Роя гезити

Американын Сирия элине каршы кылмыштары жана айла-амалдары

Американын Сирия элине каршы кылмыштары жана айла-амалдары

Саясатты күзөтүп жүргөндөргө жана бул тармакта иштегендерге жашыруун эмес. Сирия Хафиз Асад доорунун башынан тартып эле Америкага көз каранды болуп калган. Дал ошол Америка Башар Асадды атасынын ордуна бийликке алып келүүнү жеңилдеткен. Ал убактагы АКШнын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт Башарга бийлик өткөрүп берүү спектаклине катышкан. Ага дүйнө лидерлеринен андан башка эч ким келген эмес жана Дамаскта бийлик тынч жана жеңил өткөнүн айтып, Башарды колдой турганын билдирген.

Американын Сириядагы кылмыштарына далил болгон нерселердин бири — анын Асад режимин коргоп, аны колдогону. Ал өткөн кылымдын 80-жылдарындагы Хама окуяларында мусулмандарды басууда да режимди колдогон, ошондой эле Шам революциясын басууда Башарды колдоп-көзөмөлдөгөн. АКШ жетекчилеринин билдирүүлөрү болсо жөн гана формалдуу жана алдоо үчүн айтылган. Мисалы, Барак Обама “Башар мыйзамдуулугун жоготту, кетиши керек” деп айткан, бирок эч кандай олуттуу басым жасаган эмес. Тескерисинче, ал жашыруун түрдө режимге акча жана убакыт берип, революцияны жок кылууга жардам берген. Башар Сирия мусулмандарына каршы бир нече жолу химиялык курал колдонгон, бул анын жазадан коркпогонун көрсөтөт. Ал эми “жаза” катары Трамп Тийфор аэродромунун айрым тилкелерин гана символдук түрдө бомбалаган. Мындан тышкары, киргизилген санкциялар режимге таасир этпей, негизинен сирия элин гана кыйнаган. Ошондой эле Америка биздин душмандарды жана эки жүздүү “досторубузду” революцияны муунтуу жана айланып өтүү үчүн колдонгон.

Америка Асад режиминин кылмыштарына ачык түрдө ушуларды жасаган, бирок жашыруун түрдө аны колдоону уланткан. Ал Иранга жана анын куралдуу топторуна Сирияга кирип, режим тарабында согушууга көрсөтмө берген, ошондой эле Иран революцияны баса албаганда, Россия менен макулдашып, режимди колдоого жана коргоого жол ачкан.

АКШнын коргоосу жана камкордугу алдында режим он төрт жыл бою Шам элин өлтүрүп, камап, шаар-айылдарын талкалап, элди көчүрүп жүрдү жана эч кандай чыныгы жазага кабылган жок. Бул учурда Америка майда этносторду козгоп, аларды коргоо шылтоосу менен кийлигишип, өлкөнүн инфраструктурасын “яхудий түзүмү” аркылуу бомбалоого шарт түздү. Ошондой эле режим кулашы керек болгонуна карабастан “Цезарь санкцияларын” сактап, аны сирия элине каршы басым куралы катары колдонуп, жаңы администрациянын саясий, коопсуздук жана экономикалык талаптарына макул болууга мажбурлады.

Американын Сирияда таасирин бекемдөөнүн эң жаман ыкмаларынын бири — майда этностор маселесин таяныч кылып, өз эркин таңуулоосу. Ал аларды жашыруун түрдө козутуп, Сирияны бөлүүнүн уруктарын септи жана федерализм менен административдик борбордон ажыратуунун аралаш формасын киргизүүгө аракеттенди. Бул өлкөнү туруктуу шал абалда жана үзгүлтүксүз жаңжал ичинде кармап, ошол жаңжалды өзү башкарууга жана ар бир майда-чүйдөсүнө чейин кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну ал өз өкүлү Том Баррак жана Тышкы иштер министрлиги менен Конгресстин элчилери аркылуу ишке ашырып келет. Ошол эле учурда Америка жалган түрдө өлкөнүн биримдигин жана туруктуулугун колдойбуз деп билдирип келет.

Чындыгында, сирия элинин өзгөчө, жалпы Ислам үммөтүнүн чыныгы душманы Америка. Анын жашыруун түрдө майда этносторду козутуп, алардын козголоңун ачык коргоосу жана жөнөкөй гана көрсөтмө менен тынчтыкты орнотуп, интеграциялоого күчү жетсе да муну кылбаганы, эч кандай шексиз анын сирия элинин, жада калса дүйнө элдеринин тагдыры менен ойноорун көрсөтөт. Ал өзү каалаган башкаруучуларды отургузуп, алар өз кызыкчылыгына кызмат кыла албай калганда аларды четтетет. Ошондуктан ага таянуу саясий өзүн-өзү өлтүрүү жана үммөт менен динге каршы эң чоң кылмыштардын бири.

