Асыл хадис

Роббибиз Аллах болгондугуна ыраазыбыз

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Роббибиз Аллах болгондугуна ыраазыбыз

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сунан Абу Даудда, ким эртең менен жана кечинде: “Раббибиз Аллах, динибиз Ислам жана пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) болгондугу үчүн ыраазыбыз” десе, Аллах аны ыраазы кылууга акылуу болору айтылган:

حدثنا حفص بن عمر حدثنا شعبة عن أبي عقيل عن سابق بن ناجية عن أبي سلام أنه كان في مسجد حمص فمر به رجل فقالوا هذا خدم النبي صلى الله عليه وسلم فقام إليه فقال حدثني بحديث سمعته من رسول الله صلى الله عليه وسلم لم يتداوله بينك وبينه الرجال قال سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول من قال إذا أصبح وإذا أمسى رضينا بالله ربا وبالإسلام دينا وبمحمد رسولا إلا كان حقا على الله أن يرضيه

Хафс бин Умар бизге Абу Салламдан риваят кылды: “Ал Химса мечитинде болчу, анын жанынан бир киши өтүп баратканда: Бул Пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кызмат кылган”, – дешти. Ошондо ал ордунан туруп, анын жанына барды да: Мага Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдан) уккан хадисти айтып берчи, ал киши экөөңөрдүн ортоңордо гана болуп, башка эч кимге айтыла элек, – деди. Ал айтты: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деп айтканын уктум: “Ким эртең менен жана кечинде: Раббибиз Аллах, динибиз Ислам жана пайгамбарыбыз Мухаммад болгондугу үчүн ыраазыбыз десе, анда аны ыраазы кылуу Аллахтын акысы”.

Сунан Абу Дауддун шархы Аун ал-Маъбуд китебиндеги “Раббибиз Аллах болгондугу үчүн ыраазыбыз бөлүмүндө айтылат:

عن أبي عقيل (Абу Акиил ), аты жөнү Хишам бин Билал.

عن أبي سلام (Абу Салламдан): Ламга басым жасоо менен, ал Мамтур аль-Хабаши.

أنه (Ал): Абу Саллам дегенди билдирет.

في مسجد حمص (Химса мечитинде): касра менен жана мим сүкүн менен: Шадамдагы шаар.

كان فقالوا هذا (алар айтышты бул ): ал жердеги адамдар дегенди билдирет.

خدم (кызмат кылган): өткөн чак.

فقام (Ордунан турду): Абу Саллам.

إليه (Ага): ал адамга деген маани.

فقال (Ал айтты): Абу Саллаам لم يتداوله بينك وبينه الرجال ал хадис сага жетип келишинде Пайгамбар экөөңөрдүн ортоңордо башка адамдар болгон жок. Тактап айтканда сен түз Пайгамбардын өзүнөн уккан хадис айтчы.

رضينا بالله ربا (Раббибиз Аллах болгондугу үчүн ыраазыбыз): бул шарьий өкүмдөргө жана жалпы адамзат көйгөйлөрүнө ыраазы болууну камтыйт.

أن يرضيه (Аны ыраазы кылуу)

إلا كان حقا على الله Аллахтын акысы: ал ыраазы болгонго чейин ага чоң сыйлык берүү дегенди билдирет.

Аль-Мунзирий мындай дейт: Аны Насаи да риваят кылган.

Урматтуу бир туугандар:

Раббибиз деп Аллахка, динибиз деп Исламга, Пайгамбарыбыз жана элчибиз деп Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламга) ыраазы болуубузду – Азирети (саллаллаху алейхи уа саллам) бизди ойгонгондо жана жатарда айтууну үйрөткөн сөздөр. Бул сөздөрдү ар бир мусулман эстеп, эскертип турушу керек: Рабби катары Аллахка, дин катары Исламга, Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламга) Расул жана Пайгамбар катары ыраазыбыз. Ал ислам акыйдасынын маанисин камтыйт жана бул акыйдага моюн сунуу жана канааттануу жүрөккө жана акылга жеткирүүдөгү күнүмдүк кабарды камтыйт. Ал Кудуреттүү Аллах Таала менен болгон келишимди күнү-түнү жаңыртат. Ага моюн сунуу жана баш ийүү менен бул канааттануу мусулмандын жашоосунун бардык тармагын камтышы керек. Мисалы, ибадат жагына моюн сунуп, турмуштун калган жактарын, анын ичинде экономикалык, саясий, социалдык, ал тургай башкаруу маселелерин да таштап коюуга болбойт.

Тескерисинче, бул моюн сунуу Аллах Таала биздин Кудайыбыз жана мыйзам чыгаруучубуз экенине канааттанганыбызды жана анын мыйзамынан жашообуздун бардык чечимдерин алабыз дегенди билдирет.. Эгедерлик, өкүмдарлык (өкүм чыгаруу) Аллах Таалага жана анын шариятына гана таандык.

Бул хадис Алла Тааланын: إِنِ الْحُكْم إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ “Өкүм Аллахка гана таандык. Ал Өзүнөн башкага сыйынбагыла деп буйруду” деген сөзүн эске салат.

Ат-Табари бул аяттын тафсиринде мындай дейт: Ал силерге жана бардык жараткан нерселерин ага гана ибадат кылууну буйруган, ибадатка татыктуулук жалгыз Ага гана таандык.

Аль-Мусанна Абу Аль-Алиядан риваят кылып айтты: Аллатын сөзү тууралуу: { إِنِ الْحُكْم إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إيَّاهُ } Өкүм Аллахка гана таандык. Ал өзүнөн башка эч кимге сыйынбагыла деп буйруду“. Ал айтты: “Дин эч бир шериги жок, жалгыз Аллахка гана ыкластуулукка негизделген.

Исламдагы бир туугандар! Рабби деп бир гана Аллахка ыраазы болгула, диниңер Исламга гана ыраазы болгула, Пайгамбарыңар катары Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламга) гана ыраазы болгула. Биздин конституциябыз Куран жана Сүннөттөн алынышы керек жана конституциябыз Куран жана пайгамбарлык болушу керек.

Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 19-робиус саани.

2025-ж, 11октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button