Америка куулугу менен шариятка ылайык саясий милдет: «КСД» менен иш алып баруу мисалында

Америка куулугу менен шариятка ылайык саясий милдет: «КСД» менен иш алып баруу мисалында
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмад аш-Шара 18-январда «КСД» күчтөрү менен ок атышууну токтотуу жана аларды Сирия армиясына толук интеграциялоо тууралуу келишимге кол койду. Бул акыркы бир нече күндө коопсуздук жана аскерий багытта ылдам өнүгүүлөрдөн кийин болду. Келишимдин негизги пункттары төмөнкүлөр:
– бардык фронттордо жана байланыш линияларында дароо жана толук ок атышууну токтотуу;
– кайра жайгаштырууга даярдык катары КСД күчтөрүнүн Евфрат дарыясынын чыгышына чегиниши;
– КСД мүчөлөрүн Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин түзүмдөрүнө жеке негизде интеграциялоо;
– мамлекет түзүмүндө жогорку аскерий, коопсуздук жана жарандык кызматтарды ээлөө үчүн КСД тарабынан талапкерлерди кабыл алуу;
– «Ислам мамлекети» уюмунун туткундарын жана лагерлерди башкарган органды өкмөткө кошуу;
– Хасакедеги бардык чек ара пункттарын жана мунай кендерин өкмөттүн карамагына өткөрүү;
– Ракка жана Дейр эз-Зор провинцияларын дароо административдик жана аскерий жактан Сирия өкмөтүнө өткөрүп берүү;
– эл аралык коалициянын мүчөсү катары жана Вашингтон менен координацияда терроризмге каршы күрөштү улантуу милдеттенмеси;
– Хасаке провинциясындагы бардык жарандык мекемелерди мамлекеттин институттарына жана түзүмдөрүнө интеграциялоо;
– КСД жетекчилигинин мурдагы режимдин калдыктарын өз катарына кошпоого милдеттенмеси;
– сириялык эмес Күрдстан Жумушчулар партиясынын жетекчилерин жана мүчөлөрүн өлкөдөн чыгаруу милдеттенмеси;
– «Ислам мамлекети» уюмунун түрмөлөрү үчүн толук укуктук жана коопсуздук жоопкерчилигин Сирия өкмөтүнүн өзүнө алышы;
– Айн ал-Араб шаарында жергиликтүү тургундардан турган коопсуздук күчүн түзүү.
Ахмад аш-Шара өзгөчө макамга ээ аймактарда иштей турган коопсуздук кызматкерлеринин ысымдарын ошол аймактардын өзү сунуштай турганын айтты жана араб урууларына «тынчтыкты сактап, келишимдин пункттарын ишке ашырууга жол ачуу» боюнча кайрылды. Мындан мурда президенттик жарлык чыгып, анда күрд улутунун өздүгүн таануу, «Нооруз» майрамын улуттук майрам жана өлкө боюнча расмий эс алуу күнү деп жарыялоо, Сирияда жашаган бардык күрддөргө жарандык берүү, күрд тилин улуттук тил деп таанып, күрддөр калктын байкаларлык үлүшүн түзгөн аймактарда мамлекеттик жана жеке мектептерде окутууга уруксат берүү каралган. Сирия президентинин кеңсеси билдиргендей, Мазлум Абди Коргоо министринин жардамчысы кызматына КСДдан талапкердин атын сунуштайт жана Хасаке губернаторлугуна талапкерди, ошондой эле Элдик кеңешке өкүлчүлүк үчүн ысымдарды сунуштайт. Мындан тышкары, АКШнын элчиси Том Барак Мазлум Абди жана Илхам Ахмад менен жолукканын жарыялап, 18-январдагы Сирия өкмөтү менен КСД ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн интеграция жолун колдоого Вашингтондун берилгендигин ырастады.
