Басма сөз

Американын Исламга каршы жүргүзгөн согушу

Басма сөз баянаты

Американын Исламга каршы жүргүзгөн согушу

АКШ администрациясы жана анда чечим чыгаруучулар Исламга болгон душмандыгын жана ага каршы тынымсыз, түрдүү формалардагы согушту  эч качан токтотушпайт. Себептүү же себепсиз ар кандай учурларда америкалык жооптуу кишилердин Исламды айыптап, ага каршы үнүн көтөрүп, өздөрүнүн Исламга болгон катуу кастыгын ачыктаган жана жүрөктөрүн коркунуч каптаганын билдирүүлөрүн угасың.

Белгилүү болгондой, өткөн кылымдын акыркы он жылдыгынын башында Советтер Союзу кыйраган соң, Америка Исламды өзүнө мабдаий душман катары кабыл алып, ага каршы күрөшүү үчүн аскерлерди, агенттерди, каражаттарды, келишимдерди жана макулдашууларды жумшаган. Бул иштердин акыркысы Абрахам келишимдери болсо, биринчиси Исламды артта калтыруу, ашкере көз карандылык жана терроризм менен каралоосу болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио «Фокс Ньюс» каналынын «Ханнити» программасында Шон Ханнитиге берген маегинде «Ислам дүйнөнүн бир бөлүгү менен гана чектелүүнү, өзүнүн кичинекей Халифаты менен канааттанууну каалабайт. Ал кеңейүүгө умтулат, табияты боюнча революциячыл, ал кеңейип, дагы көп жерлерди жана калктарды өзүнө каратууну көздөйт» деп мүнөздөгөн. Рубио Исламды айыптаган дал ошол нерсени Америка өзү чоң айырма менен жасап жатканын унуткандай. Ал айырма – Америка дүйнөнүн байлыктарын жана ресурстарын тоноп алуу үчүн дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулуусунда. Бул үчүн ал миллиондогон адамдарды өлтүрөт, жашыл өсүмдүктөрдү жана кургактыкты өрттөйт, артында кыйроо жана өлүм калтырат. Сомалидеги, Ирактагы жана Афганистандагы согуштар муну бизге дагы эле эске салууда. Ал эми Ислам болсо адамдарды караңгылыктан жарыкка, азап-кайгыдан бакытка, адамдардын жана алардын мыйзамдарынын кулдугунан Алланын гана кулдугуна чыгарды.

Ага чейин эле анын өзү (президенти) мусулмандардын өлкөлөрүнө Абрахам келишимдерин таңуулоого аракет кылган. Бул – Исламды бүдөмүк кылуу, аны башка диндер сыяктуу жөн гана диний ырым-жырымдарга айлантуу жана Исламдагы саясий өңүттү адамдардын аң-сезиминен алыстатуу максатында жасалды. Ошондой эле ал «2025-жылкы Улуттук коопсуздук стратегиясы» деп атаган документинде Американын Исламга жана мусулмандарга карата саясатын тастыктап мындай деди:

«Биз Жакынкы Чыгышка жана анын нефть-газ ресурстарына, андан өтүүчү стратегиялык “тоскоол” чекиттерине касташ күчтүн ээ болуусуна жол бергибиз келбейт».

Ал дагы бир жерде мындай деди: “Америка үчүн Булуңдагы энергия булактары ачык душмандын колуна түшүп калбашы, Ормуз кысыгы ачык болушу, Кызыл деңизде сүзүүгө шарт болушу, аймак АКШнын кызыкчылыктарына же анын жерине каршы терроризмдин очогу же экспорттоочусу болуп бербеши жана яхудий түзүмү коопсуз болушу — негизги кызыкчылык болуп кала берет». Биз бул коркунучка идеологиялык да, аскерий да жол менен каршы тура алабыз жана турушубуз керек… Мындан тышкары, Абрахам келишимдерин аймактагы дагы көп өлкөлөргө жана башка мусулмандардын өлкөлөрүнө кеңейтүүдө биздин так кызыкчылыгыбыз бар».

Ал дагы мындай деген:

«Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөр радикалдык тамырларды жок кылууга болгон умтулууларын көрсөтүүдө, бул тенденцияны АКШ саясаты улантып колдоого тийиш».

Ал ошондой эле: «Африканын айрым аймактарында исламий терроризмдин кайра жанданышынан этият болуу керек» — деди.

Анын Ислам тууралуу ар бир сөзүндө жана мусулмандарды категорияларга бөлүшүндө Америка мурдагы президенттери ойлоп тапкан терминдерди колдонуп жатканы көрүнүп турат. Алар мусулмандарды «салттуу» жана «экстремист» деп бөлүшкөн, Исламды жана мусулмандарды «терроризм» менен мүнөздөшкөн. Мунун баарын алар Ислам менен күрөшүүгө шылтоо катарында жасашкан.

Исламдагы пикир күчү, мусулман өлкөлөрүнүн кеңири аймагы жана Халифалык мамлекетинин мусулман өлкөлөрүнө кайра кайтып келүүсүнөн болгон коркунуч куфр жана анын мамлекеттери үчүн, айрыкча өз кызыкчылыктарына гана эмес, өздөрүнүн түзүмүнө да коркунуч көргөн ири державалар үчүн коркунучтун булагы болуп саналат. Алардагы материалдык күчкө жана мусулман өлкөлөрүндөгү өздөрүнө көз каранды болгон башчыларга карабастан, бул тынчсызданууларын улам-улам билдирүүнү токтотушпайт.

Бирок биз аларга кабарлайбыз: алардын коркуп жаткан нерсеси, алардын каалоосуна, пландарына, күчүнө жана агенттерине карабастан сөзсүз келет. Халифалык мамлекети жакында, Аллахтын уруксаты менен, кайтып келет. Алар дүйнөнү кандай зулум жана кулчулук менен толтурушкан болсо, ал кайра дүйнөнү адилеттүүлүк менен толтурат. Анткени Ислам үммөтү тирүү үммөт, ал бир убакытка унутулуп калгандай көрүнсө да өлбөйт. Ал Аллах Тааланын уруксаты менен кайра Исламдын рисаласын т.а. нур, хидаят жана адилеттүүлүктүн рисаласын бүткүл адамзатка жеткирүү үчүн кайтып келет.

Ислам үммөтүндө өз элине калп айтпаган, пайгамбарлык ﷺ  минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу үммөттүн туура ойгонуу долбоорун көтөрүп чыккан Хизб ут-Тахрир бар. Күтүп жаткан адам үчүн эртеңки күн жакын!

﴿يُرِيدُونَ لِيُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ * هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾

“Алар Алланын нурун (Исламды) ооздору (бекерпоз, пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, (каапырлар) каалашпаса да, Өз нурун толо (чар тарапка) жаюуну каалайт. 33. Ал (Алла) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин мепен, мушрикгер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”. (Тообо: 32-33).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

7.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button