Фикхий

Аукционго катышуу 

Аукционго катышуу 
Суроо: аукционго (мизад) катышуу жайизби? Башкача айтканда, товарды сатуу үчүн алып келип, ким көбүрөөк төлөсө, ошол адамга товарды сатса болобу?
Жооп:
“Музаяда” тилде — сатууга коюлган товардын баасын көбөйтүүдө атаандашуу дегенди билдирет.
Терминологиялык жактан — товарга чакырык жасалып, адамдар бири-биринен ашырып баа кошуп отуруп, акыркы бааны сунуш кылган адамга товар берилиши.
Бул соода түрү уруксат кылынган. Буга Расул ﷺ тууралуу Тирмизи өзүнүн «Сунанында» Анас ибн Маликтен риваят кылган хадис далил болот:
«بَاعَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ حِلْسًا وَقَدَحًا، وَقَالَ: مَنْ يَشْتَرِي هَذَا الْحِلْسَ وَالْقَدَحَ؟ فَقَالَ رَجُلٌ: أَخَذْتُهُمَا بِدِرْهَمٍ. فَقَالَ النَّبِيُّ ﷺ: مَنْ يَزِيدُ عَلَى دِرْهَمٍ؟ مَنْ يَزِيدُ عَلَى دِرْهَمٍ؟ فَأَعْطَاهُ رَجُلٌ دِرْهَمَيْنِ، فَبَاعَهُمَا مِنْهُ».
«Аллахтын Элчиси ﷺ бир килемче менен чөйчөктү сатып, мындай деди: «Бул килемче менен чөйчөктү ким сатып алат?» Бир адам: «Мен экөөнү бир дирхамга алам», — деди. Ошондо Пайгамбар ﷺ : «Бир дирхамдан көбүрөөк ким берет? Бир дирхамдан көбүрөөк ким берет?» — деди. Анан бир адам эки дирхам берди да, Аллахтын Элчиси ﷺ экөөнү ага сатты».
Тирмизи: «Бул хадис хасан», — деген.
Бул хадис Суфьян ибн Вахб ал-Хавланийден риваят кылынган: «Мен Аллахтын Элчисин ﷺ музаяда жолу менен сатуудан тыйып жатканын уктум», — деген хадиске каршы келбейт. Анткени ал хадис алсыз, анын иснадында Ибн Лахиа бар, ал алсыз риваятчы.
Ошондой эле бул хадис Ибн Умардан келген хадиске да каршы келбейт: «Аллахтын Элчиси ﷺ соода толук чечилгенге чейин силерден бирөөңөр экинчисинин соодасы үстүнө соода кылуусуна тыюу салды, олжолор менен мурастар мындан тышкары», — деген. Бул жердеги тыюу соода сатып алуучуга толук чечилип калгандан кийин колдонулат. Андай учурда башка бирөөнүн келип: «Мен мындан да көбүрөөк төлөйм», — деп айтуусу жаиз эмес. Ал эми соода али чечиле элек учурда, музаядада болгондой, бул хадис колдонулбайт.
Аль-Айни «Умдат ал-Кари» аттуу эмгегинде музаяда жолу менен сатуунун жаиздиги Маликтин, Шафиъинин жана илим ээлеринин көпчүлүгүнүн пикири экенин айткан.
13-Сафар 1430-х.
8.02.2009-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button