Макала

Акыйкатчы институту абактагы мыйзамсыз аракеттерди ачыктады

Акыйкатчы институту абактагы мыйзамсыз аракеттерди ачыктады

Акыйкатчы институтунун кыйноолорду алдын алуу борбору Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, учурда абакта 1102 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул жабык жайда ар бир адамга берилген аянт нормасы сакталбаганын билдирет. Аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 адамга гана ылайыкташылган. Ал эми 2026-жылы колониядагы орундар 2000ге чейин көбөйүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес.

Мониторингдин жүрүшүндө институттун кызматкерлери соттолгондор менен жеке маектешүү учурунда бир катар соттолуучу арыз менен кайрылган.

Ал эми, абактагылардын жакындарынын айтымында, жабык жайда кармалып турган туугандары абактагы кызматкерлер тарабынан ур-токмокко алынып, ар кантай кемсинтүү аракеттерине туш болушууда. А түгүл, бир соттолуучу кан кийимдери менен жолугушууга чыкканга мажбур болгон.

Мындан тышкары, мекемеге тиешелүү убактылуу тергөө жайларында токко тарттыруу, уруп-сабоо менен жасалма кылмыштарды моюнга алдыруу байма-бай кайталанып келүүдө. Айрыкча, мындай мыйзамсыз аракеттер мекеменин жетекчилигине Кожошев Чынгыздын келиши менен күчөгөн.

Жогорудагылардан улам, убактылуу бийликтин кумарына баткан айрым аткаминерлерге, алардын аткаруучуларына кайрылабыз! Аллах Таала сыноо үчүн берген кыска өмүрдү зулумдук жашоо менен өткөрүп жиберүүдөн этият болгула! Анткени, мунун акыбети бул дүйнөдө шерменделик, акыретте катуу азап болоору шексиз.

Расулуллах (с.а.в) бул жөнүндө мындай дейт:

«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ.. »

«Тозок калкынын эки түрү бар: ушундай бир коом, аларда уйдун куйруктары сыяктуу камчылар болот, аны менен адамдарды уруп-сабашат…».

Ал эми, кыргыз коому мындай адилетсиз абалга кайдыгер карабашы керек. Бийликти жаман иштерден кайтарып, жакшылыкка чакыруу бул үммөттүн түпкү вазыйпасы.

Пайгамбар (с.а.в) айтты:

«Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын дили менен урат, анан аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button