Ыйык Курани Каримди мукам үн менен кооздоо

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ыйык Курани Каримди мукам үн менен кооздоо
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Куран Аллахтын сөзү, ал Анын бекем арканы жана Анын түз жолу. Аны таштаган эч бир залимди Аллах сындырбай калтырган эмес. Бул үммөттүн конституциясы. Ал анын жашоосу жана бийиктикке көтөрүлө турган жолу. Демек, ага кам көрүү, окуу, ага амал кылуу, аны турмуштун бардык тармагында өкүмдарлык кылуучу бийлик кылуу жана бардык адамдарды ага ишенүүгө, ага амал кылууга жана ага кайрылууга чакыруу үммөттүн милдети.
رَوَى الحَاكِمُ فِي المُستَدرَكِ عَلَى الصَّحِيحَينِ عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ عَوْسَجَةَ، عَنِ الْبَرَاءِ بْنِ عَازِبٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «زَيِّنُوا الْقُرْآنَ بِأَصْوَاتِكُمْ». وَفِي حَدِيثِ مَعْمَرٍ «زَيِّنُوا أَصْوَاتَكُمْ بِالْقُرْآنِ». فَإِنَّ الْقُرْآنَ يُزَيِّنُ صَوْتَ الْمُؤْمِنِ. رَوَى الطَّبَرَانِيُّ فِي الأَوسَطِ عَنِ ابْنِ عُمَرَ قَالَ: سُئِلَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَنْ أَحْسَنُ النَّاسِ صَوْتًا بِالْقُرْآنِ؟ قَالَ: «مَنْ إِذَا سَمِعْتَ قِرَاءَتَهُ رَأَيْتَ أَنَّهُ يَخْشَى اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ
Аль-Хаким “Мустадрак” китебинде “Эки сахихтен” Абдуррахман ибн Авсажадан, Аль-Барра ибн Аазибден, (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Куранды үнүңөр менен кооздогула”. Ма’мардын хадисинде: “Үнүңөрдү Куран менен кооздогула” деп айтылат. Куран момундун үнүн кооздойт. Ат-Табарани “Аль-Авсатта” Ибн Умардан риваят кылган хадисте, ал мындай деген: Пайгамбардан (саллаллаху алейхи уа салламдан): “Адамдардын ичинен ким Куран окуганда үнү эң жакшыраак? Деп суралды. Ал айтты: “Анын окуганын укканда анын Аллах Тааладан корккондугун көрөсүң”.
وَرَوَى الحَاكِمُ فِي المُستَدرَكِ عَلَى الصَّحِيحَينِ أيضًا عَنِ ابْنِ أَبِي مُلَيْكَةَ، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَتَغَنَّ بِالْقُرْآنِ». قَالَ: قُلْتُ لابْنِ أَبِي مُلَيْكَةَ: أَرَأَيْتَ إِنْ لَمْ يَكُنْ حَسَنَ الصَّوْتِ؟ قَالَ: “يُحَسِّنُهُ مَا اسْتَطَاعَ”. وَهُنَاكَ مَنْ فَسَّرَ كَلِمَةَ “يَتَغَنَّ” بِمَعنَى “يَستَغْنِي” مُحتَجًّا بِحَدِيثٍ رُوِيَ عَنْ أَبِي بَكْرٍ رَضِيَ اللهُ عَنهُ وَهُوَ قَولُهُ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ تَعَلَّمَ القُرآنَ فَظَنَّ أنَّ أحَدًا أغنَى مِنهُ فَقَدْ حَقَّرَ عَظِيمًا, وَعَظَّمَ صَغِيرًا
Хаким дагы “Мустадрак” китебинде эки сахихтен Ибн Абу Мулайкадан, Абдуллах ибн Аббастан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-дубалары болсун) айтты: “Куранды кооздобогон (мукам үн менен окубаган) ал бизден эмес”. Ал айтты: Мен Ибн Абу Мулайкага айттым: Эгер анын үнү сонун болбосочу? Ал: Аны мүмкүн болушунча жакшыртуусу керек, – деди. Абу Бакр (радыяллаху анху), риваят кылган хадисти далил катары келтирип, “ятаганна” деген сөздү “ястагни деп чечмелегендер бар, Бул пайгамбар (с.а.в)дын сөзү: “Кимде-ким Куранды үйрөнүп, андан да байыраак бирөө деп ойлосо, чоң нерсени басынтып, кичине нерсени даңазалаган болот”,-деген.
