Роя гезити

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы жүргүзгөн согуштун өөрчүшү

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы жүргүзгөн согуштун өөрчүшү

Америка өзүнүн кол баласы яхудий түзүмү менен бирге 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы чабуул баштаганда, согуштун мөөнөтүн төрт күн деп белгилеген. Ал режим башчысына жана биринчи катардагы жетекчилерине сокку уруу менен эле багындырып, анын шарттарына моюн сунушат деп ойлогон. Венесуэла президентин уурдаганда, өлкө бийлиги багынып бергендей болот деп күткөн. Бирок андай болгон жок. Иран бекемдик менен бул чабуулга каршы турду. А түгүл Трамптын текеберлиги күчөп, ал «мен руханий лидерди дайындоого катышам, Хаменеинин уулун каалабайм» деп айткан, бирок анын үмүтү акталган жок.
2026-жылдын 12-мартында The New York Times маалымдагандай: «Трамп жана анын кеңешчилери жогорку жетекчиликти жок кылуу согушту токтотууга умтулган кыйла прагматикалык лидерлердин келишине алып келет деп ишенип келишкен». Бул тууралуу анын коргоо министри Пит Хегсет 2026-жылдын 10-мартында мындай деп моюнга алган: «Алардан так ушундай реакция болоорун күткөнбүз деп айта албайм».

