Макала
Trending

АКШ–Иран чыңалуусу келишим менен аяктайбы же аймактагы абалды өзгөрткөн согушка алып келеби?

АКШ–Иран чыңалуусу келишим менен аяктайбы же аймактагы абалды өзгөрткөн согушка алып келеби?

2025-жылдын ортосунан бери Америка Кошмо Штаттарынын аскердик кыймылдары Перс булуңу аймагында топтолду. АКШ F-22 стелс учактары, F-35, эрте эскертүүчү учактар, электрондошкон согуш учактары сыяктуу ар түрдүү согуштук учактарды кургактыктагы базаларга топтолду. Алар, булуңга жакын сууларга жана учак ташуучу кемелерге, аларды коштогон эсминецтерге, крейсерлерге, суу астындагы кайыктарга жана башка кемелерге толгон Инди океанынын батыш бөлүгүнө да топтолуп жатат. Бул топтолуунун ыргагы өткөн январь айынан бери акылга сыйбагандай күчөдү. Бул болсо аймактагы чыңалууну күчөтүп, АКШ Иранды өзүнүн өзөктүк программасы жана аскердик куралдануусу боюнча шарттарына баш ийүүгө мажбурлоо үчүн жасаган коркутуулары менен коштолууда. Иран болсо бул коркутууларга туруктуу жана өжөр көрүнгөн баш тартуу менен жана чыңалууну дагы күчөткөн каршы коркутуулар менен жооп берүүдө. Бул жагдай натыйжалары жана кесепеттери оор болгон чоң жана кооптуу согуштун чыгышынан кабар берүүдө. Байкоочулар болсо ар түрдүү абалда: айрымдары согушка үндөп, айрымдары кооптонуп, айрымдары аңдып күтүп, дагы бирөөлөр «согуш чыгабы же келишимге жетишеби?» деп суроо коюуда.

Бул топтолуу, коркутуулар жана аймактагы карама-каршы саясаттар кандай жыйынтыкка алып келери боюнча байкоочулардын пикирлери ар башка. Алардын айрымдары мунун баары сүйлөшүүлөр жана келишим менен аяктайт деп эсептешет, анткени чоң согуштар өтө кымбатка турат жана бардык тарап үчүн оор зыян алып келет. Ошондуктан тараптардын эч бири аны каалабайт жана канча убакытка созулбасын сүйлөшүүнү артык көрүшөт. Бул пикир салмактуу, бирок ал жөн гана логикалык божомол. Башкалары болсо жыйынтыгында аскердик кагылышуу сөзсүз болот деп эсептешет, анткени талаш стратегиялык жана жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктар тууралуу болуп, тараптар аны тагдыр чечүүчү маселе катары көрүшөт. Бул пикир да салмактуу, бирок ал да жөн гана логикалык божомол. Ошондуктан бул эки көз караштын бирин да реалдуу далилдерсиз артыкчылыктуу деп айтууга болбойт. Себеби топтолгон күчтөр, коркутуулар жана каршы коркутуулар маселени чечпейт, ошондой эле АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү же кээде айтылган оптимисттик билдирүүлөр да аны чечпейт.

Окуялардын өнүгүүсү т.а. америкалык топтолууга ирандык даярдыктардын каршы турушу, мөөнөтү кайра-кайра аяктаган америкалык коркутууларга ирандык каршы коркутуулар коштолушу, эки тараптын тең өз туруктуу позицияларында катып калышы, ошол эле учурда согуштун көлөкөсүн алыстатышы мүмкүн болгон жыйынтыкка жетүү үмүтү менен сүйлөшүүлөрдүн уланышы экөөнүн тең согуштан чочулаганын көрсөтүп турат.

Эгер Иран согуштун тутануусун каалабаса, бул анын Америка менен болгон күчтөрдүн айырмасына жана согуштун алып келиши мүмкүн болгон чоң кыйроолорго байланыштуу. Андай согуш Иранда ири кыйратууларга, режимдин алмашуусуна жана аны Ирак, Сирия, Ливия, Судан сыяктуу алсыз жана ийгиликсиз мамлекетке айландырууга алып келиши мүмкүн. Мындай ыктымал бар жана аны көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындай жагдай суроо туудурат: анда эмне үчүн Иран мындай өжөрлүк көрсөтүп, Америка менен ачык согушка кирүүгө, анын аймактагы күчтөрүн жана кызыкчылыктарына сокку уруу менен коркутууда? Эмне үчүн ал Американын талаптарына моюн сунуп, өзүн ушундай тагдырдан сактап калбайт?

