Армения ЕАЭБ жана ЖККУдан чыгаарын билдирди

Армения ЕАЭБ жана ЖККУдан чыгаарын билдирди
Жаңылык:
Эгерде Россия газдын баасын көтөрсө, Армения Евразия экономикалык биримдигинен жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгаарын эскертти. Бул тууралуу парламенттин спикери Ален Симонян билдирди. Анын айтымында, мындай талкуулар жаңы эмес жана алар армян товарларынын импортуна да, газ жеткирүү шарттарына да тиешелүү. Эгер тийиштүү чечим кабыл алынса, Армения аталган интеграциялык бирикмелерден «биротоло чыгарын» баса белгиледи.
Бул билдирүү жакында эле премьер-министр Никол Пашинян менен Россиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда өткөн жолугушуудан кийин жасалды. Бул сүйлөшүүлөр чыңалуу жана карама-каршылыктуу маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар негизги маселелер боюнча пикир келишпестиктер байкалып, бул тараптардын ортосундагы мамилелер алда канча сууп бара жатканын дагы бир ирет тастыктады.
Комментарий:
Тең укуктуу союздаштык мамилелерге таяна турган болсок, бул позиция толугу менен орундуу. Өзгөчө Кремлдин мурдагы советтик республикаларга карата колониялык мамилесин эске алганда, бул билдирүү Москванын эки жүздүүлүгүн ачыкка чыгарат. ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу интеграциялык бирикмелердин алкагында, айрыкча орчундуу экономикалык маселелерде, өз ара кызыкчылыктарды эске алуу жана теңдик принциби башкы орунду ээлеши керек.
Бирикменин башка мүчөлөрү мындай ачык позицияны кармана албагандыгы, алардын Кремлдин саясатынан көз каранды экенин жана өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоого даяр эместигин дагы бир жолу далилдейт. Мындан көрүнүп тургандай, Армян тараптын билдирүүсүн чыңалууну күчөтүү эмес, тескерисинче, ачык-айкын жана тең салмактуу диалог түзүү аракети катары кароого болот.
Эгерде мындай мамиле башка мүчө өлкөлөр үчүн үлгү болсо, бул бирикмелердин бекемделишине гана өбөлгө болмок. Өз кызыкчылыктарын ачык жана активдүү билдирүү, союздардын алкагындагы кызматташтыкты адилеттүү, туруктуу жана чыныгы тең укуктуулукка негизделген деңгээлге көтөрмөк. Бул жашыруун колониялык көз карандылыктын коркунучун азайтып, учурда жетишпей жаткан чыныгы өз ара ишенимди калыптандырмак. Албетте, мунун баардыгы аймактагы өлкөлөрдүн саясий позициясынын алсыздыгынан улам жүз берүүдө. Дал ушул себептен, алар өз кызыкчылыктарынын тебеленип жатканын ачык айта албай, жашырууга аргасыз.
Хужжат Жамиа




