Амр ибн Мурра Жуханийдин өз коомун даъват кылуусу

Амр ибн Мурра Жуханийдин өз коомун даъват кылуусу
Абу Наъим «ал-Хиля»да, Табароний «ал-Мажмаъ»да жазышынча, Амр ибн Мурра Жуханий (р.а) мындай деди: «Жахилият доорунда коомумдан болгон бир жамаат менен бирге хаж кылуу үчүн жолго чыктык. Ошондо бир түш көрдүм. Мен Меккеде экенмин. Каабадан чыккан бир нур Ясриб тоосун жана Ашъар Жухайнаны (Жухайна уруусу жашаган тоо, деңиз жанында жайгашкан) жаркыратып жиберди. Мен бул нур ичинен чыгып жаткан бир үндү уктум. Ал мындай деп жатты: «Таркады зулмат, жайылды зия, жиберилди акыркы пайгамбар». Андан кийин дагы бир жарыктык пайда болуп, мен Хийра касрларын, Мадаиндин аппак имараттарын көрдүм жана нурдан чыгып жаткан дагы бир үндү уктум. Ал мындай деп жатты: «Келди Ислам, сындырылды бут-санам, байланды тууганчылык чынжыры бекем. Мен чоочуп ойгондум жана коомума мындай дедим: Аллага ант болсун, Курайштын бул аймагынла, албетте, бир окуя жүз берет. Ошондон кийин аларга көргөн түшүмдү айтып бердим.
Журтубузга жетип баргандан кийин, Ахмад деген бир киши пайгамбар болуп жиберилиптир деген кабар келди. Муну угуп жолго чыктым жана Мухаммад (с.а.в)дын алдына келип, ал кишиге көргөн түшүмдү айтып бердим. Ошондо ал киши:
«يَا عَمْرَو بْنِ مُرَّةَ، أَنَا النَّبِيُّ الْمُرْسَلُ إِلَى الْعِبَادِ كَافَّةً، أَدْعُوهُمْ إِلَى الْإِسْلَامِ، وَآمُرُهُمْ بِحِقْنِ الدِّماءِ، وَصِلَةِ الْأَرْحَامِ، وَعِبَادَةِ اللهِ وَحْدَهُ، وَرَفْضِ الْأَصْنَامِ، وَبِحَجِّ الْبَيْتِ، وَصِيَامِ شَهْرِ رَمَضَانَ -شَهْرٍ مِنْ اِثْنَيْ عَشَرَ شَهْراً- فَمَنْ أَجَابَ فَلَهُ الْجَنَّةُ، وَمَنْ عَصَى فَلَهُ النَّارُ، فَآمِنْ يَا عَمْرُو يُؤْمِنُكَ اللهُ مِنْ هَوْلِ جَهَنَّمَ»
«Эй Амр ибн Мурра, мен бардык пенделерге жиберилген Пайгамбармын, аларды Исламга даъват кыламын, кан төгүүнү токтотууну, туугандар менен байланышууну, жалгыз Аллага ибадат кылууну, бут-санамдарды таштоону, Байтуллага хаж кылууну, орозо айында орозо тутууну аларга буюрамын. Эми, муну ким кабыл алса, ага бейиш болот, ким асийлик кылса, ага тозок оту болот. Эй Амр, ыйман келтир, ошондо Алла сени Тозок коркунучунан аман сактайт», – деди. Мен: Алладан башка кудай жок жана, албетте, сиз Алланын Расулусуз деп күбөлүк беремин, сиз келтирген адал жана арам жөнүндөгү бардык өкүмдөргө ыйман келтирдим, ал тургай, көпчүлүк коомдор каршылык көрсөтүшсө да, мен ыйман келтирдим, – дедим. Кийин, ал кишиге бир канча байттарды окуп бердим. Мен бул байттарды ал киши жөнүндө укканымда айткан элем. Биздин бир бут-санамыбыз бар эле, атам ага карап, кызмат кылып жүрчү. Ордумдан туруп аны сындырып таштадым, кийин: “Албетте, мен «Алла хак» деп күбөлүк берем, таш кудайларды биринчи болуп таштап кетем” – деген абалда Набий (с.а.в)га келип кошулдум.