Мунун жообу, мындай тагдыр жөн гана логикалык ыктымалдык. Эгер ал мүмкүн болсо, анын тескериси да мүмкүн. Иран америкалык соккуларды сиңирип кетүүгө жөндөмдүү болушу ыктымал, айрыкча анын аймакта жайылган таасири жана таянган күчтөрү бар экенин эске алганда. Бирок мындагы эң маанилүү жооп — Американын талаптары Иран үчүн жана анын аймактагы таасири үчүн согуштун жыйынтыктарынан да кооптуураак. Америка сүйлөшүүлөр аркылуу эмнени кааласа, согуш аркылуу да ошону каалайт. Бул болсо Иран үчүн өзүн-өзү жок кылууга тете багынып берүү. Американын саясаты аймакты ачык жана уялбастан өзүнө баш ийдирүү, андан «саясий исламды» түп-тамырынан жулуп салуу жана яхудий түзүмүн аймакка, анын ичинде Иранга жана Перс булуңуна «полиция» катары орнотуу. Бул түзүм Ливан менен Сирияда кылып жаткандай ал жерде каалагандай аракет кылып, сокку уруп, кыйратып, өлтүрүп, эч кимге эсеп бербей иш жүргүзүшү үчүн кылынып жатат. Бул болсо Ирандын күчүн жок кылууну жана аны алсыз, көз каранды мамлекеттер катарына кошууну талап кылат. Ошондуктан Иран ушундай өжөрлүк менен каршы турууда, анткени ал бул согуштун эң оор жыйынтыктары да Американын талаптарына баш ийүүдөн жеңилирээк деп эсептейт.

Бул сөз Иран тууралуу. Ал эми дүйнөдөгү биринчи держава, аскердик жактан эң күчтүү жана глобалдык системанын ээси болгон Америка жөнүндө эмне айтууга болот? Кантип ал мындай өжөрлүккө, чакырык жана провокация деңгээлине жеткен каршылыкка чыдай алат? Кантип ал ондогон жылдар бою өз орбитасында айланып, анын канаты алдында кеңейип, Ливан, Сирия, Ирак, Йемен жана башка жерлерде анын кызыкчылыктарын сактап келген мамлекеттен мындай мамилени кабыл алат? Андан да өтүп, аймактагы эң маанилүү кызыкчылыктарына б.а. Перс булуңундагы позицияларына же яхудий түзүмүнө сокку урууну коркутуусун кантип көз жаздымда калтыра алат?!

Американын эл аралык аброю, анын күчү жана эл аралык мыйзамдарды бузуудагы мурунку тажрыйбалары, ошондой эле өзүнүн сокку уруучу куралы катары яхудий түзүмүнө таянышы — бул абалды жана күчтөрдүн айырмасын кайра карап чыгууга, ошондой эле Американын дүйнөдө өз саясатын таңуулоо жөндөмү артка кетип жатабы деген суроону коюуга түрткү берет. Анткени Иран тараптан мындай чакырыкты Америка өзү да Иранга кол салуунун кесепеттеринен коркпосо кабыл алмак эмес. Айрыкча 2025-жылдын июнь айында 12 күндүк согуштагы тажрыйбасын эске алганда. Башкача айтканда, эгер Америка Ирандын жооп соккусунан коркпогондо, аны урганга жана өз стратегиясын ишке ашырууга тоскоол болгон бардык тоскоолдуктарды жок кылуудан кечикмек эмес. Бул — аскердик жана геосаясий реалдуулуктун фактылары менен тастыкталган жагдай. Иран ракеталары яхудий түзүмүндө да, Америкада да коркунуч жаратат, мейли сыноодон өткөн жана күчү даңазаланган гиперүндүү ракеталар болсун, же болбосо азырынча катуу үгүттөлүп жаткан, бирок толук текшериле элек түрлөрү болсун.

Эгер америкалык жооптуу адамдар айткандай, бул согуштун өзү үчүн да кооптуу жыйынтыктарын карап чыксак, мисалы Иран үчүн болгон коркунучтар сыяктуу, анда Ирандын Ирактагы, Йемендеги жана Ливандагы таянган күчтөрү аймактагы өрттү, айрыкча яхудий түзүмүнө каршы кеңейтүүгө жөндөмдүү ракеталык кубатка ээ болушу ыктымал. Мындан тышкары Перс булуңундагы жана аны курчаган өлкөлөрдөгү америкалык аскер базаларына сокку урулушу, ошондой эле Ормуз жана Баб аль-Мандеб кысыктары аркылуу экономикалык кызыкчылыктарга, соода жана эл аралык кеме каттамдарына зыян келтирилиши мүмкүн. Андан тышкары, АКШ деңиз күчтөрүнүн айрым же бардык бөлүгүн чөктүрүү коркунучу да бар. Бул ыктымалдыктар канчалык алсыз көрүнбөсүн, алар бар. Ирандын колунда кандай аскердик мүмкүнчүлүктөр бар экенин так билинбеши — Американын бул согуштун тутанышынан болгон коркунучун ого бетер күчөтөт.