Төрт күн өткөндөн кийин Трамп согушту эки жумада, балким төрт жумада жыйынтыктоону айта баштады. Ал согуштун күчөп кетишинен жана ички абалга таасир этүүсүнөн коркот, айрыкча күздө боло турган Конгресстин орто мөөнөттүү шайлоолору алдында аны токтотууну каалайт.
Саясатта жалпы түрдө салыштыруу туура эмес. Ар бир мамлекеттин жана ар бир окуянын өзүнө тиешелүү шарттары жана жагдайлары бар. Ошондой эле окуяны өз шарттары менен жагдайларынан ажыратып кароо да ката болуп саналат.
Бирок текеберлик жана менменсинүү Трампты сокур кылды. Бул абал анын партиялашы Жорж Буш 2001-жылы Афганистанга жана 2003-жылы Иракка, ошондой эле 1992-жылы Сомалиге кол салгандагы абалындай болду. Алар аскерий күчүнө, экономикалык үстөмдүгүнө жана башкалардын алардын текеберлигине унчукпай турушуна же ага катышуусуна таянышат. Ошондуктан алар ар бир өлкөгө өзүнчө кол салып, аларга каршы эч бир чоң мамлекет каршы чыкпайт деп билишет. Азыркы абал мурдагы Советтер Союзу мезгилиндегидей эмес, анда Америка аны эсепке алып, 1961-жылдан тартып 1991-жылы кулаганга чейин аны менен тең салмакты сактоого аракет кылчу. Андан кийин эл аралык абалда жалгыз өзү үстөмдүк кылып калды.
Согуш эми үчүнчү жумасына кирди. Трамп өз максаттарынан артка чегине баштады же аларды ишке ашырдым деп көрсөтүп, согушту токтотууну каалап жатат. Ал максаттарды мындайча санап өттү: ирандыктардын өзөктүк куралга ээ болушуна жана узак аралыктагы ракеталарды иштеп чыгышына жол бербөө, ошондой эле Иран элинин өзү бийликти колго алуусу.
Иран болсо Перс булуңу өлкөлөрүндөгү мунай объектилерине сокку ура баштады, бул мунай өндүрүшүнө таасир этти. Ал дүйнөлүк энергиянын болжол менен 20% өтчү Ормуз кысыгын жапты. Натыйжада дүйнөлүк мунай кризиси пайда болуп, камсыздоо азайып, баалар Америка ичинде да, дүйнө жүзүндө да жогорулады. Стратегиялык мунай корлорун рекорддук көлөмдө чыгаруу да мунай баасынын өсүшүн токтото алган жок, анткени Иран мунай объектилерине болгон чабуулдарын күчөттү.
Трамп билдирүүлөрүндө баш аламандыкка түшө баштады. Ал 2026-жылдын 11-мартында: «Согуш жакында бүтөт… Иранда бутага ала турган дээрлик эч нерсе калган жок» деди. Бул аны токтотууга багытталган кадам эле. Ошондой эле согуштун мунай менен камсыздоого тийгизген таасиринен улам барган сайын нааразы болуп: «Мунай ташуучу кемелердин экипаждары бир аз кайрат көрсөтүп, Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп өтүшү керек» деди. Башкача айтканда, алардан Америка үчүн өмүрүн тобокелге салууну талап кылууда, бирок алардын эч бири мындай «кайраттуулукту» көрсөтпөй жатат.
2026-жылдын 14-мартында ал башка мамлекеттерден жардам сурап, Ормуз кысыгын ачууга көмөктөшүүнү талап кыла баштады. Ал эми демократ сенатор Крис Мёрфи социалдык тармактарда аны ашкерелеп: «Трамп администрациясынын Ормуз кысыгы боюнча эч кандай планы жок жана аны кантип коопсуз ачуу керектигин билбейт» деп билдирди. Бул Трамп администрациясы өз пландарын Конгресске жабык жыйында сунуштагандан кийин айтылды.
Ошондой эле The New York Times аны мындай деп ашкереледи: «Трамп өз варианттарын карап жаткан учурда, анын ичинде Иранды өз шарттары менен келишимге кол коюуга мажбурлоо үчүн аскерий чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн да, АКШнын энергетика министри Крис Райт 2026-жылдын 18-февралында жакында боло турган согуш Жакынкы Чыгыштагы мунай менен камсыздоону бузуп, энергия базарларында башаламандык жаратат деп кооптонбой турганын айткан». Бул 2025-жылдын июнунда яхудий түзүмү менен Американын Иранга каршы «12 күндүк согуш» деп аталган чабуулуна салыштырып айтылган. Ал мындай деп кошумчалады: «Өткөн июндагы израилдик жана америкалык соккулар учурунда базарларда чектелген гана өзгөрүү болду. Мунай баасы бир аз көтөрүлүп, андан соң кайра төмөндөдү».
Акыры Трамп жардам сурап, Россия президенти Путин менен байланышууга аргасыз болду. Кремлдин кеңешчиси Юрий Ушаков билдиргендей: «Путин Трампка Иран согушун тез токтотуу боюнча сунуштарды жасады». Бул 2026-жылдын 9-мартында, Трамптын өтүнүчү менен болгон жана болжол менен бир саатка созулган телефон сүйлөшүүсү учурунда болгон. Андан кийин Трамп: «Мен Путин менен телефон аркылуу сүйлөштүм, бул сүйлөшүү жемиштүү болду… жана Америка Россия мунайына коюлган санкцияларды жеңилдетүүгө барышы мүмкүн» деп жарыялады.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-Раванчи мындай деди: «Ок атышууну токтотуу үчүн бизге каршы жаңы чабуул болбошу шарт. Кытай, Россия жана Франция сыяктуу бир катар мамлекеттер ок атышууну токтотуу маселеси боюнча биз менен байланышты».
Яхудий түзүмү Американын коштоосундагы тез чабуулу менен режим башчысын жок кылып, аны кулатабыз жана согушту тез арада бүтүрөбүз деген үмүтү акталбай калды. Алар Ирандын күчтүү жооп кайтаруусуна, ошондой эле иран ракеталары алып келген олуттуу зыянга таң калышты.
Иран Палестинаны бошотууга кудуреттүү көрүнөт, бирок аны өзүнө максат кылган жок. Газадагы мужахиддер яхудий түзүмүнө чабуул жасаганда, анын мүмкүнчүлүгү бар эле жана ал Сирия фронтунда да кубаты бар болчу. Бирок ал Американын согушту кеңейтпөө тууралуу билдирүүлөрүнө кулак салып, акыры Сириядан чыгарылды жана Ливандагы өз партиясынын күчтөрү да соккуга алынды.
Ирандын Америка орбитасында айлануусу жана анын билдирүүлөрүнө кулак салуусу өз режимин сактоого, бекемдөөгө, аймактык таасирин жайылтууга, өзөктүк курал иштеп чыгууга жана ракеталык өнөр жайын өнүктүрүүгө кепил болот деп ойлоду. Бирок Америка аны чектөөнү жана өзүнө көз каранды мамлекетке айлантууну каалады.
Биз Ирандан өзүнүн аралаш республикалык түзүмүнөн, тар улутчулдуктан жана мазхабдык фанатизмден баш тартып, Халифалыкты жарыялап, Ислам өлкөлөрүн бириктирип, Палестинаны азат кылып жана бардык жерде мусулмандарга жардам берет деп күтпөйбүз. Бирок ал ушуну кылганда, Америка аймакта аскердик базаларын орното алмак эмес жана яхудий түзүмү да жашай албайт болчу. Ал Газага карата кылмыштарын жасады. Газа эли жардам күтүп турганда, Иран башка аймактагы мамлекеттер сыяктуу эле аларды таштап койду. Натыйжада өзү да бул чабуулга кабылды.
Бул согуш мусулмандар пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин курганда жемиштүү жыйынтыкталат. Ал Америкага сокку уруп, яхудий түзүмүн жок кылууга кудуреттүү экенин далилдейт. Андыктан, аны орнотуу үчүн аракет кылгандарга нусрат берүү аларга милдет болуп саналат.

Роя гезити
Асъад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button