык, укуктук таянычтарды издөөгө жол ачты.
Бүгүн дүйнө мамлекеттери жана элдери үчүн бул боштукту толтура ала турган жалгыз альтернатива – Ислам. Анткени ал натыйжалуу чечимдерди сунуштай алат жана жер жүзүндөгү бардык элдер үчүн кабыл алына турган хазарий жана укуктук таяныч боло алат.
Ахмад ал-Хатвани




