Асыл хадис

Фатхтан кийин хижрат жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Фатхтан кийин хижрат жок

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن ‏ابن عباس‏ ‏قال: ‏‏قال رسول الله‏ ‏صلى الله عليه وسلم‏ ‏يوم فتح ‏مكة:‏ “‏لا هجرة بعد الفتح ولكن جهاد ونية وإذا ‏ ‏استنفرتم ‏فانفروا

Ибн Аббас риваят кылган хадисте, айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Меккени фатх кылган күнү айтты: “Фатх кылынгандан кийин хижрат жок, бирок жихад жана ниет бар, эгер согушууга чакырылсаңар, анда чыккыла”.

Жамиъ ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү Тухфат аль-Ахвазийде айтылат.

لا هجرة بعد الفتح‏ “Фатхтан кийин хижрат жок” Мекке фатх кылынгандан кийин дегенди билдирет.

Аль-Хаттаби жана башкалар айтышкан: “Исламдын башталышында Мадинада мусулмандардын аздыгынан жана ал жерге чогулуу муктаждыгынан улам Исламды кабыл алгандарга хижрат парз болгон. Аллах Меккени фатх кылганда адамдар топ-топ болуп Аллахтын динине киришкендиктен Мадинага хижрат кылуу милдети алынып салынган. Жихад кылуу жана ниеттин парзы  кимде-ким аны кылса же душман кол салса анын парзы мойнунда калат”.

Исламды кабыл алгандардын хижрат кылуу хикматы каапырлардын азабынан коргонуу да болгон. Каапырлар жакындарынан Ислам динин кабыл алгандарды динден кайтаруу үчүн кыйнашкан. Алар тууралуу бул аят түшкөн:

{إن الذين توفاهم الملائكة ظالمي أنفسهم قالوا فيم كنتم قالوا كنا مستضعفين في الأرض قالوا ألم تكن أرض الله واسعة فتهاجروا فيها}

 “Чындыгында, периштелер өздөрүнө зулум кылгандар өлтүрүп жатканда: Силер кандай абалда элеңер?” – деп сурашат. Алар: “Биз жер үстүндө алсыз болдук”, – дешет. Алар айтышат: “Аллахтын жери силер ага хижрат кылууңар үчүн кенен эмес беле?”.

Аятта айтылган бул хижрат куфр жеринде Исламды кабыл алып, андан чыгууга кудурети жеткендер үчүн парз өкүм бойдон калат.

وقد روى النسائي من طريق بهز بن حكيم بن معاوية عن أبيه عن جده مرفوعا: “لا يقبل الله من مشرك عملا بعدما أسلم ويفارق المشركين

Ан-Насаи Бахз бин Хаким бин Муавиядан риваят кылат: “Мушрик Исламды кабыл алып, мушриктерден чыкканга чейин Аллах анын эч бир амалын кабыл албайт”.

ولأبي داود من حديث سمرة مرفوعا: “أنا بريء من كل مسلم يقيم بين أظهر المشركين

Абу Давуд пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)га чейин жеткен Сумрата хадисинен риваят кылат: “Мен мушриктердин арасында жашаган ар бир мусулмандан тазамын”.

Бул дининде коопсуз болбогондорго тиешелүү. (ولكن جهاد ونية) ‏  “Бирок жихад жана ниет бар”.

Таййиби жана башкалар айтышты: “Бул оңдоо өзүнөн кийинки өкүмдүн өзүнөн мурунку өкүмдөн айырмасын талап кылат. Мааниси – ата-журтун таштап, мадинага талап кылынган көч токтоду дегенди билдирет. Бирок жихад үчүн чыгуу (хижрат кылуу) парздыгы сакталып кала берет. Ошондой эле куфр жеринен качуу, илим алуу үчүн чыгуу, фитнадан качуу сыяктуу туура ниет менен хижрат кылуу  да ошондой. Мунун баары ниетке байланыштуу.

(وإذا استنفرتم فانفروا) ‏ “эгер согушууга чакырылсаңар, анда чыккыла”.

Навави айтты: Хижраттын токтошу менен үзүлгөн жакшылыкты жихад жана жакшы ниет менен алууга болот. Эгер имам жихадга же башка сооп иштерге чыгууну буйруса, ага чыккыла.

Урматтуу бир туугандар:

Хижрат – куфр өлкөсүнөн Ислам жерине көчүп кетүү. Аллах Таала айтты:

(إِنَّ الَّذِينَ تَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ ظَالِمِي أَنْفُسِهِمْ قَالُوا فِيمَ كُنْتُمْ قَالُوا كُنَّا مُسْتَضْعَفِينَ فِي الْأَرْضِ قَالُوا أَلَمْ تَكُنْ أَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةً فَتُهَاجِرُوا فِيهَا فَأُولَئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَسَاءَتْ مَصِيرًا (97) إِلَّا الْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ لَا يَسْتَطِيعُونَ حِيلَةً وَلَا يَهْتَدُونَ سَبِيلًا (98) فَأُولَئِكَ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَعْفُوَ عَنْهُمْ وَكَانَ اللَّهُ عَفُوًّا غَفُورًا (99)

“Чындыгында, периштелер өздөрүнө зулум кылгандар өлтүрүп жатканда: Силер кандай абалда элеңер?» – деп сурашат. Алар: Биз жер үстүндө алсыз болдук, – дешет. Алар айтышат: Аллахтын жери силер ага хижрат кылууңар үчүн кенен эмес беле? Алардын баш калкалоочу жайы тозок,  ал эң жаман жер. Бирок эч айла-амал таба албай калган алсыз эркектер, аялдар жана балдар (буга кирбейт). Мына ошолорду Аллах кечирет жана Аллах Кечиримдүү жана боорукер”.

