Асыл хадис

Амалдар ниетке жараша

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Амалдар ниетке жараша

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ أمِيرِ المُؤْمِنِينَ أبي حَفْصِ” عُمَرَ بْنِ الخَطَاب ” رَضيَ الله عَنْهُ قَال: سَمِعت رسُولَ الله صَلّى اللّه عَلَيْهِ وَسَلَّم يَقُول: “إنَّمَا الأعْمَالُ بَالْنيَاتِ، وَإنَّمَا لِكل امرئ مَا نَوَى، فمَنْ كَانَتْ هِجْرَتهُ إلَى اللّه وَرَسُولِهِ فَهِجْرَتهُ إلَى اللّه وَرَسُولِهِ، وَمَنْ كَانَتْ هِجْرتُهُ لِدُنيا يُصيبُهَا، أو امْرَأة يَنْكِحُهَا فَهِجْرَتُه إلَى مَا هَاجَرَ إليهِ

Момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген: Мен Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салаваттары жана саламдары болсун) мындай деп айтканын уктум: “Амалдар ниеттерге гана жараша болот жана ар бир адамга ниет кылган нерсеси гана берилет. Ким Аллах жана Анын Элчиси үчүн хижрат кылса, анын көчүүсү Аллах жана Анын Элчиси үчүн болот. Ким дүйнөлүк пайда табуу үчүн же аялга үйлөнүү үчүн хижрат кылса, анда анын көчүүсү ал көчкөн нерсеси үчүн болот”.

” إنما الأعمالُ بالنياتِ ” “Амалдар ниетке жараша болот” деген сөзү ( إنما ) “Бир гана” деген сөз чектөөнү билдирет, демек, бул жерде ал сүрөттөлүп берилген нерсени  чектөө болуп саналат, ал  амалдар ниет менен гана боло тургандыгы жөнүндөгү өкүмдү тастыктоо болуп саналат. Демек, ал “Амалдар ниет менен гана болот”  дегенди бекемдейт жана андан башка нерселер жөнүндөгү өкүмдү жокко чыгарат.

” النيةُ ” “Ниет” тилдик жактан: максат дегенди билдирет. Ал эми шарьий терминде: Аллах Таалага жакындаш үчүн ибадат кылууга чечкиндүүлүк кылуу дегенди билдирет.

” فمن كانَتْ هجرَتُهُ  “Кимдин хижраты болсо….” деген сөзү амалдар ниеттерге жараша болот деген эрежени бекемдеп, аны тактап турган мисал болуп саналат.

” فمن كانت هجرتُهُ ”  “Ким эмне үчүн көчсө, ошол”  деген сөзү шарттуу сүйлөм.

“فهجرتُهُ إلى اللهِ ورسولِهِ ” “анын көчүүсү Аллахка жана Анын Элчисине болот” деген сөзү шарттуу сүйлөмдүн жообу болуп саналат жана шарт менен жооп эриш аркак келди. Анткени алар: Кимдин хижраты Аллахка жана Анын Элчисине ниет жана максат менен болгон болсо, анда анын көчүүсү сыйлык жана сооп алуу жагынан Аллах жана Анын Элчиси үчүн  болду” дегенди билдирет.

Урматтуу бир туугандар:

Бул хадис Исламдын улуу принциби деп эсептелет, анткени ал амалдарды кабыл болуусу же четке кагылуусу, сооптун көптүгү же аздыгы жагынан таразалоо үчүн туура өлчөм болуп саналат.

Имам аль-Бухари – Алла Таала ага ырайым кылсын – өзүнүн сахихин ушул хадис менен баштаган, анткени ал ар бир илим маселесинде жана анын бабтарынын ар бир бөлүмүндө камтылган.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) амалдардын негизи ниет экенин айтат. Эгерде ниет жакшы болсо жана амал толугу менен Аллах Таала үчүн жасалса, анда амал кабыл болот. Эгер мындан башкача болсо, анда ал амал четке кагылат, анткени урматтуу Элчи, ага тынчтык жана береке болсун, бизге бул негизги принципти хижрат аркылуу түшүндүргөн мисалды келтирген. Кимде-ким ширк жеринен Аллахтын ыраазылыгын издеп, Пайгамбарга (ага тынчтык жана береке болсун) жакын болууну каалап жана шариятты колдонуу үчүн көчүп кетсе, анын көчүүсү Аллах үчүн болот жана Аллах ага бул үчүн сыйлык берет. Ал эми ким дүйнөлүк пайда табуу максатта көчсө, ал үчүн эч кандай сооп албайт. Эгер күнөө максатында  көчсө, анда ал ага жараша жаза алат.

Ниет – бул амалдын негизги шарты, ал эми бир амалды жасоого ниет кылуунун өзү эле ага карата ниет болуп саналат жана анын орду жүрөктө, ал эми ниетти сөз менен айтуу – бул бидъат.

Мусулман эки жүздүүлүктөн, мактоо издөөдөн жана дүйнөлүк пайда үчүн амал кылуудан сак болушу керек, эгерде бул нерселердин кайсы бири болуп калса ибадаттарды бузат. Ибн Ражаб Алалхтан башка үчүн амал кылуунун бир нече түрү бар экенин айткан:

Кээде ниет бул амалдын башында дүйнөлүк максатка жетүү үчүн адамдарды таасирлентүү үчүн гана арналган таза эки жүздүүлүк (эл көрсүн үчүн кылуу) болот. Мындайды момун адам сейрек жасайт жана ал ишти жокко чыгарары жана анын ээси Аллахтын каарына жана жазасына татыктуу экени шексиз. Кээде ниет  амалдын башында  Аллах үчүн болуп кийин ага эки жүздүүлүк  аралашып кетет. Эгерде эл көрсүн деген ниет амалдын башынан эле катышса, анда сахих тексттер амалдын жараксыздыгын көрсөтүп турат. Бирок, эгер амалдын башында ниет Аллах үчүн болуп, кийин ага эки жүздүүлүк ниети кирип аралашса, ээси аны кайтарса, анда бул  амалдын кабыл болушуна эч кандай зыян келтирбейт. Салаф аалымдар амалдын башында эмес кийин кирип келген эл көрсүн ниети жөнүндө ар кандай пикирде болушкан: бул амалды жокко чыгарабы же  амалды аткаруучуга зыян келтирбейби жана ал баштапкы ниетине жараша сыйлыкка ээ болобу?

Оо, Аллахым, биздин бардык сырткы жана ички иштерибизди, жалаң гана эң берешен Аллах үчүн жана бардык эки жүздүүлүктөн таза кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 25-шаьбан.

2026-ж, 13-февраль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button