Америка-Иран согушунун артында эмне турат?

Америка-Иран согушунун артында эмне турат?
Өз ара кызыкчылыктардын аякташы жана жаңы үстөмдүк долбоору
Саясий жана коомдук чөйрөлөрдө негизги бир суроо улам кайталанууда: эмне үчүн Америка бүгүн Иранга сокку урууда? Буга чейин ондогон жылдар бою Иран аймактагы саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп келсе да?
Бул суроого жооп берүү үчүн кеңири тараган баянаттарды кайра карап чыгуу зарыл. Иран Америкага толук көз каранды мамлекет болгон эмес, тескерисинче ал прагматикалык мейкиндиктин ичинде анын саясий орбитасында айланып турган. Бул аркылуу аймактагы таасирин кеңейтүү кыялын ишке ашырууга жардам бере турган колдоо алууга умтулган.
XXI кылымдын башынан берки саясий өзгөрүүлөр кээде эсептелбеген болсо да Тегеран үчүн удаа мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Анткени анын кызыкчылыктары Вашингтондун Афганистан, Ирак, Ливан, Сирия жана Йемен сыяктуу майдандарда анын кызматтарына болгон муктаждыгы менен айкалышкан. Ошентип, алардын ортосундагы мамилелер тарыхы ыплас келишимдерге жана өз ара кызыкчылыктарга толгон.
Бирок азыр Америка аймак боюнча өз долбоору бышып жетилди деп эсептеп, жаңы этапка өткөндөй. Бул этапта ал Ирандын таасирин токтотууну чечти, анткени анын ролу аяктаган. Бүгүн Америка түз жана толук үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле ондогон жылдар бою тоскоолдуктарга учурап келген эски планга ылайык Жакынкы Чыгыштын картасын кайра чийүүгө умтулууда.
Иран Америкага кызмат кылып, андан кийин курмандыкка чалынган жана таштандыга ыргытылган алгачкы тарап эмес. Заманбап саясий тарых мындай мисалдарга толгон.
Ушундай татаал көрүнүш алдында биз кубанабызбы? Же ачууланабызбы? Же болуп жаткан нерсенин чыныгы маңызын түшүнүп, туура аракет кылууну үйрөнөбүзбү?
Бул кагылышууга болгон мамиле эч бир учурда Иран режимине боор тартуудан келип чыкпайт. Анткени бул режим өзү өзгөргөн жок жана өзүнүн уяттуу аймактык тарыхынан баш тартканын далилдей турган эч нерсе көрсөткөн жок.
Бул — Афганистан менен Иракта Американын басып алуу кызыкчылыктарын колдогон режим. Сирияда Асад режимин колдоого катышкан. Йемендин бөлүнүшүндө негизги рол ойногон режим.
Негизги маселеде, тагыраагы, Газа маселесинде бул режим башка режимдер сыяктуу эле аны таштап кеткен. Ал тургай Ливандагы өз партиясын да тагдыры менен жалгыз калтырды. Ал түздөн-түз кагылышууга бычак өзүнүн кекиртегине жеткенде гана кирүүгө чечим кабыл алды. Эгер ал согуштан сүйлөшүүлөр аркылуу кутула алганда, анда мурдагыдай эле Америка менен тымызын кызматташуусун улантмак.
Мындай уяттуу тарыхына карабастан, Америка жүргүзүп жаткан согушка карата көз караш кеңири бурчтан каралышы керек. Анткени бул — исламий бир аймакка каршы жасалган агрессия. Андан да коркунучтуусу — бул аракет жөн гана атаандаштарды кулатуу менен чектелбеген, мурда болуп көрбөгөн кыйраткыч максаттарды камтыган келечектеги америкалык долбоордун алкагында болуп жатат.
Бул долбоорду АКШ администрациясы (айрыкча Трамп долбоору) илгерилетүүдө. Анын максаты жөн гана аскерий же саясий үстөмдүк эмес. Анын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Фикрий жана психологиялык баш ийдирүү. «Ибрахим дини» деп аталган нерсени жаңы сакофий багыт катары таңуулоо жана Исламга негизделген саясий ойгонуу долбоорлорунун бардыгын толугу менен тыюу салынган нерсеге айландыруу.
- Географиялык жана демографиялык бөлүп-жаруу. Аймакты кайрадан саясий, мазхабий жана этникалык бөлүкчөлөргө бөлүп-жаруу. Анын калктарын, айрыкча сунний көпчүлүктү, тышкы тараптар башкарган чөйрөдө жашаган жөн гана бир мазхабга айландыруу. Бул тышкы тараптардын башында яхудий түзүмү турат.
- Экономикалык кулчулук. Шам жана Жакынкы Чыгыш аймагын америкалык капитал үчүн чоң инвестициялык аймакка айландыруу. Бул жерде аймактын эли жаңы үстөмдүктүн кызыкчылыктарына кызмат кылган жөн гана кызматкерлер жана жумушчулар болуп калат.
Ошондуктан бул көрүнүштү жөн гана «душман душманды жеңип жатат» деп түшүндүрүү тар көз караш. Чыныгы көрүнүш Вашингтондун толук жана түз үстөмдүк орнотууга умтулуусунда көрүнөт. Мында яхудий түзүмү режимдердин моюн сунган абалынан пайдаланып, эч кандай жоопкерчиликсиз каалаганын кылууга мүмкүнчүлүк алат.
Эгер элдер бул көрүнүштү толук түшүнүшсө, анда алар бир тараптан кубанып шылдыңдоо менен, экинчи тараптан боор ооруп ыйлоо ортосундагы эки жактуулуктан чыгып, аң-сезимдүү деңгээлге өтөт. Дал ушул аң-сезим ыкластуу элиталарды өз жоопкерчилигин алууга, демилгени колго алып бул планды ишке ашырбоого түртүшү керек. Жөн гана дуба кылуу менен чектелип: «Эй Аллах, залимдерди бири-бирине уруштур да, бизди алардын арасынан аман чыгар» — деп коюу жетишсиз.
Ахмад аль-Касас