Американын Сирияга каршы агрессиясына, өлкөнү кыйратуусуна жана анын агенти Башардын колу менен элди көчүрүп-кыйноосуна карата милдет — анын таасирин Сириядан жана жалпы мусулман жерлеринен түп-тамыры менен жулуп салуу, анын куралдарын кууп чыгуу, аны менен кызматташуу, союз түзүү же ага ыңгайлашуудан эскертүү болуп саналат. Ал эми ага таянып, бийликти бекемдөө жана өлкөнү өнүктүрүү үмүтү менен анын ыраазылыгын издөө — тикенектен жүзүм күтүүгө окшош! Акыркы кезде өткөөл доордун сирия президенти Ахмад аш-Шаранын саясаты жана Америкага жаккан билдирүүлөрү тууралуу сөздөр көбөйдү.

Анын ичинде Катардагы Доха форумунда CNN эл аралык иштер боюнча баш алып баруучусу Кристиан Аманпурга берген маегинде өзүнөн “терроризм” айыбын алыстатууга катуу аракет кылганы да бар. Белгилүү болгондой, Американын режимдер менен “терроризмге каршы күрөш” деген келишимдери — чындыгында Исламды жана анын өкүмдөрүн басуу үчүн түзүлгөн.

Учурдагы администрациянын Америкага карата жеңилдиктерине унчукпай коюусу жана жеңилдик бергендерге мүмкүнчүлүк түзүүсү, Аллахтын шариятына каршы келүү болуп, өлкөнү дагы да бөлүнүүгө, жаңжалга, жоготууга жана саясий-коопсуздук-экономикалык туруксуздукка алып барат. Мындан тышкары, бул сөзсүз түрдө Исламга жүрөгү менен душман болгон ички күчтөрдүн үстөмдүгүнө алып келет. Жеңилдиктерди актоо, аларды жарнамалоо жана аларды актоо үчүн адаштыруучу фатваларды чыгаруу — өтө кооптуу жол жана чоң балээ болуп, ал учурдагы администрация менен эле чектелбестен, Сирия элине жана алардын бардык курмандыктарына да тиешелүү болот.

Жаңжалды чечип, пикир келишпестикти токтотуп, америкалык кийлигишүүнүн колун кесе турган нерсе — Аллах Тааланын шариятын колдонуу гана. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141)

Анткени Аллахтын шарияты ар бир адамга өз акысын берет. Исламдын ырайымы менен адилетин мусулман эместер сезгенде алар тынчып гана калбастан, топ-топ болуп Аллахтын динине киришет. Аллахтын шариятын колдонуу үчүн башкаруучу ички мусулмандардын колдоосуна таянышы керек, алар аз эмес, дүйнөнүн бардык тарабында бар жана миллиондоп ага жардамга келишет. Бул болсо Америка сыяктуу кылмышкер каапырларга жана алардын тарапташтарына таянуудан таптакыр башка. Ошондой эле жетекчилер өз жанын, малын жана бийлигин курмандыкка чалууга даяр болушу керек. Пайгамбар ﷺ  айткан:

«لَوْ وَضَعُوا الشَّمْسَ فِي يَمِينِي وَالْقَمَرَ فِي شِمَالِي عَلَى أَنْ أَتْرُكَ هَذَا الْأَمْرَ حَتَّى يُظْهِرَهُ اللَّهُ أَوْ أَهْلِكَ فِيهِ مَا تَرَكْتُهُ».

«Эгер алар оң колума күндү, сол колума айды коюп, бул ишти таштоону талап кылышса да — Аллах аны үстөм кылмайынча же мен ушул жолдо жок болмоюнча аны таштабайм».

Ооба, бул — Аллахтын душмандарына баш ийүү жана аларга жеңилдик берүү эмес, динди үстөм кылууда жана ааламдардын Раббисинин шариятын өкүм кылууда пайгамбарлык минхаж. Алар үммөткө күнү-түнү айла кылышат. Аллах Таала айтат:

﴿لا يَرْقُبُونَ فِي مُؤْمِنٍ إِلا وَلا ذِمَّةً وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُعْتَدُونَ﴾

«Алар бирээр момун туурасьнда убадага да, милдетке да карашпайт. Алар чектен чыккан адамдар». (Тообо: 10).

Роя гезити

Устаз Мухаммад Саид аль-Аббуд

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button