Аманат кантип жоголот

Бисмиллаахи рахмааниир рахиим
Асыл хадис менен
Аманат кантип жоголот
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
أورد البخاري رحمه الله تعالى عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ”إِذَا ضُيِّعَتْ الْأَمَانَةُ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ قَالَ: كَيْفَ إِضَاعَتُهَا يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: إِذَا أُسْنِدَ الْأَمْرُ إِلَى غَيْرِ أَهْلِهِ فَانْتَظِرْ السَّاعَةَ
Аль-Бухари Абу Хурайрадан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Эгер аманат жоголсо, анда Кыяматты күткүлө Ал: Ал кантип жоголот, эй, Аллахтын элчиси? – деп сурады. Ал: Эгер иш (бийлик) татыксыз адамдарга берилсе, анда Кыяматты күткүлө”, – деди.
Аль-Кирмани мындай деген: “иш” деген сөздүн мааниси – халифа, амирлер, казылар, фатва чыгаруу сыяктуу динге байланыштуу башкаруу маселелерин камтыйт. Ал ошондой эле мындай деди: “أُسند الأمر إلى غير أهله” (“иш” татыксыз адамдарга берилсе) дегендин мааниси, Аллах бийликтеги имамдарга Өзүнүн пенделерин аманат катары тапшырып, аларга насаат кылууну милдеттендиргендигин билдирет. Ошондуктан имамдар аалымдардан насаат алуулары керек, эгер аалымдардан эмес башкалардан насаат ала турган болушса Аллах аларга тапшырган аманатты жоготкон болушат.
Урматтуу бир туугандар:
Биз эң чоң аманат болгон башкаруу ага татыктуу эмес адамдарга, биз угуп жана көрүп турган чыккынчы башкаруучуларга ишенип берилген мезгилде жашап жатабыз. Алар башкарууга жараксыз, анткени аларды мусулмандардын үстүнөн бийлик берип дайындаган колонизатор каапырлар. Ошондуктан алар мусулмандарга катуу запкы тарттырып, ачыктан-ачык каапырлык менен башкарып жатышат. Алар бут кийиминин боолору бузулуп калса, аны оңдой алышпаган жасалма башкаруучулар жана жасалма адамдар. Алардын айынан ишеним жана ак ниеттүүлүк жоголуп, чыккынчылык жана кыянатчылык үстөмдүк кылып жатат. Буларга тиешелүү өкүм- алардын жаман иштеринин бири болууга ыраазы болгондорго, аларды ээрчигендерге жана алардын иш-аракеттерин айыптабагандардын баарына, анын ичинде аалымдарга, жалган аалымдарга, муфтийлерге, казыларга жана башкаларга тиешелүү. Алар билип туруп Аллахка, Анын Элчисине жана мусулмандарга кыянаттык кылгандар. Аллахтын аяттарын шылдыңдап, аяттарды айрым жерлеринен бурмалагандар. Булар кайдыгер, шалаакы, башкарууга жана илимге кыянат кылгандар.
Эгерде бийлик анын чыныгы ээлерине, пайгамбарлык жолундагы экинчи халифалык тикелениши аркылуу аны орнотууну талап кылган ыймандуу адамдарга тапшырылбаса, аманат жерге кайтып келбейт. Халифалык менен гана аманат калыбына келтирилет жана чыккынчылык жок кылынат. Оо, Аллах, анын келишин тездет жана бизди анын жоокерлеринен жана күбөлөрүнөн кыл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 8-жумадил уула.
2025-ж, 30-октябрь.