 فروى أحمد عن النبي  أنه قال: «إن الهجرة لا تنقطع ما كان الجهاد» وفي رواية أخرى عنه «لا تنقطع الهجرة ما قوتل الكفار

Куфр жеринен Ислам өлкөсүнө көчүү уланат жана эч качан бүтпөйт. Ахмад Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: “Жихад болуп турганда хижрат токтобойт”. Жана дагы бир риваятта: “Каапырлар менен согушулуп турганда, хижрат токтобойт”.

Хижрат өкүмүнө келсек, кээ бир учурларда кудурети жеткендерге важиб, кээ бир учурларда мандуб (сунушталат). Ал эми кимдин колунан келбей турган болсо, Аллах аны кечирген жана ага милдеттүү эмес, себеби ал хижрат аятынын аягында айтылгандай, оору, калууга мажбур болуу, же аялдар, балдар жана ушул сыяктуу алсыздыктан улам хижрат кыла албайт.

Ким хижрат кылууга кудурети жетсе, бирок динин ачык аткара албаса жана андан талап кылынган Ислам өкүмдөрүн аткара албаса, хижрат аятында айтылгандай, хижрат кылуу ага важиб болот, Аллах Таала айтты:

نَّ الَّذِينَ تَوَفَّاهُمُ الْمَلَائِكَةُ ظَالِمِي أَنْفُسِهِمْ قَالُوا فِيمَ كُنْتُمْ قَالُوا كُنَّا مُسْتَضْعَفِينَ فِي الْأَرْضِ قَالُوا أَلَمْ تَكُنْ أَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةً فَتُهَاجِرُوا فِيهَا فَأُولَئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَسَاءَتْ مَصِيرًا (97)

“Чындыгында, периштелер өздөрүнө зулум кылгандары  өлтүрүп жатканда: Силер кандай абалда элеңер?» – деп сурашат. Алар: Биз жер үстүндө алсыз болдук, – дешет. Алар айтышат: Аллахтын жери силер ага хижрат кылууңар үчүн кенен эмес беле? Алардын баш калкалоочу жайы тозок,  ал эң жаман жер”.

Ал эми хижрат кылууга кудурети жетип, бирок динине амал кыла алса жана исламий өкүмдөрдү аткара алса, бул учурда хижрат кылуу важиб эмес, мандуб (сунушталат).

Анын мандуб кылынганына келсек, Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Мекке фатх кылынуусунан мурда хижрат кылууга кызыктырган, буйруган эмес бул жер куфрдун жери болгон. Ал эми парз эместигине келсек, бул Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам Меккеде калган мусулмандарды такрир (унчукпай маакул көрүү)  кылган (аларды хижрат кылууга буйруган да кайтарган да эмес алардын ал жерде калуусун макулдаган).

فقد رُوي أن نُعيم النحَّام حين أراد أن يهاجر جاءه قومه بنو عدي فقالوا له أقم عندنا وأنت على دينك، ونحن نمنعك عمن يريد أذاك، واكفنا ما كنت تكفينا

Риваят кылынат: “Нуайм ан-Наххаам хижрат кылууну каалаганда, анын коому Бану Адий келип, ага: “Биз менен кал, өз диниңде эле каласың. Биз сени сага зыян келтиргиси келгендерден сактайбыз жана сен бизди коргогон нерсеңден да коргойбуз”,-дешти.

Ал Бану Адий уруусунун жетим-жесирлерин багып жүргөн, бирок хижратты бир аз кечиктирип, кийин хижрат кылган.

فقال له النبي : «قومك كانوا خيراً لك من قومي لي. قومي أخرجوني وأرادوا قتلي، وقومك حفظوك ومنعوك

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага мындай деди: “Менин коомума караганда сенин коомуң сага жакшыраак болчу. Коомум мени кууп чыгып, өлтүргүсү келди, бирок коомуң сени сактап, коргоду”.

Ибн Хажар аны “Исаабада” айткан. Ал айтты: Оо, Аллахтын элчиси, коомуң сени Аллахка моюн сунууга жана Анын душманы менен согушуу үчүн кууп чыгышты, ал эми менин коомум мени хижрат кылуудан жана Аллахка моюн сунуудан кечиктиришти.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 2-зул хижжа.

2025-ж, 29-май.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button