Асыл хадис

Куранды үйрөнүү жана мол жакшылык

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Куранды үйрөнүү жана мол жакшылык

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

“Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде: “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп, үйрөткөнүңөр”, деген бөлүмүндө айтылат:

حدثنا حجاج بن منهال حدثنا شعبة قال أخبرني علقمة بن مرثد: سمعت سعد بن عبيدة عن أبي عبد الرحمن السلمي عن عثمان رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: خيركم من تعلم القرآن.

Бизге Хажжаж бин Минхал, Усмандан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) риваят кылат: “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөнүңөр”.

Урматтуу бир туугандар:

Бул хадисте Куранды үйрөнүү, жаттоо, окуу жана ага ылайык жашоо зарылдыгы жөнүндө айтылат, анткени мында көптөгөн жакшылыктар бар. Адам үйрөнө турган жана үйрөтө турган эң жакшы нерсе – бул Куран.

Куранды билген, окуган аалым бекем тоо сыяктуу, дүйнө анын көз алдында маанисиз болуп калат жана ал Аллах жолунда эч бир жамандоочунун жамандыгынан коркпойт. Куран аркылуу напси жанданат жана жүрөктөр тынчтык табат.

Урматтуу мусулмандар:

Жашооңор Куранды кармануудан көз каранды экенин, ал эми  кыйрап жок болууңар аны этибарга албагандыгыңардан көз каранды экенин далилдөөнүн кажети жок. Куран пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) түшүрүлгөндөн бери  эле каапыр колонизаторлор ага каршы күрөшүп келе жатканын силерге көрсөтүү үчүн  эч кандай далилдин кереги жок. Турмуш чындыгы муну мурун да, азыркы учурда да көрсөтүп турат. Куранды канчалык бекем кармансаңар, каапыр колонизаторлор  ошончолук каршы күрөшөт. Бул  согуш силер куранды толук таштаганга же куранды кармануу  менен алардын үстүнөн  жеңишке жеткенге  чейин уланат. Демек, Куранды үйрөнүү – бул жеңиш. Андыктан аны текчелерде эмес, жүрөктөрдө сактоо шар. Ал эми аны жашоодо колдонуп ишке ашыруу жана араңардагы мамиледе бекем орнотуу – бул улуу жеңиш жана чоң жакшылык.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылта турган, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Оо, Аллахым, аамиин, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 1-жумаади саани.

2025-ж, 22-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button