Комментарий

Алтындын кымбатташы менен арзандашы ортосундагы чындык

Алтындын кымбатташы менен арзандашы ортосундагы чындык

“Investing.com” сайты ушул жылдын 1-февралы, жекшемби таңында алтындын бир унциясынын (31,1 грамм, 24 карат) баасы 5600 доллардан 5300 долларга түшкөнүн башкы тема кылып жарыялады. Андан кийин ошол эле багыттагы темаларды чыгарды. Мисалы: «Алтындын төмөндөшү багыттын өзгөрүшүнүн башталышыбы?», «Кытайлык спекулянттар алтын менен күмүш бааларынын кулашына жол ачты», «Күмүш бааларынын термелүүсүн базарлар жарым кылымдан бери көрө элек», «Алтын боюнча божомолдор аукциону: акылга сыйбаган сандар — жалтыраган көрсөткүчтөр алдап кетпеши үчүн чындыкты бил», «Алтын жана шарттуу өсүш, багыт өзгөрүшүнүн сценарийи», «Бул стратегдин айтымында, эң жаман сценарийде алтын 99,9% кулашы мүмкүн». Булардын баары алтынды колунда кармагандардын бааларды төмөндөтүп, арзандатуу каалоосун чагылдырды.

Ошол эле учурда экономисттер, талдоочулар жана башка кызыккан байкоочулар алтын кагаз акчалардан, айрыкча «капиталисттик экономиканын таянычы» болгон доллардан үстөм чыгып, аны басып өтө алат деген көз карашты карманышууда. Себеби кагаз акча менен алтындын ортосундагы айырма абдан чоң. Демек, мындай карама-каршы маалыматтардын шартында алтын кайсы багытка баратат?

Буга жооп берүү үчүн 2025-жылдын апрель айынан тартып  (анда алтындын бир унциясы 3500 долларга секирген) 2026-жылдын 30-январы, жума күнүнө чейин (ошол күнү анын баасы 5600 доллардан 5300 долларга түшкөн) болгон мезгилде алтын менен эсептешүүнүн жүрүшүнө кыскача көз жүгүртүү керек.

Чындыгында алтындын баасынын кымбатташы доллардын начарлашына жана анын кулашына байланыштуу коркунуч түрткү болду. Анткени доллар менен кошо дүйнөлүк каржы тутуму жана капиталисттик экономикалык тартип да кыйрайт. Бул АКШ администрациясын эки кадамга барууга мажбур кылды: биринчиси — эки күнгө созулуп, өткөн 28-январь, шаршембиде аяктаган АКШнын акча-кредит саясаты боюнча жыйын; экинчиси — алтын баасы түшкөн 2026-жылдын 30-январында президент Трамптын Жером Пауэллдин ордуна Федералдык резерв системасынын башчылыгына Кевин Уоршту дайындоосу.

Ал эми АКШнын акча-кредит саясатын талкуулаган жыйын алтын баасынын үзгүлтүксүз өсүшүн токтотуу жана доллардын кулашын токтотууга болгон ачык аракет катары өткөрүлдү. Ушул жыйындын негизинде Федералдык резерв системасынын төрагалыгына Жером Пауэллдин ордуна жаңы талапкер катары Кевин Уорш дайындалды.

Трамптын Кевин Уоршту дайындоосу аны тобокелчил, «катаал саясатты жактаган» адам катары көргөндүгүнө байланыштуу. Ал Трамптын саясий багыттарына жана пайыздык үстөктү төмөндөтүү каалоосуна ылайык келет. Анда мурунку жетекчи бул пайыздык деңгээлди төмөндөтпөдү беле? Ооба, төмөндөттү: 2025-жылы ал үч жолу кыскартылган. Бирок натыйжасы кандай болду? Алтын баалары өсүшүн уланта берди!

