Асыл хадис

Кыямат күнүнүн коркунучунан коркуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кыямат күнүнүн коркунучунан коркуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль-Бухаринин шархы  Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Бари  китебинде, “Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Эгер силер менин билгенимди билгениңерде аз күлүп, көп ыйламаксыңар” деген сөзү” бөлүмүндө айтылган:

حدثنا يحيى بن بكير حدثنا الليث عن عقيل عن ابن شهاب عن سعيد بن المسيب، أن أبا هريرة رضي الله عنه كان يقول: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “لو تعلمون ما أعلم لضحكتم قليلا ولبكيتم كثيرا

Бизге Яхья бин Бакир бизге Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айтканын айтты: Аллахтын элчиси (Аллахтын ага салам-салаваты болсун) мындай деди: “Эгер силер мен билгенди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар”.

Урматтуу бир туугандар:

Хафиз Ибн Хажар (Аллах ага ырайым кылсын) мындай деген: Бул жердеги “билгениңерде” деген сөз Аллахтын улуулугуна, Ага баш ийбегендерден өч алуусуна жана өлүм учурунда, кабырда жана Кыямат күнү боло турган коркунучтарга байланыштуу нерсе. Бул жерде көп ыйлоо жана күлкүнүн аз болушу керектигинин себеби айдан ачык жана анын максаты – коркутуу”.

Эй мусулмандар!

Кээ бир адамдар өткөн турмуштун туткунунда жашашат, кээ бирлери азыркы учурда жашоо менен алек болушат жана алардын саны көп, ал эми кээ бирлери келечекте жашоо үчүн амал кылышат. Адамдар ушундай, бирок адам бул жашоодон башка жашоого өтөрүн түшүнүү үчүн канчалык пикир керек? Бул  жашоо чыныгы жашоо эмес, ал эми акырет түбөлүктүү. Ошондуктан, мисалы, Кыямат күн Ыйык Куранда отуздан ашык жолу айтылат. Аль-Кариа, Аль-Вакиъа, Ас-Соохха, Ар-Рожифа жана Ат-Тамма Аль-Кубра сыяктуу жүрөктөрдү титиреткен жана үшүн алган ар түрдүү ысымдар менен айтылат. Кандай күн! Кандай гана кырдаал! Кандай гана жүрөк үшүн алган көрүнүштөр!

Муну уккан адам коркуп, күлгөндүн ордуна ыйлап, бул коркунучтан кутулууга аракет кылып жашайт. Хадистин мааниси ушул: ар бир мусулман бул маселени эске алып, тырышып, аракет кылышы керек.  Биз жашап жаткан вакый кандай гана ачуу! Өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн канча адам керек!

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылта турган, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Оо, Аллахым, аамиин, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 6-жумади саани.

2025-ж, 26-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button