
Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы биргелешкен чабуулу
АКШ президенти Трамп өзүнүн Truth Social платформасында видео жарыялап, Жакынкы Чыгыштагы күчтөрү Иранга каршы ири согуштук операцияларды баштаганын билдирди. Ал бул чабуулдун бир катар негиздемелерин санап өттү:
Ирандан чыккан жакынкы коркунучтарды жок кылуу аркылуу америкалык элди коргоо. Ирандын түздөн-түз АКШга, анын чет өлкөлөрдөгү күчтөрүнө жана дүйнөдөгү союздаштарына коркунуч туудурушу, ошондой эле акыркы 47 жыл ичинде Америкага каршы аракеттерди жүргүзгөнү. Алардын ичинде «Америкага өлүм» деген ураандарды көтөрүү, 1979-жылы Тегерандагы АКШ элчилигиндеги туткундар окуясы, 1983-жылы Бейруттагы деңиз пехотасынын штабы жардырылышы жана 2000-жылы Аден портундагы «Cole» эсминецине жасалган чабуул сыяктуу окуяларды мисал келтирди. Ал өзүнүн максаты Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жана Европага, балким АКШ аймагына коркунуч туудуруучу алыс аралыктагы ракеталарды иштеп чыгуусуна жол бербөө экенин айтты жана иран элин бийликти колго алууга чакырды.
Ошондой эле яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяху да бул биргелешкен чабуул тууралуу билдирип, анын максаты Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүнө тоскоол болуу жана анын режимин кулатуу экенин жарыялады.
Иран бул агрессияга жооп катары яхудий түзүмүнө жана Булуң өлкөлөрүндөгү АКШ аскерий базаларына ракеталарды атуу менен жооп кайтара баштады.
Өткөн айда АКШ менен Иран ортосунда сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы өткөн, алардын акыркысы 26.02.2026-жылы болгон. Бирок тараптар ортосунда келишимге жетишилген эмес, болгону сүйлөшүүлөрдө илгерилөө болгондугу жана дагы бир айлампа өтөрү тууралуу билдирүүлөр айтылган. Бул билдирүүлөр ушул чабуулду ишке ашыруу үчүн адаштыруу максатында жасалды. АКШ өткөн жылы да ушундай сүйлөшүүлөр аркылуу Иранды адаштырып, яхудий түзүмүнө 13–24-июнь күндөрү ага каршы чабуул жасоого көрсөтмө берип, ал акырында америкалык күчтөрдүн Иран өзөктүк реакторлоруна жасаган соккусу менен аяктаган.
АКШ бир айдан бери аймакка күчтөрүн топтоп, агрессияга даяр экенин жарыялап келгендиги белгилүү. Эгер сүйлөшүүлөрдө Иран өзөктүк программасынан баш тартуу, 60% деңгээлге чейин байытылган болжол менен 400 кг уранды өткөрүп берүү, ошондой эле учуу аралыгы 3 миң кмге жеткен ракеталарды иштеп чыгуу программасын токтотуу боюнча макул болбосо, ага сокку урарын билдирген. Бирок сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасынан бир күн да өтпөй жатып бул агрессия жарыяланды. Алгач Тегерандагы президенттик комплекс бутага алынды. Бул чабуулдун максаты режимди кулатуу же анын жетекчилерин өлтүрүп, алардын ордуна башкаларды коюу экенин көрсөтөт. Муну Иран президенти Пезешкиан аман-эсен экенин Иран тарап жарыялаганы да тастыктайт.
АКШнын кресттүү жортуул мүнөзүндөгү саясаты жана анын аймактагы кылмыштуу базасы болгон яхудий түзүмүнүн бул агрессиясы Жакынкы Чыгыш аймагына толук көзөмөл орнотуу максатына кызмат кылат. Бул — келечекте анын таасирине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон ар кандай күчтөрдүн пайда болушуна жол бербөө үчүн жасалууда. Ошондой эле яхудийлердин аймакты көзөмөлгө алып, Нетаньяху жарыялагандай, «Улуу Израилди» түзүү максаты да бар.
Демек бул агрессия Иранга гана эмес, Египетке, Саудияга, Түркияга, Пакистанга, жалпы эле аймактагы бардык мамлекеттерге, айрыкча келечекте АКШ менен яхудий түзүмүнүн таасирине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон күчү бар мамлекеттерге да коркунуч болуп саналат.
АКШнын 2025-жылы 5-декабрындагы акыркы стратегиялык меморандумунда Америка үчүн Жакынкы Чыгыштын мааниси белгиленип, бул аймак «жарым кылымдан бери анын саясатында алдыңкы орунду ээлеп келгени» айтылган. Анын максаты «аймакты мунай жана газдан тышкары тармактарда, анын ичинде өзөктүк энергия, жасалма интеллект жана коргонуу технологиялары тармагында эл аралык инвестициялардын булагына жана багытына айландыруу, жеткирүү чынжырларын камсыз кылуу». Ошондой эле максаттарынын бири катары «аймактагы экстремизмге каршы күрөш» көрсөтүлгөн. Бул болсо Исламга каршы согушту, мусулмандардын Батыш колонизаторлугунун бардык түрлөрүнөн — фикрий, аскерий, саясий жана экономикалык көз карандылыктан бошонуу аракеттерине каршы турууну жана Ислам өкүмдөрүнө негизделген башкарууну, башкача айтканда пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты орнотуу аракеттерине каршы иш-аракеттерди билдирет.