Доллардын жана аны менен кошо дүйнөлүк каржы тутумунун кулашын токтотуу үчүн Федералдык резервдин куралдары чектелүү. Алардын бири жаңы кагаз акчаларды басып чыгаруу, бул инфляцияга алып келет. Экинчиси кыска мөөнөттүү пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү, бул болсо кысылууга, рецессияга, ишкердиктин солгундашына, жумушсуздуктун өсүшүнө, экономикалык өсүү темпинин төмөндөшүнө жана эсепсиз насыялоого алып келет. Бул саясат 2008-жылдагы экономикалык кризис учурунда, 2007-жылы Федералдык резервди жетектеген Бернанкинин доорунда колдонулган. Ал ооруну басаңдаткан дары сыяктуу: таасири бат жоголот, бирок оору ошол бойдон калат.

Кевин Уоршту Федералдык резервдин төрагасы кылып дайындоо ал Трамптын саясий кийлигишүүлөрүнө макул экенин, долларды сактап калуу жана анын кулашын, ошондой эле дүйнөлүк каржы системасынын кыйрашын токтотуу үчүн үмүтсүз экономикалык «түзөтүү» жүргүзүүгө даяр экенин көрсөтөт.

Экономист жана каржы эксперти Жеймс Рикардс мындай деген: «Фискалдык саясат, акча-кредит саясаты, банк иши жана тобокелдиктерди башкаруу тутуму толугу менен акыл жагынан бузук жана алдамчы болгон, жана анын кемчиликтери бүгүнкү күнгө чейин уланууда».

Башка жагынан алганда, алтын баалары үч күндүк төмөндөөдөн кийин кайрадан өсө баштады. Бул алтындын түшүшү чыныгы эмес, болгону бир катар экономикалык факторлордун таасири менен жасалма болгонун билдирет. Демек, долларды бекемдөө убактылуу жана кыска мөөнөттүү гана, андан кийин адамдар базарларда АКШ казынасынын облигацияларына же акционердик компаниялардын акцияларына эмес, кайрадан алтын сатып алууга багыт алышат.

Алтындын бир унциясы 35 доллар турган абалдан 5000 долларга жетиши, жөнөкөй айтканда, доллардын алтынга салыштырмалуу наркы болжол менен 143 эсе төмөндөгөнүн билдирет. Бул болсо аманат сактоочулардын каражаттарынын жеп-жутулушун (эрозиясын) билдирет. Демек, ушунун баарынан кийин доллар кантип кайра калыбына келип, алтын баасы төмөндөйт?! Бул — дээрлик мүмкүн эмес нерсе.

Дүйнө жүзүндөгү борбордук банктар 2008-жылдагы экономикалык кризистен тартып бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн акча массасынын 15–20%ын алтынга алмаштыра башташкан жана анын үлүшүн жалпы акча көлөмүнүн 30%ына чейин көбөйтүшкөн. Ошондой эле инвестициялык фонддор менен инвесторлор да ушундай кадамга барышкан. Натыйжада адамдар АКШ казынасынын облигациялары жана фонддук базарлардагы компания акцияларынын жасалма экономикадан алыстап, реалдуу экономикага кайра кайта баштады. Бул экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана факторлордун физикалык негиздерине таянуу аркылуу жүзөгө ашууда.

Долларды коргоо жана анын кулашын алдын алуу милдети азыр экономисттердин, каржы адистеринин, чалгын кызматтарынын, Пентагондун ж.б. негизги баш оорусуна айланды. Алар акылга сыярлык жана сыйбай турган бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатышат. Дал ушунда кыйроонун түпкү өзөгү жатат: алар жакшылыктын бардык баалуулуктарын жана маанилерин четке кагып, бут алдында тепсеп, дүйнөнү түбөлүк көзөмөлдөп туруу кыялына алмаштырышкан. Ошондуктан алар күтпөгөн жерден Карун сыяктуу кыйрашат, ал өзүнүн топтогон байлыгына жана кооздугуна азгырылып, акыры өзү да, мүлкү да жерге жутулуп кеткен.

Ал эми Халифалык мамлекети каржы-экономикалык мамилелерди кайрадан алтын негизинде жүргүзө баштаганда, бардык пландар менен сценарийлер кайтып келгис болуп жок болот.

Шафик Хамис

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button