Макала

Американын Иранга каршы чыңалуу жаратуусу согуш логикасы эмес, үстөмдүк көрүнүшү

Американын Иранга каршы чыңалуу жаратуусу согуш логикасы эмес, үстөмдүк көрүнүшү

АКШнын Иранга карата колдонгон коркутуу жана эскертүү тили кокустук да, өзгөчө да эмес. Ал дүйнөнү башкарууда өз эркин күч менен таңуулоого, коркунучту коргонуу каражаты эмес, көзөмөл куралы катары пайдаланууга негизделген америкалык саясаттын түзүмдүк бөлүгү. Американын каршы туруусун Иран коркунучу катары эмес, ал жетектеген эл аралык тартипти коргоо катары кароо зарыл. Америкалык саясий аң-сезимде кагылышуулар чечимдер аркылуу эмес, чыңалууну сактоо аркылуу башкарылат. Анткени туруктуу коркунуч АКШ үчүн кийлигишүүгө мыйзамдуулук берет, аскерий жайылууну актап, мамлекеттердин чечимдерине камкорчулук кылуу укугун бекемдейт. Ушундан улам Иранга каршы катуу чакырык функционалдык зарылдыкка айланат. Анткени Американын логикасында душман жоюла турган максат эмес, колдонулуучу курал.

Иран эч качан Америка үчүн вужудий душман болгон эмес, ал колдонууга ыңгайлуу душман болуп келген жана азыр да ошондой. Америкага каршы ураандарды көтөргөн режимдин болушу АКШга Булуң өлкөлөрүн коопсуздук жагынан шантаж кылууга мүмкүнчүлүк берип, көз карандысыз аймактык күчтүн калыптанышына тоскоол болот, Жакынкы Чыгышты туруктуу коркуу абалында кармайт. Демек, ирандык режимди кулатуу америкалык долбоорго кызмат кылбайт, анткени душмандын жоголушу шылтоонун да жоголушу дегенди билдирет.

Ошондуктан  келишим эркин суверендүү тандоонун натыйжасы эмес, басымдын жыйынтыгы болушу үчүн, чыңалуу ар кандай келишимди таңуулоонун алдындагы зарыл баскыч катары келет. Ал эми согуш АКШ пайдаланып келген тең салмактуулукту бузат, кыйроо Ирандын «коркунуч» катары функциясын жокко чыгарышы мүмкүн, мындан тышкары аймакты көзөмөлдөн чыккан башаламандыкка түртөт. Ошондуктан Америка Иран режимин кулатпастан аны чарчатуу, «кесип салбастан» жазалоо саясатын жүргүзөт.

Американын катуу чакырыгы Иранга гана эмес, бүт аймакка, айрыкча Булуң өлкөлөрүнө да багытталган: анын калкалоосунан тыш коопсуздук жок, анын уруксатысыз суверендүү чечим жок, анын кызыкчылыгына кызмат кылбаган тең салмак жок дегенди билдирет. Ошентип, коркутуу жалпы жамааттык тартипке салуучу чакырыкка айланат. Ошондуктан Американын Иранга каршы чыңалууну жаратуусу коркуунун көрүнүшү эмес, үстөмдүктү улантууга болгон умтулуу. Согушка даярдыктын башаты эмес, мажбурлоочу сүйлөшүү куралы, аймакты кайра тең салмактуулукта сактоонун жолу жана таңууланган дүйнөлүк тартиптен чыккан адам жазаланат, бирок кулатылбайт деген билдирүү. АКШ Иранды күчтүү да, алсыз да кылгысы келбейт, ал аны өзү каалагандай чектелген абалда көргүсү келет.

Американын Иранга жана аймакка карата саясатынын эң кооптуу жери — ачык айтылган коркутуу-эскертүүлөр эмес, тескерисинче, жашыруун жүргүзүлүп жаткан кагылышууларды кайрадан калыптоо процесстери. Бул Жакынкы Чыгышты көз карандысыз субъект эмес, таасир аянты катары сактап калууга кызмат кылат. Америка аймактын коопсуздугун издебейт, анын алсыздыгын узакка сактоону көздөйт, кризистерди чечүүгө умтулбайт, аларды көзөмөл астында кармоону тандайт. Чыңалуу тилине алдануу да, жумшартуу риторикасына ишенип тынчтануу да — экөө тең өлүмгө тете ката. Анткени экөөнүн булагы бир эле аң-сезим: үстөмдүк аң-сезими. Коркутуу күчөгөндө аймак көз карандылыкка сүрүлөт, ал эми басаңдаганда суверенитеттин эсебинен келишимдер өткөрүлөт.

Мындан улам аймактын мамлекеттери менен элдеринин милдети — саясий жана пикирий тараптан сергек болуу, Америка душмандарды өз таасирин улантуу үчүн гана жаратканын, ал эми келишимдерди башкалардын эркин чектөө үчүн гана түзгөнүн аңдай турган аң-сезимди калыптандыруу.

Чыныгы боштондук бул жерде бир коркунучту жоюу же тигил жерде келишимге кол коюу менен башталбайт. Ал шантажды бузуу менен, аймактын коопсуздугу сатылбай турганын, бийлик берилбей турганын жана чечимин сыртка тапшырган тарап улуттар оюнуна оюнчу эмес, карта бойдон кала берерин түшүнүүдөн башталат.

Мунис Хамид

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button