Дуба ибадаттын өзөгү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Дуба ибадаттын өзөгү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ الدُّعَاءُ مُخُّ الْعِبَادَةِ جاء في تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي
Анас ибн Малик риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Дуба – ибадаттын өзөгү”. Жамиъ ат-Тирмизинин тафсири Тухфат аль-Ахвазийде айтылат.
الدُّعَاءُ مُخُّ الْعِبَادَةِ “Дуба – ибадаттын өзөгү”
الْمُخُّ Мух (Дамма менен) – таза сөөк, мээ жана көздүн өзөгү жана бардык нерсенин маңызын билдирет. Мааниси дуба ибадаттын өзөгү жана маңызы болуп саналат, анткени дуба кылуучу Аллахтан башка нерседен үмүтү үзүлгөндө гана ага жалбарып дуба кылат. Бул тавхид менен ыкластын акыйкаты. Анткени алардан ашып өткөн эч кандай ибадат жок.
Ибн аль-Араби айтты: “Мээ органдарга күч берет, демек дуба ибадаттын мээси. Аны менен сыйынуучулардын ибадаттары күчтөнөт, анткени ал ибадаттын руху”.
Кээ бир тафсирчилер Алла Тааланын: إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي “Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленгендер” деген сөзүн ага дуба кылуудан текеберленгендер деп тафсирлешкен.
Урматтуу бир туугандар:
Дуба – бул пенденин Раббисинен суроосу. Дуба кылууга үндөгөн жана шыктандырган көптөгөн асыл аяттар жана пайгамбарлык асыл хадистер бар.
منها قوله تعالى: وإذا سألك عبادي عني فإني قريب أجيب دعوة الداع إذا دعان،
Анын ичинде Алла Тааланын: “(Оо, Мухаммад) пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, Мен жакынмын, эгер дуба кылуучу мага дуба кылса дубасын кабыл кылам”.
قوله تعالى: أمن يجيب المضطر إذا دعاه ويكشف السوء ويجعلكم خلفاء الأرض،
“Кыйынчылыкка кабылган адам Ага дуба кылганда ким жооп берет, андан жамандыкты ким кетирет жана силерди жер бетинде ким орун басар кылат?” деген аяттары бар.
قوله صلى الله عليه وسلم: ما من مسلم يدعو بدعوة ليس فيها إثم ولا قطيعة رحم إلا أعطاه الله بها إحدى ثلاث: إما أن يعجل له بدعوته، وإما أن يدخرها له في الآخرة، وإما أن يصرف عنه السوء مثلها
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Күнөөсү жок жана туугандык мамилесин үзбөгөн адам дуба кылганда ал үчүн Аллах ага үч нерсенин бирин берет: Же ага дуба кылып сураган нерсесин берүүнү тездетет, же аны акыретке калтырат, же дуасына барабар жамандыкты андан кайтарат”.
Мусулманга жакшылыкта да, жамандыкта да, жашыруун да ачык да Алла Таалага дуба кылуусу, Аллах Тааланын сообуна жетиши үчүн мандуб амал. Дуба Аллах Таалага моюн сунууну жана ага муктаждыкты көрсөтөт.
Кээ бирөөлөр сурашы мүмкүн, эмне үчүн Палестина менен Ирак биздин көптөгөн дубаларыбызга карабай азат болгон жок? Эмне үчүн биз жөөттөргө каршы эртең менен жана кечинде дуба кылсак да, Аллах аларга каарданбайт? Эмне үчүн Аллах Америка менен Британиядан өч албайт? Эмне үчүн Аллах Таала биз үзгүлтүксүз чарчабай дуба кылып жатканыбызга карабай, жашоонун кымбаттыгын, жакырчылыкты жана бөлүнүп-жарылууну бизден көтөргөн жок? Биз дайыма: “Аллахым бизди бул абалдан чыгар”, “биздин абалыбызды өзгөрт” деп жалынып дуба кылганыбызга карабай, эмне үчүн Аллах Таала ушул абалыбызды өзгөртпөй койду!
Урматтуу бир туугандар.
Дуба себепсиз эч нерсеге себеп болбошун билишибиз керек. Болбосо, жүрөктөрдүн сүйүктүүсү, ага Аллахтын (салам-салаваттары болсун), ага эң татыктуусу болмок жана Аллах Таала эч кандай аракетсиз, жана амалсыз ага нусрат бермек. Эгер биз чындап Палестинаны, Иракты жана башка мамлекеттерди азат кылгыбыз келсе, жөөттөрдү өз жерибизден кууп чыгууну кааласак, жана биздин абалды өзгөртүүнү кааласак, анда сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үлгүсү менен талыкпай аракет кылышыбыз керек болот.
Дубага келсек, анын максаты – Аллах Тааланын буйругуна баш ийүү менен андан сооп алуу. Дуба ибадат болуп саналат. Намаз ибадат, орозо ибадат болгон сыяктуу, дуба да ибадат. Момун Аллах Тааланын буйруктарын аткарып анын сообуна жетиши үчүн, дүйнө жана акыретке байланыштуу муктаждыктарын же башка максаттары аткарылуусу үчүн дуба кылат жана сурайт.
Акырында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдын) айтканын эске салабыз:
(وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْ عِنْدِهِ ثُمَّ لَتَدْعُنَّهُ فَلَا يَسْتَجِيبُ لَكُمْ)
“Жаным Колунда болгон Затка ант болсун, силер жакшылыкка буйруп, мункардан кайтарасыңар, болбосо (антпесеңер жакшылыкка буйруп жамандыктан кайтарбасаңар) Аллах Таала силерге Өзүнөн бир азап жиберет. Андан кийин Ага дуба кыласыңар, бирок Ал силерге жооп бербейт”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 30-робиул аввал.
2025-ж, 22-сентябрь.