Комментарий
Trending

Америка Венесуэлага кол салды

Америка Венесуэлага кол салды

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Венесуэлага чабуул коюп, бул өлкөнүн лидери Николас Мадурону жана анын жубайын кармап, өлкөдөн чыгарып кетишкенин билдирди. Бул тууралуу ал 3-январда өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө жазды. Трамптын айтымында, операция күч органдары менен биргеликте ишке ашырылды.

Буга чейин Венесуэланын борбор калаасы Каракаста 3-январга караган түнү бир нече жарылуу болгону кабарланган. Маалыматка ылайык, шаардын айрым райондорунда электр жарыгы өчүп, шаардын үстүнөн учактар учуп, жарылуулар болгон. CBS News каналы Венесуэлага чабуул коюу тууралуу буйрукту АКШ президенти Дональд Трамп бергенин билдирди.

Комментарий:

Нобел тынчтык сыйлыгын алууга умтулган Трамп, АКШ бийлигине келгенден бери Америка бир катар эл аралык кол салууларды уюштурду. Алгач Иранды бомбалап, Йеменге кол салды. “израил”дин колу менен Газа жана Сирия аймактарын бомбалоону улантууда. Гренландияны кошуп алууну талап кылып, Канаданы Америка штаттарынын бирине айлантууну каалады. Эми болсо мунай кендерине кызыккан Венесуэланы бомбалап жатат. Венесуэла дүйнөдөгү эң бай жаратылыш ресурстарына ээ өлкөлөрдүн бири. Ал дүйнөдө мунай запастары боюнча биринчи орунда турат. Анда 300 миллиард баррелден ашык далилденген мунай запасы бар. Ошондой эле 195 триллион куб футтан ашык көлөмдөгү табигый газ менен дүйнөдө төртүнчү ири газ запасына ээ.

Ошентип, Американын кызыл терилүү жергиликтүү калкын кырып, колония кылган саясаты дагы да уланууда. АКШнын мындай кылмыштарга батынуусуна жер бетинде ага татыктуу жооп бере турган күчтүн жоктугу себеп болууда. Муну ого бетер курчуткан жагдай, Венесуэланын Кытай жана Россия менен соода алакаларын бекемдөөсү. 2024-жылы Кытай менен Венесуэланын ортосундагы соода байланыш 6,5 миллиард долларга жеткен жана бул көрсөткүч өсүп жатат.

Бул окуяда байкалган нерсе, АКШ мурда болуп көрбөгөндөй текеберлик жана зомбулук менен аракеттенүүдө. Бул күчтүүлүктүн белгиси эмес, тескерисинче, анын алсыроосунун жана ийгиликсиздигинин белгиси. Француз ойчулу Эммануэль Тодд «Империядан кийинки доор» аттуу китебинде муну мындайча сүрөттөгөн: «Америка ашкере күч колдонуу аркылуу өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн эмес, алсыздыгын жашырууга аракет кылууда».

Аллах таала мындай деген:

﴿وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَىٰ إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ﴾

“Биз кыштак – шаарларды жалаң алардын калкы заалим, каапыр болгондо гана жок кылуучубуз” (Касас: 59).

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button