Жогоруда айтылган окуялар, билдирүүлөр жана позициялар боюнча бизде төмөнкүдөй пикир бар:
Биринчиси: Окуялар дагы бир ирет Америка тарабынан аскерий чечимге жетүүгө тоскоолдук кылуудагы ыплас ролун тастыктады. Айрыкча Ахмад аш-Шара менен Барактын жолугушуусунан кийин, кырдаал анын көзөмөлүнөн чыгып кетпеши үчүн жана сириялык сахнанын бардык майда-бараттарына чейин ритмин өзү белгилеп турушу үчүн аракеттенүүдө. Армиянын ыкчам илгерилеши, эркин жарандар менен уруулардын көтөрүлүшү, Жазира аймагынын көпчүлүк бөлүгүнүн бошотулушу жана КСД күчтөрүнүн акыркы таянычы болгон Хасаке провинциясына жакындап калуу шартында, Америка адаттагыдай эле вето коюп, талаа чындыктарын артта калтырган келишимге кайтууну буйруду.
Экинчиси: Аллахтын уруксаты менен, Элдик таяныч ар дайымкыдай эле, негизги салым жана акыркы сөз өзүнө таандык экенин дагы бир жолу далилдеди. Ага кам көрүү, колдоо жана эмгегин баалоо зарыл. Дал ушул элдик таяныч армиянын илгерилешинде жана Евфраттын чыгышында КСД күчтөрүнүн кулашында чоң роль ойноду. Бул салгылаш Шамда революциялык жана жихадий дем бар экенин жана анын бир фракцияны же уюмду жеңүү менен эле чектелбестен, мындан да алыска бара аларын көрсөттү. Бул берекелүү дем мусулмандарга күч-кубат, коргоо, иззат жана айбат кайтара турган мамлекет аркылуу Ислам менен башкарууну орнотууну көздөйт. Ал мамлекет мусулмандардын жерлерин жана ыйык жайларын бошотуу үчүн аскерлерди кыймылга келтирет, алардын башында яхудийлердин найзалары астында туткун болуп онтоп жаткан кайгылуу Акса мечити турат.
Үчүнчүсү: Колонизатор мамлекеттер кайрымдуулук уюмдары же тынчтык орнотуучулар эместиги белгилүү. Аларда ар бир нерсенин баасы жана каршы талабы бар. Американын этаптык саясий максаттарынын бири — яхудийлер менен сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди өткөрүүгө жөндөмдүү болушу үчүн Дамасктагы учурдагы администрациянын позициясын убактылуу бекемдөө. Муну менен катар, андан да жийиркеничтүү «Ибрахим келишимдерине» өтүүдөн мурда, Трамптын нормалдаштырууну ылдамдатуу басымы бар. Ошондой эле «терроризмге каршы күрөш» деген документ бар, мында душмандарыбыздын максаты — Исламды, анын элин жана мамлекет алкагында аны колдонууга аракет кылгандарды куугунтуктоо, Сирияда дээрлик эки миллион шахиддин каны төгүлгөндөн кийин да таза секулярдык режимди таңуулоо. Алар шахид болор алдында: Түбөлүк жол башчыбыз Мухаммад ﷺ деп ураан салышкан.
Төртүнчүсү: Адатынча, Американын бүгүнкү куралдары болгон жакын өнөктөштөрү эртең мөөнөтү бүткөндө, ордуна башкасы табылганда жана ролу аткарылганда таштандыга айланат. Мына ушул сыяктуу, Америкага кызмат кылып, күрд мамлекетин түзүү үмүтү менен өзүн ага арнаган КСД да, ролу толук бүтө элек болсо да, четтелүүдө. Ошондуктан Америкага жылмайып, анын ыраазылыгын издеп жүргөндөр ошол эле тузактарга түшүп, ошол эле тагдырга кабылып калбоосу үчүн сак болсун. Бүгүн «өнөктөштүк» деген шылтоо менен Америка талап кылган нерсенин баары — өтө кооптуу тузак жана чоң балээ. Ал динибизге, революциябыздын туруктуу негиздерине жана жетишкен жеңишибизге коркунуч туудурат.
Бешинчиси: Жетишилген ийгилик жана бошотуу канчалык маанилүү болбосун, анын наркы чоң коркунучта. Эгер анын баасы көз карандылыктан баш тартуу жана «болжолдуу кызыкчылыктар» же алардын «кесилишүүсү» деген шылтоо менен Американын убактылуу куралына айлануу болсо, анда жетишкен нерсенин баасы эмне болот?! Кайра-кайра айтылгандай, Америкага жамынган жылаңач калат, акылдуу адам башкалардан сабак алат. Америкалык саясат менен жуурулушуу коркунучтуу, алааматты жана кырсыкты кабарлайт. Ал суусаганга суудай көрүнгөнү менен, мойнуна оролгон асып өлтүрүүчү жип. Мурункуларда бизге сабак бар, чоң сабак бар.