Бирок Аз-Замахшари өзүнүн “Аль-Кашшаф” китебинде Абу Бакр (радыяллаху анху) риваят кылган хадис жөнүндө: “Мен аны Абу Бакрдын риваятынан бул хадисти тапкан жокмун” деп айткан. Аны да Ибн Адий Хамза ан-Нусайбинин өмүр баянында, Зайд ибн Рафидан, Абу Убайданын риваятында, Ибн Масъуддан риваят кылып, аны Пайгамбар, (саллаллаху алейхи уа салламга) чейин уланткан. “Хамза хадистерди ойлоп чыгарган деп айыпталган”.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Куранды окуганда үнүн жакшыртууга үндөгөн, анткени бул үммөт үчүн пайдалуураак жана адамдардын жүрөгүнө күчтүүрөөк таасир этет. Мына ушул себептен сахих хадисте: «زَينُوا القُرآنَ بِأصوَاتِكُمْ». “Куранды үнүңөр менен кооздогула” деп айткан. Анын: «لَيسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَتَغَنَّ بِالقُرآنِ» “Куранды мукам үн менен окубаган бизден эмес” дегени, үнүн кооздоо жана окууну жакшыртуу Курандын жүрөккө кирүүсүн жеңилдетет жана Аллахтын аяттарын укканда жүрөктөргө таасир этиши ыктымал. Бул адамдарды Куранды угууну токтотуп, кырааттан баш тартууга алып келген жагымсыз үндөн айырмаланат!
وَقَد مَرَّ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ لَيلَةٍ بِأبِي مُوسَى الأشعَرِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنهُ وَهُوَ يَقرَأُ، فَاستَمَعَ لَهُ وَأعجَبَهُ صَوتُهُ، فَلَمَّا رَآهُ فِي النَّهَارِ قَالَ لَهُ: «لَقَد أُوتِيتَ مِزْمَارًا مِنْ مَزَامِيرِ آلِ دَاوُدَ».
Бир күнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Абу Муса аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) Куран окуп жаткан жеринен өтүп барат. Аны тыңшап, үнүнө таң калды. Күндүз аны көргөндө: “Сага Дөөттүн үй-бүлөөсүнүн чоорунан бир чоор берилди”, – деди.
يَعنِي صَوتًا حَسَنًا. فَقَال أبُو مُوسَى: “لَو عَلِمْتُ أنَّكَ تَسمَعُ لحبَّرتُهُ لَكَ تحبيراً” أيْ حَسَّنتُ قِرَاءَتَهُ وزَيَّنتُها, وَيُؤيِّدُ ذَلِكَ تَأييداً لا شُبْهةَ فِيهِ حَدِيثُ ابنِ عَبَّاسَ أنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «لِكُلّ شَيءٍ حِلْيةٌ وَحِلْيةُ القُرآنِ حُسْنُ الصَّوتِ
Башкача айтканда, кооз үн берилди. Абу Муса айтты: “Эгерде сен мени угуп жатканыңды билсем, анын окуусун дагы жакшыртып, кооздоп бермекмин”. Бул шексиз Ибн Аббастын хадиси менен бекемделет, ага ылайык, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ар бир нерсенин зыйнаты бар, Курандын зыйнаты – кооз үн”.
وَلأَبِي عُبَيْدٍ عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا قَالَتْ: أَبْطَأْتُ عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَيْلَةً بَعْدَ الْعَشَاءِ ثُمَّ جِئْتُ, فَقَالَ: “أَيْنَ كُنْتِ؟ ” قُلْتُ: كُنْتُ أَسْمَعُ قِرَاءَةَ رَجُلٍ مِنْ أَصْحَابِكَ لَمْ أَسْمَعْ مِثْلَ قِرَاءَتِهِ وَصَوْتِهِ مِنْ أَحَدٍ, قَالَتْ: فَقَامَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَقُمْتُ مَعَهُ حَتَّى اسْتَمَعَ لَهُ, ثُمَّ الْتَفَتَ إِلَيَّ فَقَالَ: «هَذَا سَالِمٌ مَوْلَى أَبِي حُذَيْفَةَ, الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي جَعَلَ فِي أُمَّتِي مِثْلَ هَذَا
Айша (радыяллаху анха)дан риваят, ал айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламга), бир түнү куптандан кийин кечиктим, анан келдим, ал: Кайда элең? — деди. Мен айттым: Мен сенин сахабаларыңдын биринин куран окуганын угуп жаткан элем жана ага окшош кырааты жана үндү эч кимден уккан эмесмин. Ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ордунан турду, мен аны менен туруп барып аны уктук. Анан мага кайрылып: “Бул Абу Хузайфанын азат кылган кулу Салим. Менин үммөтүмдүн арасында ушундай адамды жараткан Аллага чексиз мактоолор болсун” деди.
Ан-Навави (Аллах аны ырайымына алсын) “Ат-Тибян фи Адаб Хамалат ал-Куран” китебинде “Куран окуганда үндү жакшыртуунун абзелдиги жөнүндө” деген бөлүмдү эскерген. Ал китебинин башында мындай деген: “Өткөн жана азыркы аалымдар, анын ичинде сахабалар, таабииндер жана алардан кийин келген аймактардын аалымдары жана мусулмандардын имамдары Куран окууда үндү кооздотуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө бир ооздон макулдашышкан (бир пикирге келишкен), алардын сөздөрү, кылган иштери белгилүү… Буга Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) хадистериндеги далил жалпы коомчулук арасында кеңири тараган.
