Амананттын көтөрүлүүсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Амананттын көтөрүлүүсү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухаринин тафсири Ибн Хажар Аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде аманаттын көтөрүлүүсү бөлүмүндө айтылган:
حدثنا محمد بن سنان حدثنا فليح بن سليمان حدثنا هلال بن علي عن عطاء بن يسار عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “إذا ضيعت الأمانة فانتظر الساعة” قال: كيف إضاعتها يا رسول الله؟ قال: إذا أسند الأمر إلى غير أهله فانتظر الساعة
Бизге Мухаммад бин Синан Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгер аманат жоголсо, анда Кыяматты күтө бер. Ал айтты: -Оо, Аллахтын Элчиси, ал кантип жоголот? Ал айтты: Эгер иш (бийлик) татыксыздарга тапшырылса, анда Кыяматты күтө бер”.
(باب رفع الأمانة) “Эгер аманат жоголсо”, аманат кыянаттыктын тескериси. Мындан максат анын жоголушу деген мааниде, аманат жок же дээрлик жок болот дегенди билдирет.
(إذا أسند) “Эгер иш татыксыздарга тапшырылса” Аль-Кармани мындай деди: Ал кантип жоголду деген суроого заманды көрсөткөн нерсе менен жооп берди, анткени ал жоопту камтыйт, анткени анын сыпаты жогоруда айтылган сыпат экендигин тактады. Ал жерде “وسد” (васд) сөзү түшүндүрмөсү менен айтылган. “الأمر” (иш) деген сөз халифалык, амирлик, казыят, фатва берүү жана башка нерселер сыяктуу динге тиешелүү иштердин түрү.
(فانتظر الساعة) “Анда Кыяматты күтө бер” «Фа» бутактануу же калтырылган шарттын жообу б.а эгер иш ушундай болсо, кыяматты күтө бер дегенди билдирет. Ибн Баттал айтты: «Иш татыксыздарга тапшылса” дегендин мааниси: Аллах имамдарды пенделерине аманат кылып, аларга насааттарды жүктөгөн, ошондуктан алар дин адамдарын дайындасын. Дин ээлеринен башка адамдарга тапшырылса, Аллах Таала аманат кылган аманатты текке кетиришет.
Урматтуу бир туугандар!
Көптөгөн адамдар аманат маселеси чоң жана маанилүү болгонуна карабай аны баалабай, ага маани бербей же көңүл бурбай калышты. Балким бул анын акыйкатын билбегендиктен жана аны текке кетирүүдөн келип чыккан күнөөнү сезбегендиктен. Көптөгөн адамдар диний коркуу болгондо аны кайдыгер калтырышмак эмес.
Кээ бир мусулмандар аманат түшүнүгүн адамдарга сактоо үчүн калтырган аманат маагисинде тар түшүнүп калышты. Бирок аманаттын мааниси андан алда канча кеңири жана көлөмдүү. Намаз – аманат, зекет – аманат. Башка бардык диний эржелер аманат болуп саналат. Адамдын денесинин ар бир мүчөсү аманат, мисалы, кол, бут, жыныстык мүчө, ашказан ж.б. булар менен тыюу салынган нерсени кылбоо ккрек. Антпесе, сен аманатка кыянат кылган болосуң. Аллах Таала сураган ар бир буйрук жана тыюу аманат.
Эй мусулмандар:
Эң чоң аманаттардын бири – бул акимдерге жана жетекчилерге берилген аманат. Алардын аманаты коомдун баардык тармагын камтыйт. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты:
ما من عبد يسترعيه الله رعية يموت يوم يموت وهو غاش لرعيته إلا حرم الله عليه الجنة“
“Аллах кимге калкты аманат кылып, ал элин алдаган абалда өлгөн болсо Аллах ага бейишти арам кылат”.
Ооба, бул эң чоң аманат. Бул жоголсо баары жоголот, дал ушул күндө үммөт жашап жаткан мезгилдегидей. Иш “бийлик” баш ийбеген, бузуку, малай, кылмышкер жана заалимдердин колуна тапшырылды. А түгүл, светтик мунафыктарга, жада калса мусулмандарды пайдалануу үчүн өз кызматтарын пайдаланган бузуку каапырларга тапшырылды. Сирияда жана бардык мусулман өлкөлөрүндө эмне болуп жатканын көрбөдүңөрбү? Алардын акимдери кантип өлтүрүп жатканын көрбөдүңөрбү?
Азыркы үммөттүн абалы кандай таң каларлык! Ал жалганды таанып, анын артынан ээрчип, коркунучту түшүнүп, ага чуркап кирди. Бул чегирткелердин отко чуркап бара жатканына окшош. Эй асыл үммөт акылыңарга качан келесиңер? Аманатты текке кетирүү коркунучун качан түшүнөсүңөр? Жоголгон эң чоң аманатты билесиңерби? Бул аманат Халифалык. Аны калыбына келтирүү үчүн амал кылгандар менен кошо амал кыласыңарбы? Бул аманат жакында өз ээсине кайтышын Аллахтан тилейбиз.
Оо Аллахым, бытыранды мусулмандардын башын бириктире турган, башына түшкөн азапты көтөрө турган халифалыкты насип эт. Оо, Жараткан, жер бетин асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Оо Аллахым, Амин, Амиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 26-мухаррам.
2025-ж, 21-июль.