Алтынчысы: Американын Сириядагы эң кооптуу айлаларынын бири — өзүнүн агенти Асадга каршы жетишилген жеңишти майдалап, аны жеңгендерге бийликти, чечимди жана көз карандысыздыкты жалгыз колго алышына жол бербөө. Алар качкын зөөкүрдү жана анын кулаган режимин колдогон башка «компоненттер» менен бир катарга коюлуп, тиши да, тырмагы да жок жолборс сыяктуу маңызы суюлтулган «шериктеш башкарууга» айлансын дейт. Натыйжада өздүк жоголот, багыт бузулат, чечимдер тартып алынат, күч факторлору жок кылынат, курмандыктар текке кетип, кайра баштапкы чекке кайтабыз. Америка «исламчылардын» бийликти өз алдынча ээлешине, канча убада жана жеңилдик беришсе да, макул болбойт. Американын бийликтин айрым каталарына убактылуу көз жумуусу — аларды өз революциясындагы жеңиштин жемиши деп эсептегенинен. Америкалык ыкма менен мамлекетти секулярлаштыруу «азчылыктарды» бийлик жана чечим борборлоруна киргизмейинче мүмкүн эмес. Бул коопсуздук менен армияга «интеграция» же мурдагы келишимдерди шылтоо кылып кирип, ичтен сиңүү аркылуу ишке ашат.
Жетинчиси: Мусулман күрддөр динде бир туугандарыбыз. Алар үчүн куткарылуу жекече бөлүнүү долбоорлорунда эмес, ал долбоорлорду касташкан мамлекеттер соодалайт. Арабдар сыяктуу эле, алардын да куткарылуусу — элдерди теңдештирген, укуктарды кепилдеген жана Ислам башкаруусунун көлөкөсүндө иззат менен бийиктикти камсыз кылган Исламга кайтууда. Бул КСДнын жетекчилерине карама-каршы: алар динибизге жана Раббибиздин шариятына ачык согуш жарыялашат. Мындай жетекчилер жана түзүмдөр жок кылынып, тамыры кыркылууга тийиш, анткени алар үммөттүн көкүрөгүнө жана артына сайылган уулуу канжар. Убадасы да, келишими да жок, ыймандууга карата ниети да, жоопкерчилиги да жок.
Сегизинчиси: Маселени тамырынан чечип, иштерибизге кийлигишкен мамлекеттердин колун кескен чечим – Исламдын чечимдери гана. Айрыкча батыштын колу менен ойнотулган «чакан этностор» демилгеси ушундай. Батыш аларды арзан ыкма менен пайдаланып, өз максаттарына кызмат кылдырат, алардын кызыкчылыгын ойлоп да койбойт. Америка армияны революциялык мүнөзүнөн жана исламий өңүтүнөн ажыратуу үчүн, бөлүнүүчү КСД күчтөрүн, армияга жана коопсуздукка киргизип, колдоп, позициясын бекемдеп, таасирин арттыргысы келет. Анткени Мазлум Абди жана анын шериктери, качкын Башар жана анын кулаган режиминин символдору сыяктуу эле, кан төгүп, ар-намысты тепсеп, ыйыктыктарды бузушкан. Аларга татыктуу жаза кысас, табигый ордулары армия менен коопсуздуктун жогорку кызматтары эмес, түрмөлөрдүн зындандары. Максат аларды секулярлаштыруу, революциялык жана жихадий демди муунтуу, жеңишти жана анын таасирин нейтралдаштырып, мазмунун бошотуу б.а. америкалык жогорку өкүл Том Барактын буйруктарын аткаруу.
Жыйынтыктап айтканда, Аллахтын уруксаты менен Шамда ыймандын шооласы чынчылдарга отун, адашкандарга шам чырак болуп өчпөй, ар дайым жакшылыкка түртүп турат. Акыры Аллах чыныгы жеңиш жана бекемдөө т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө Ислам башкаруусун насип кылат. Ошондо тарыхты кайрадан жазабыз. Аллахтан анын жакын болушун тилейбиз.
Роя гезити
Устаз Насир Шейх Абдулхай