Ошондой эле «АКШ үчүн Абрахам келишимдерин кеңейтүүдө ачык кызыкчылык бар» деп айтылган. Бул — аймактагы бардык мамлекеттерди Палестинаны басып алган яхудий түзүмүн таанууга жана аны менен мамилелерди нормалдаштырууга мажбурлоо дегенди билдирет. Чынында эле Египет, Иордания, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Марокко сыяктуу бир катар мамлекеттер буга чейин эле аны менен мамилелерди нормалдаштырган. Анткени яхудий түзүмүн бекемдөө Америка саясатынын эң жогорку артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Бул аркылуу Палестинаны мусулмандардын колунан ажыратуу жана аймакта үммөттүн ар кандай кыймылына каршы колдонулуучу туруктуу база түзүү көздөлөт.
Иран режимин башкаргандар бул маселеге ушул көз караштан карашкан жок. Алардын көз карашы тар болуп, үммөт кызыкчылыктары эсебинен өз режимин жана аймактагы таасирин күчөтүү менен чектелди. Ошондуктан алар Американын орбитасында айланып, өз жетекчилеринин айрымдары моюнга алгандай, Афганистанда жана Иракта ага жардам беришти. Сирияда да ага көмөктөшүп, Америка элди алдай ала турган Ахмад аш-Шара сыяктуу башка бирөөнү алып келгенге чейин, анын агенти болгон Башар Асаддын режимин сактап турушту. Аш-Шара Сирия элин алдап, Шамда Ислам башкаруусун кайра орнотуу максатын жокко чыгарып, яхудий түзүмүнө моюн сунуусу үчүн бийликке алып келинди. Анын келиши менен Иранга муктаждык калбады. Тескерисинче, Америка Иранды орбитада айланган эмес, көз каранды мамлекетке айлантууну каалап жатканы көрүнүүдө. Ошондуктан ал иран режимин кулатуу максатын жарыялады.
Алар «чоң шайтан» деп сыпаттаган Америка менен кызматташуу аркылуу, бул шайтан аларга ички жана аймактык максаттарын түбөлүк ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет деп элестетишти. Эгер алар аталган аймактарда Америкага жардам бербегенде, ал жакта анын таасири күчөмөк эмес жана аймакка үстөмдүгүн орното алмак эмес. Эми кезек өздөрүнө келди.
АКШ, яхудий түзүмү жана Батыш өлкөлөрү аймакты түбөлүк көзөмөлдөөнү, аларга коркунуч жараткан ар кандай күчтү жок кылууну көздөшөт. Алар Исламды жок кылууну да максат кылышууда. 1924-жылы анын мамлекетин кулаткандан кийин, анын аймагын басып алып, аны өздөрүнө байланып турган 57 бөлүккө бөлүштү. Бул режимдер алардын буйруктарын аткарып, Исламга каршы келген конституцияларына таянып, Исламдын кайра бийликке кайтуусуна каршы саясаттарды жүргүзүп, Ислам фикрлерине каршы күрөшүп, мусулмандарды дининен алыстатууга аракет кылышууда.
Биз Иранга болгон кол салууга сүйүнбөйбүз, анткени ал режимдин бузукулугуна карабастан, Ислам жери. Биз ага каршы агрессияга каршыбыз. Анткени бул үммөттүн баарына каршы агрессия. Америка Афганистанга жана Иракка кол салганда да бул үммөттүн баарына каршы кол салуу болгон. Бирок бардык мусулман башкаруучуларын ушундай эле кесепеттен сактанууга эскертебиз. Балким кийинки бута Пакистан болушу мүмкүн. Анын башкаруучулары, айрыкча Афганистан маселесинде, Америка каалаган нерсени аткарып жатышат жана бул жырткыч душмандан жана анын сокку уруучу колу болгон яхудий түзүмүнөн аман калабыз деп ойлошот. Ал болсо алардын өлкөсүнө сокку уруу менен коркутууда.
Бул башкаруучулар сабак албаса, акылына келбесе жана Америкага, Батышка жана яхудийлерге болгон берилгендигинен баш тартпаса, анда үммөттүн кайдыгер эмес уулдарына бир гана жол калат. Мусулмандар бир туугандары менен бирге иш алып барып, аларды жана алардын режимдерин кулатуу жана алардын кожоюндары болгон каапырларды аймактан сүрүп чыгаруусу шарт. Алар Расулуллах ﷺ сүйүнчүлөгөн пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылгандар. Дал ушул жол гана үммөттү бошотуп, аны ойготуп, бириктирип, бардык аймактарында ага каршы уланып жаткан агрессиядан коргой алат жана аны дүйнөдө жакшылыкты жайылткан алдыңкы мамлекетке айлантат.
Асъад Мансур




