Илим кантип көтөрүлөт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Илим кантип көтөрүлөт
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухаринин тафсири Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатхул-Барисинде “Илим кантип көтөрүлөт” деген бөлүмдө айтылган:
حدثنا إسماعيل بن أبي أويس قال حدثني مالك عن هشام بن عروة عن أبيه عن عبد الله بن عمرو بن العاص قال:” سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: ” إن الله لا يقبض العلم انتزاعا ينتزعه من العباد، ولكن يقبض العلم بقبض العلماء، حتى إذا لم يبق عالم اتخذ الناس رءوسا جهالا، فسئلوا فأفتوا بغير علم، فضلوا وأضلوا“
Бизге Исмаил бин Абу Увайс Амр бин Аль-Астандан риваят кылды, ал айтты: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) мындай деп айтканын уктум: “Аллах илимди пенделеринен жулуп алып жок кылбайт, бирок аалымдарды алуу менен илимди алып кетет, бир да аалым калбай калганда, эл жахил наадандарды жетекчи кылып алышат. Алардан суралганда илими жок фатва беришет, ошентип алар адашып, башкаларды да адаштырышат”.
لا يقبض العلم انتزاعا “Илимди жулуп алып жок кылбайт” дегендин мааниси, жүрөктөрдөн өчүрүү. Бул тууралуу Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) коштошуу ажылыгында кабардар кылган. Ахмад жана Ат-Табарани Абу Умаманын хадисинен риваят кылгандай, коштошуу ажылыгында Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Илимди алып кетүүдөн же көтөрүлүп кетүүсүнөн мурда алгыла” – деп айткан. Бир бедуин: “Ал кантип көтөрүлүп кетет?” деп сураганда, Ал айтты: “илимди жоготуу аны алып жүрүүчүлөрдү жоготуу”. Ибн аль-Мунир айтты: Адамдардын жүрөгүнөн илим өчүрүлүшү мүмкүн, бирок бул хадис андай болбошуна ишарат кылат.
Урматтуу бир туугандар:
Балким, бул хадис аалымдар үчүн терең мааниге ээ. Алар бул дүйнөнү таштап, илими алар менен кошо кетээрден мурда биз алардан сурайбыз: Эй аалымдар, илим жашоодо колдонулбаса кандай пайдасы бар? Силерден мурда аалымдардын кийимин кийген киши жөнүндө уккан жоксуңарбы? Ал өлдү, эмне үчүн ал өзүнүн билимине амал кылган жок деп эл аны сөз менен жемеге алды. Ал бүгүн кайда? Ислам мамлекети халифалык талкаланган токсон жыл ичинде бул мамлекетти кайра калыбына келтирүүгө аракет кылбай канчалаган аалымдар жашап, каза болушту? Бул фарз жана фарздардын таажысы экенин билбеди беле? Же үммөт бул парзды түшүнгөнүн көргөн жокпу? Ал өзүнүн илими, фикхи менен үммөт түшүнгөн нерсени түшүнө элекпи? Жок, Аллахка ант болсун, муну ал түшүндү бирок ошол ондогон жылдар бою үммөттүн азап чегип жаткан коркунучтан коркту: башкаруучулардан коркуу жана тездик менен өтүүчү дүйнөгө болгон ынтызарлыктан улам бул нерсени ал кылган жок. Бирок, эй аалым, бул коркунучту үммөт жарып өттү, анын Аллах жөнүндө илими сенден азыраак. Анда биз сага эмне деп айта алабыз? Мындан ары эмне кыласың? Сенин илимиң сени менен бирге кетээрден мурда, Кыяматта ал сага эмес, сага каршы боло электен мурда үммөттүн позициясын ээлеп, анын акыйкат үчүн болгон революциясында аны менен бирге болуу менен анын алдына чыгасыңбы? Эй аалым жана сени менен бирге болгон аалымдар тургула жана аны революция деп жарыялагыла. Аны “аалымдар революциясы” деп жарыялагыла. Үммөтүңөр башынан өткөрүп жаткан ушул кыйын мезгилде бул силердей адамдардын кылган ишинин эң азы болушу керек.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 6-робиул аввал.
2025-ж, 29-август.