Афганистандык миңдеген балдар катуу сууктан улам өлүм коркунучуна туш болууда

Басма сөз баянаты
Афганистандык миңдеген балдар катуу сууктан улам өлүм коркунучуна туш болууда
26-январда «Балдарды сактагыла» уюму маалымдагандай, Афганистандын чыгышында калың кар жаашы жана аба температурасы нөлдөн төмөн түшүшү чатырларда жашап жаткан миңдеген балдардын ден соолугуна болгон коркунучтарды күчөтүүдө. Алар аймакты кыйраткан жер титирөөдөн беш ай өткөнүнө карабастан, дагы эле убактылуу чатырларда жашашат.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, өткөн жылдын август айында болгон жер титирөөдөн кийин Кунар жана Нангахар облустарында болжол менен 5700 үй-бүлө дагы эле убактылуу лагерлерде жашоодо. Алар калың кардан, катуу муздак шамалдан жана төмөн температурадан коргонуу үчүн болгону пластикалык жабууларга гана ээ.
22-январда ЮНИСЕФ уюму Афганистандын чыгышындагы 270 миң бала оор ооруларга чалдыгуу коркунучунда экенин билдирип, узак убакыт суукка жана нымдуулукка дуушар болуу дене температурасынын төмөндөшүнө, дем алуу жолдорунун инфекцияларына, анын ичинде өпкө сезгенүүсүнө жана алдын алууга мүмкүн болгон башка ооруларга кабылуу коркунучу бар.
Ошондой эле өлкөдө жаан-чачын жана кардын уланышы калкка таасир этип, туура эмес тамактануу кризисин күчөттү. Анткени азык-түлүк үчүн айыл чарбасына көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн абалы начарлады. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму аба ырайынын шарттары калктын азык-түлүк коопсуздугунун жетишсиздигин күчөтүшү мүмкүн экенин эскерткен.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Афганистанда буга чейин эле 3,5 миллион бала курч туура эмес тамактануудан жабыркоодо, алардын ичинен 1,4 миллион бала өлүм коркунучуна көбүрөөк жакын. Бул кризис экономиканын кыйрашынан жана эл аралык жардамдын кыскарышынан улам келип чыгып, миллиондогон балдарды азык-түлүк жардамына өтө муктаж абалда калтырды.
Афганистанда миңдеген балдардын сууктан өлүмгө туш болуп жатканы, дагы миллиондогондору ачарчылыктан өлүм коркунучунда турганы Ислам өлкөлөрүндө мол байлыктар, азык-түлүк жана ресурстар бар болуп, аларды колдоо жана коргоо мүмкүн болгон шартта кечирилгис уят иш. Бул оор вакыйлык Ислам өлкөлөрүнүн Халифалык кыйратылгандан кийин алсыз улуттук мамлекеттерге бөлүнүп кетишинин түздөн-түз натыйжасы. Анткени Халифалык түз Ислам өлкөлөрүн саясий, экономикалык жана аскерий жактан күчтүү бир мамлекетке бириктирген түзүм болгон.
Бул кайгы-капа Ислам үммөтүнүн жүрөгүн жаралап, мусулмандарды бир жерде кароосуз жана башка жердеги бир туугандарынан обочо калтырды. Алар табигый кырсыктардын кесепеттери менен жалгыз күрөшүүгө, же геноцидге, басып алууга жана жапырт зулумга өз алдынча каршы турууга мажбур болууда. Ошол эле учурда башка Ислам өлкөлөрүндөгү режимдер алардын кайгысын көрмөксөнгө салып, аларды бөтөн өлкөдөгү жат адамдар катары көрүп, жардам берүүдөн баш тартышты жана аларды Исламдагы бир тууган катары карашкан жок. Бул болсо Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө карабастан болуп жатат:
﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾
«Акыйкатта үммөтүңөр бир эле үммөт. Мен силердин Эгеңермин. Мага гана сыйынгыла!». (Анбия: 92).
Бул мамлекеттер өз байлыктарын жана аскерлерин муктаж кезде мусулман бир туугандарына жардам берүү же аларды коргоо үчүн колдонгондун ордуна, ресурстарын жана армияларын коңшу өлкөлөрдөгү мусулмандарга каршы согушууга колдонушууда. Мисалы, Афганистан менен Пакистан ортосундагы кагылышуулар, же улуттук кызыкчылыктар үчүн же Йемен менен Суданда Саудия жана БАЭнин аракеттери сыяктуу батыш колонизатор күчтөрүнүн саясий пландарын ишке ашыруу үчүн мусулман бир туугандарына каршы согушуу. Бул болсо Пайгамбарыбыз ﷺдын төмөнкү хадисине карама-каршы келет:
«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يَخْذُلُهُ وَلَا يَحْقِرُهُ»
«Мусулман — мусулмандын бир тууганы: ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштабайт жана аны кемсинтпейт».
Ошондуктан Афганистандагы жана жалпы Ислам өлкөлөрүндөгү балдар башынан кечирип жаткан бул ачуу азаптын чечими жөн гана кайрымдуулук берүүдө же батыш өкмөттөрүнөн же алардын мекемелеринен, мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунан же АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинен көбүрөөк каржылык жардам талап кылууда эмес. Анткени бул биздин көйгөйлөрүбүздү чечүүдө чет элдик тараптарга Ислам үммөтү катары көз карандылыгыбызды тереңдетет жана бизди алардын саясий кызыкчылыктарына жараша манипуляцияга, санкциялардын таасирине жана таштап кетүүсүнө алсыз кылат.
Тескерисинче, чечим — жерлерибизди, байлыктарыбызды, ресурстарыбызды жана армияларыбызды кайрадан пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык башкаруусунун алдында бириктирүүдө. Анткени ушул мамлекеттин алдында ишке ашкан Ислам үммөтүнүн биримдиги экинчи халифа Умар ибн Хаттаб разияллаху анхуга Мисирден көп өлчөмдө азык-түлүк ташып келип, Медина шаарын ачарчылыктан куткарууга мүмкүнчүлүк берген. Ал Нил дарыясын Кызыл деңиз менен байланыштырган каналдын ишин кайра жандандыруу аркылуу жардам жүктөрүн жетиштүү жана натыйжалуу жетүүсүн камсыз кылып, өз карамагындагы элди колдогон.
Чындыгында, Ислам түзүмү негиздеген коргоону, биримдикти жана гүлдөп-өнүгүүнү өлкөлөрүбүзгө кайра кайтаруунун жалгыз жолу — Халифалыкты тикелөө болуп саналат.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
04.02.2026