Мен Пайгамбарыбызга: Ата-энем сизге курман болсун, мени коомума жибериңиз. Ажеп эмес, Алла сиз себептүү мага ырайым көрсөткөндөй, мен себептүү аларга да ырайым көрсөтсө, – дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз:
«عَلَيْكَ بِالرِّفْقِ وَالْقَولِ السَّدِيْدِ، وَلا تَكُنْ فَظّاً، وَلا مُتَكَبِّراً، وَلَا حَسُوْداً»
«Кичипейил жана чынчыл бол, орой, текебер, көрө албас болбо», – деди. Андан кийин коомума келип, аларга: Эй Бани Рифоа, эй Жухайна жамааты, мен Алланын элчисинин силерге жиберген элчисимин. Мен силерди Исламга даъват кыламын, силерге кан төгүүнү токтотууну, туугандарга байланууну, жалгыз Аллага ибадат кылууну, бут-санамдарды четке кагууну, Байтуллага ажылык кылууну, орозодо орозо тутууну буюрамын. Эми, ким кабыл алса, ага бейиш болот, ким күнөөкөрлүк кылса, ага тозок оту болот. Эй Жухайна жамааты, албетте, Алла силерди арабдардын жакшысы кылды. Силерге жахилият дооруңарда башка арабдарга сүйүктүү болгон нерселерди сүйкүмсүз кылып койду. Себеби, башка арабдар эже-сиңдилерди арты-артынан аял кылып алышчу, согуш арам кылынган айда согуш кылышчу, атасы көз жумса, баласы анын аялын аял кылып алчу. Ошондой болгон соң, Бани Луай ибн Голиб арасынан жиберилген бул Пайгамбарга ыйман келтиргиле, ошондо дүйнөдө урматка жана акыретте азиздикке жетишесиңер, – дедим. Ошондо алардын арасынан бир киши алдыма келип: «Эй Амр ибн Мурра, Алла турмушуңду ачуу кылсын, бизге кудайларыбызды таштап, биримдигибизди бузуп, улуу ата-бабаларыбыздын динине тескери иш жасап, Тихома калкынан болгон мына бул курайштыктын даъватын кабыл алышыбызды буюруп жатасыңбы?! Эч жакшылык көрбө», – деди. Ошондон кийин ал ыплас ыр токуп мындай деди:
Ибн Мурра айткан сөз жакшылык эмес,
Аны айткан адамдан жакшылык келбес.
Ата-бабаларды акмак кылганы анын,
Бир күн өз түбүнө жетсе, ажеп эмес.
Ошондо мен ага: Кайсы бирибиз жалганчы болсок, Алла анын турмушун ачуу, сокур, дудук кылсын, – дедим». Амр кийинчерээк икая кылып мындай деди: «Аллага ант болсун, ал карыганда көр, дудук болуп, акылынан азып, анан өлдү. Ал тамактын даамын да билбей турган болуп калган эле».
Амр өз коомундагы Исламга кирген кишилер менен бирге жолго чыгып, Набий (с.а.в)дын алдына келди. Набий (с.а.в) аларды куттуктап, алкыштады жана аларга бир катты жазып берди. Мына бул ошол каттын нускасы: «Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен. Бул Азиз Алла тарабынан акыйкатты сүйлөөчү Расулунун тилинде Амр ибн Мурра аркылуу Жухайна ибн Зайдга берилген жарлык: Ойдуң жана тегиз жерлер, өрөөндөгү адырлар жана тегиздиктер силердики. Болгону, алардагы эгин-тегиндерди карап, сууну баарыңар бөлүшүүңөр, хумс (түшүмдүн бештен бирин) төлөп, жеткирип турушуңар шарт. Кой жана төөлөрдүн кичине бадасына, эгер экөөсү бир болсо, эки кой; эгер бөлөк-бөлөк болсо, бирден кой берилет. Жер айдай турган өгүздөн зекет берилбейт. Ортобуздагы келишимге Алла жана катышкан мусулмандар күбө. Муну Кайс ибн Шаммас жазды».
«Канзул Уммал»да (64/7) ушундай рыбаят кылынган. Анын баарын Абу Наим «ал-Бидая»да келтирген. О.э. Табароний да «ал-Мажма»да (244/8) аны толук келтирген.
