Кабар

АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктады

АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктады

11-апрелде Пакистандын ортомчулугу астында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталган. АКШ делегациясынын курамына вице-президент Жей Ди Вэнс, Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер кирди. Ал эми, Иран тараптан Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Арагчи катышты. 21 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Иран макулдашууга жетише алган жок. Бул абал эки жумага түзүлгөн ок атышууну токтотуу режиминин келечегин бүдөмүк бойдон калтырууда.

Тарыхый сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин АКШнын делегациясын жетектеген Жей Ди Вэнс сүйлөшүүлөрдү «мазмундуу» деп атады, бирок Иран «биздин шарттарды кабыл алуудан баш тартты» деп билдирди. Анын айтымында, бул «АКШга караганда Иран үчүн жаман жаңылык». Анын билдирүүсүндө АКШ, Иран жана «Израиль» ортосунда макулдашылган 14 күндүк ок атышууну токтотуу мөөнөтүнөн кийин эмне болору айтылган жок. Бирок Пакистан ортомчулары тараптарды тынчтык режимин сактоого чакырышты.

Иран делегациясы Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф менен жолугушууда «кызыл сызыктарды» ачыктаганын билдирди. Алардын ичинде Америка-«Израил» чабуулдарынын акыбетинде келтирилген зыян үчүн компенсация төлөө жана Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу талаптары бар.

«Axios» порталы билдиришинче, Ирандын Ормуз кысыгын көзөмөлдөөсү жана байытылган уран запастарын берүүдөн баш тартуусу сүйлөшүүлөрдө талаш жараткан маселе болгон. Ирандын «Tasnim» агенттиги да пикир келишпестиктер Ормуз кысыгы жана Ирандын ядролук программасына байланыштуу экенин маалымдады.

Өз кезегинде Иран ТИМинин өкүлү Эсмаил Багаи делегациялар эки-үч негизги маселе боюнча чечим таба албаганын айтты. «Башынан эле бир жолку сүйлөшүүдө макулдашууга жетишүү мүмкүн эмес экенин түшүнгөнбүз», – деди ал. Багаи Тегеран Пакистан жана башка достук мамиледеги өлкөлөр менен байланыштарды улантарын белгиледи.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button