Сакофий

Атайлап өлтүрүү жана мурас темасындагы иллет жана маниъ

Атайлап өлтүрүү жана мурас темасындагы иллет жана маниъ

Суроо: Шахсия китебинин 3-бөлүмү, 55-беттин 1-сабында «кастык менен атайлап өлтүрүү мурастан маниъ (тосуучу) болот» деп айтылганы менен, 353-беттин 5–6-саптарында «кастык менен атайылап өлтүрүү иллет» деп айтылгандын ортосунда карама-каршылык бардай сезилет. Экөөсүнүн кайсынысы туура?

Жооп: Маниъ (тоскоол) — бул вадъий хитабдан, башкача айтканда, таклиф хитабы талап кылган нерселерден болуп, себеп, шарт, тоскоол, сахихтик, батылдык, фасад, рухсат жана азима сыяктуу маселелерге байланыштуу.

Таклиф хитабы талап кылган вадъий абалдар кээде иллетти түшүндүргөн сыпат болуп келет. Мындай учурда бул вадъий хитаб далалат жагынан иллет болуп эсептелет.

Мисалы: мурастан тоскон нерсе хадистин текстинде келген кастык менен атайылап өлтүрүү: «Катыл мураска ээ болбойт».

Бирок (өлтүрүү) — иллетти түшүндүргөн сыпат, башкача айтканда, өлтүргөн адамды мурастан ажыратуунун себебин түшүндүрөт. Ал өз мурас калтыруучусун атайылап өлтүргөндүктөн, мураска болгон укуктан ажырайт. Ошондуктан биз «кастык менен атайылап өлтүрүү мурастан ажыроонун иллети» деп айтабыз.

Ал эми эгер насс мындай болгондо: «узун бойлуу адам мурастабайт», анда «узун бойлуу» деген сөз мурастан албоонун себебин түшүндүргөн сыпат болбойт эле. Ошондуктан ал (эгер мындай насс бар болгондо) жөн гана маниъ бойдон калмак да, иллет болбойт эле.

Ушундай эле нерсе вадъий хитабдын бардык түрлөрүндө бар, маниъге гана тиешелүү эмес.

Мисалы: шаардык адамдын айылдыкка (бадиге) соода кылуусуна тыюу салынган. Тыюу бул вадъий хитаб. Бирок ал фасадды түшүндүргөн сыпат болуп эсептелет. Башкача айтканда, «бади» деген сөз фасаддын себебин түшүндүрөт. Ал айылдан келген, базарга али жетип келе элек болгондуктан, шаардык аны шаардын четинен тосуп алып соода кылат. Бул учурда бади базардагы бааны билбейт. Ошондуктан бул соода фасид болуп эсептелет. Анын фасиддиги шаардык адамдын базар баасын биле электе айылдыкты тосуп алып соода кылуусунда. Бул — «фасад» деп аталган вадъий хитаб.

Ошол эле учурда, сатып алуучунун «бади», башкача айтканда айылдан келген болуп, базар баасын билбеши далалат жагынан иллет болуп эсептелет. Ошондуктан «шаардык адамдын айылдыкка соода кылуусу фасид» деп айтууга да, ошондой эле «ал фасаддын иллети болуп эсептелет, анткени ал базар баасын билбейт» деп айтуу да туура болот.

Демек, анын бади (айылдык) болушу (58-бет) фасадды билдирет, ал эми (357-бетте) анын бади болушу иллет болуп эсептелет.

Бирок, мисалы, эгер мындай текст болгондо: «Пайгамбар ﷺ  кара түстүү адамдын ак түстүү адамга соода кылуусуна тыюу салды», анда бул жерде ал болгону вадъий хитаб болуп, башкача айтканда, бул сооданын батылдыгын билдирет. Бирок иллет болбойт. Анткени түс сооданын сахих, батыл же фасид болушунун себебин түшүндүргөн ылайыктуу сыпат эмес. Түс менен сооданын сахихтиги, батылдыгы же фасиддиги ортосунда эч кандай байланышы жок.

Жыйынтык: Эгер вадъий хитаб иллетке ылайыктуу, аны түшүндүргөн сыпат болуп келсе, анда ал вадъий хитаб болуп да, ошол эле учурда иллет да болуп эсептелет. Бул, өзүң көрүп тургандай, иллетти түшүндүргөн сыпатта гана болот, башкача айтканда, далалат жагынан иллет болуп эсептелет.

13-Мухаррам 1429-х.

21.01.2008-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button