وَرَوَى مُسلِمٌ فِي صَحِيحِهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّهُ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «مَا أَذِنَ اللَّهُ لِشَيْءٍ مَا أَذِنَ لِنَبِيٍّ حَسَنِ الصَّوْتِ يَتَغَنَّى بِالْقُرْآنِ يَجْهَرُ بِهِ
Муслим өзүнүн “Сахихинде” Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте айтат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деп айтканын уктум: “Аллах Таала жакшы үнү бар пайгамбарга Куран окууга жана аны үн чыгарып окууга уруксат бергендей эч нерсеге уруксат берген эмес”.
“Уруксат берилген” дегендин мааниси угуу жана канааттануунун жана кабыл алуунун белгиси.
وَرَوَى الرُّويبَانِيُّ فِي مُسنَدِهِ عَنْ أَبِي مُوسَى قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنِّي لَأَعْرِفُ أَصْوَاتَ الْأَشْعَرِيِّينَ بِالْقُرْآنِ حِينَ يَدْخُلُونَ بِاللَّيْلِ، وَأَعْرِفُ مَنَازِلَهِمْ مِنْ أَصْوَاتِهِمْ، وَإِنْ كُنْتُ لَمْ أَرَ مَنَازِلَهُمْ حِينَ نَزَلُوا بِالنَّهَارِ».
Рувайбани өзүнүн “Муснадында” Абу Мусадан риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Мен ашарийлердин түнү Куран окуганда үнүн тааныйм жана алардын үйлөрүн күндүзү көрбөсөм да, аларды үнүнөн тааныйм”.
بَلْ لَقَد كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ أحْسَنَ النَّاسِ صَوتًا؛ رَوَى مُسلِمٌ فِي صَحِيحِهِ عَنْ عَدِىِّ بْنِ ثَابِتٍ قَالَ سَمِعْتُ الْبَرَاءَ بْنَ عَازِبٍ قَالَ: «سَمِعْتُ النَّبِيَّ صلى الله عليه وسلم قَرَأَ فِي الْعِشَاءِ بِالتِّينِ وَالزَّيْتُونِ. فَمَا سَمِعْتُ أَحَدًا أَحْسَنَ صَوْتًا مِنْهُ!
Чындыгында, Аллахтын Элчиси, (саллаллаху алейхи уа саллам) адамдардын арасында эң сонун үнгө ээ болгон. Муслим өзүнүн “Сахихинде” Адий ибн Сабиттен риваят кылат, ал мындай дейт: Мен аль-Бара ибн Азибдин мындай деп айтканын уктум: “Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) куптан намазында Ат-Тин жана Зайтун сүрөлөрүн окуганын уктум. Мен андан өткөн кооз үнү бар адамды эч качан уккан эмесмин”.
Белгилүү болгондой, мукам үн Аллахтын кимге кааласа берген белеги. Ошондуктан, үнү мукам болгондорго кам көрүү керек, алар намазга имам болушсун. Умар (радыяллаху анху) таравих намазында кылгандай, ал эки асыл сахабаны – Убай ибн Кааб менен Тамим ибн Авс ад-Дарини, Аллах алардан ыраазы болсун, намазда адамдарга имамдык кылуу үчүн тандады.
Ал эми кимдин үнү жакшы болбосо, анда ал Куран окуганда үнүн жакшыртып, окулгандай окууга аракет кылсын. Бирок үндү өркүндөтүү шарият ченемдерине жана алгылыктуу этикага ылайык болушу керек. Бул биздин кээ бир замандаштарыбыз жаназаларда, чогулуштарда жасагандай жумшак кылуу, же созуу же ушуга окшогон нерселерди билдирбейт. Бул бузуу көптөн бери бар. Ушул себептен Навави, Аллах аны ырайымына алсын, “Ат-Тибян фи Адаб Хамалат аль-Куран” китебинде мындай деген: “ Тыюу салынган кырааттын бул түрү жаназада жана кээ бир жыйындарда окуган кээ бир сабатсыз, зулум тополоңдорго түшкөн балээ. Бул ачык тыюу салынган бидъат. Аны уккан ар бир адам күнөөкөр, деп эң көрүнүктүү казы Аль-Маварди айткан. Ал эми аны алып салууга же тыюу салууга кудурети жеткен ар бир адам муну кылбаса күнөө болот. Мен бул жагынан бир аз мүмкүнчүлүгүмдү жумшадым жана Аллахтын ырайымы менен бул ишке жарамдуу адамдарга ийгилик жана жакшылык тартуулоосуна тилектешмин. Үндү кооздонун максаты – Куранды окуунун эрежелерин сактап, маанисине ой жүгүртүп окуу”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 15-робиус саани.
2025-ж, 9–октябрь.