Мындан ары кыскача улантсак, Россия жана Кытай сыяктуу мамлекеттер Американы Перс булуңунун кумдарына жана сууларына батырганга кызыкдар. Америка Иранды коркутуп жаткан бул чабуул аны аймакта узакка созулган согушка тартып, алсыратып, жок кылышы ыктымал. Бул алсыратып жок кылуу Украинада Россияны алсыратууга караганда кооптуураак болушу мүмкүн. Анткени Россия чек аралаш мамлекет менен согушууда, ал эми Америка үчүн алыс аралык чоң жүккө айланат. Мындан тышкары Россияга куткаруучу жана колдоочу чоң держава табылды, ал Кытай жана аны менен кошо Түндүк Корея болду.

Ал эми Америка тууралуу айтсак, эгер анын айрым кемелери чөктүрүлүп, кээ бир аскер базалары талкаланып, кандайдыр бир колдоого муктаж болуп калса, аны ким колдойт? Анткени ал европалык союздаштары менен болгон мамилелерди жана ишеним жибин өзү үзүп жатат. Эгер мындай жагдай жүзөгө ашса, анда бул — АКШ үчүн экономикалык кесепеттери жана өлкө ичиндеги эки партиянын ортосундагы абал менен кошо анын аймактагы таасиринин алсыздашына, ал жерден акырындап чыгып кетишине, андан соң аймактагы, кийин дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын өзгөрүшүнө белги болмок.

Бул — Американын Иранга карата кайра-кайра натыйжасыз коркутууларын түшүндүрөт. Ошондой эле бул жагдай Иранды Американын талаптарына жана коркутууларына баш ийбөөгө шыктандырат. Бул көрүнүштүн далилдери көп жана топтолгон, анткени бул жаңы нерсе эмес. Ал 2018-жылы Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө Иран менен өзөктүк келишимди жокко чыгаргандан кийинки текебер саясатынан башталган, бирок бул жерде мындан ары далилдерди келтирүүгө орун тар.

Ушул көз карашка таянып, азыркы Америка–Иран чыңалуусу алардын ортосундагы келишим менен аяктайбы же аймактагы абалды өзгөртүп, эл аралык кырдаалды түп-тамырынан оодарган согушка алып келеби деген суроо туулат. Жооп мындай, жогоруда айтылгандай, бул согуштун Америка үчүн кооптуу кесепеттери анын мындай кадамга баруусун өтө кооптуу авантюрага, өзүндө болгон негизги күчтөрдү тобокелге салган оюнга айлантат. Америка «терең мамлекет» тарабынан башкарылган, прагматикалык мамлекет болгондуктан, азыркы шарттагы коркутуулары терең согушка алып барышы акылга сыярлык эмес. Бирок бул аны кыйын абалга салат, анткени мындай абал анын эл аралык аброюна зыян келтирет. Натыйжасыз коркутуулар жана басым көрсөтүүлөр шылдыңга себеп болот.

Демек, азыр Америка менен Иран ортосундагы бул талаш жана чыңалуу кандай гана жагынан каралбасын, Америка үчүн татаал кризис болуп саналат. Ал Украина боюнча да көбөйүп жаткан кыйынчылыктарына кошулат, анда ал ок атышууну токтотуу үчүн өз шарттарын таңуулоого кудуретсиз. Канада менен болгон маселелерине кошулат, Трамптын аны АКШ курамына кошуу аракеттери ишке ашкан жок. Дания жана Европа менен болгон келишпестиктерине кошулат, Гренландия аралын кошуп алуу аракети ишке ашпай, алардын ортосундагы карама-каршылык тереңдеди. Кыйынчылыктардын көбөйүшү жана күчөшү — алсыроонун жана акырындап жоголуунун жолу.

﴿أَوَلَمْ يَسِيرُواْ فِي الأَرْضِ فَيَنظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ كَانُوا مِن قَبْلِهِمْ كَانُوا هُمْ أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً وَآثَاراً فِي الأَرْضِ فَأَخَذَهُمُ اللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ وَمَا كَانَ لَهُم مِّنَ اللَّهِ مِن وَاقٍ

“Акыры алар жер жүзүн кыдырып саякат кылышып, өздөрүнөн мурун өткөн, (өз пайгамбарларын жалганчы дешип ыймансыз кеткен) кимселердин акыбети кандай болгонун (алар тагдырдын кандай жазымышына жолугушканын) көрүшсө болбойбу? Алар (Мекке мушриктеринен) көрө күч-кубат жана Жердеш байыркы замандын эстеликтери жагынан мыктыраак эле. Анан Алла аларды күнөөлөрү себептүү кармады-жок кылды жана алар үчүн Алладан башка эч бир сактоочу болбоду”. (Гафир: 21).

Махмуд Аль-Хади

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button