Роя гезити

Африка континенти үчүн учур менен келечектин ортосундагы күрөш

Африка континенти үчүн учур менен келечектин ортосундагы күрөш

Акыркы мезгилде Африкада жогорку деңгээлдеги жана ар түрдүү чыңалуулар байкалууда: жарандык согуштар, аскердик төңкөрүштөр, ачарчылыктар, миграция ж.б.

Мындан улам, Африка континенти эл аралык тирешүүлөрдүн жана кагылышуулардын майданына айланабы? деген суроо туулат. Айрыкча, Америка Жакынкы Чыгыштан көпчүлүк колонизатор мамлекеттерди сүрүп чыгарып, анын негизги багыттарын көзөмөлгө алып, өз пландарын ишке ашыра баштагандыктан, бул суроо кабыргасынан коюлууда. Бүгүн ал ири мамлекеттерди майдалап, чек араларды Сайкс–Пико чектеринен мазхабдык, уруулук жана этникалык негиздеги, башкача айтканда «кан чектери» болгон чек араларга өзгөртүп жатат. Учурда кара континентте Европанын чыгышынан батышына, түндүгүнөн борборуна чейин ээлик кылып келген нерселеринин баарын тартып алуу максатын көздөгөн эл аралык күрөштүн белгисин берген кыймылдар башталганын байкоого болот. Европаны Африкадан биротоло сүрүп чыгаруу ири Европа мамлекеттердин кулашына же олуттуу алсырашына алып келет. Анткени алар ушул кара континенттин байлыктарынын эсебинен жашап келишет.

Американын Африка тереңине кирүү, саясий картаны өзгөртүү, чек араларды алмаштыруу жана ири мамлекеттерди бөлүп-жарып, аларды өз аймагын кайра бириктире алгыс абалга алып келүү аракеттери учурда күч алууда. Бул абал Европа өз үстөмдүгүнүн кулашынан чочулап турганын билдирет. Айрыкча, алдыда турган ири кризистерден (чоң каржылык кыйроо, үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучу же Американын гегемониясын кулатууга багытталган «суук согуштун» күчөшү ж.б.).

Бул континенттеги күрөш өтө татаал жана бири-бири менен чырмалышкан формада жүрүп жатат. Анын эң негизгилери: айрым мамлекеттердеги эл аралык күрөш, айрым аймактардагы таасир үчүн жана ресурстар үчүн күрөш. Бул көрүнүш жалпы континентти камтыйт. Африкадагы чыныгы абалды түшүнүү үчүн ушул күрөштөргө кыскача көз чаптырабыз.

Эл аралык күрөш бул континентте мурда эле бар болчу, бирок азыр ал Африкадагы жаңы «суук согуш» түрүндө көрүнүүдө. Анткени Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Африканын көпчүлүк бөлүгү европалык державалардын ортосунда бөлүштүрүлүп, 1884–1885-жылдардагы Берлин конференциясында европалык мамлекеттер Африка аймагын ээлеп алышкан. Ал эми Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуттар Лигасынын чечимдерине ылайык «мандат системасы» деген ат менен колониялар кайра бөлүштүрүлгөн. Натыйжада Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки чыныгы бөлүштүрүү төмөнкүдөй болгон:

Улуу Британия: Египет, Судан, Нигерия, Гана, Кения, Уганда, Түштүк Африка, Зимбабве, Замбия, Танзания.

Франция: Алжир, Тунис, Марокко, Мали, Нигер, Чад, Сенегал, Мавритания, Чыгыш Камерун, Чыгыш Того, Мадагаскар.

Бельгия: Конго, Руанда, Бурунди.

Италия: Ливия, Эритрея, Италиялык Сомали.

Португалия: Ангола, Мозамбик, Гвинея-Бисау, Кабо-Верде аралдары, Сан-Томе жана Принсипи.

Испания: Батыш Сахара, Экватордук Гвинея жана Марокконун түндүгү.

Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР менен АКШ супер күч катары чыгып, Америка «эгемендүүлүк» деген ураанды көтөрдү. Албетте, максат Европанын ордуна ушул мамлекеттерге өз таасирин орнотуу эле. Бул европалык мамлекеттерди бул өлкөлөргө формалдуу көз карандысыздык берүүгө жана өз кызыкчылыктарын башкаруу үчүн аларга өз агенттерин бийликке коюуга мажбур кылды. Эң чоң үлүш саясий күчү жана амалкөй стратегиясы менен айырмаланган Улуу Британияга тийди: ал агенттерине өзгөчө кам көрүп, алар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүп, өзүнө караган эң ири мамлекеттерди сактап калды. Франция да колунан келишинче таасирин сактоого аракет кылды.

Ошентип, салттуу мандат системасы аяктап, кыйыр көзөмөл доору башталды. Ошондон бери Америка Африкага терең кирүүгө умтулуп келет. Египет ага стратегиялык жактан көз каранды болуп, ал үчүн таяныч нуктага айланды. Көптөгөн аракеттерден кийин Америка аскердик базалар, «гуманитардык жардам», аскердик даярдоо жана ушуга окшогон ыкмалар аркылуу агенттерди сатып алууга жетишти. Натыйжада ал Жибутиде эң ири базаны, ошондой эле Кенияда жана Сомалиде базаларды түздү. «Араб жазы» деп аталган окуялардан кийин континент терең өзгөрүүлөргө туш болду: Мали, Буркина-Фасо, Гвинея, Судан жана акырында Нигерде көптөгөн төңкөрүштөр болду. Андан соң Сенегалда нааразылык акциялары, Эфиопияда, айрыкча Амхара аймагындагы Фано күч түзүмдөрүндө башталды. Бул окуялардын басымдуу бөлүгү эл аралык күрөштүн алкагында жүрүүдө: айрымдары чечилген, айрымдары али чечиле элек. Мисалы, Ливияда Америка пайдасына салыштырмалуу туруктуулукка жеткенге чейин болгон окуялар, ошондой эле Суданда аскерлердин үстөмдүк орнотуусу уланууда.

Улуу Британиянын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн Америка аскер күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу уюштуруп, бул конфликт аркылуу Судандагы британдык чөйрөнүн мүмкүнчүлүгүн жок кылды жана өлкөнү өзү көздөгөн бөлүнүүгө даярдады. Ошондой эле Нигерияда Америка президенти Трамп тарабынан «ал жактагы христиандарды коргоо» деген жүйө менен түз коркутуулар айтылгандан кийин эмне болору күтүлүүдө.

Мунун баары бул күрөштүн уланышын шарттайт: ал Түндүк Африкага (Алжир, Тунис, Марокко), Африка мүйүзүнө жана Сахель аймагына чейин жетет. Максат европалык таасирди толук чыгарып салуу. Андан кийин бул күрөш эл аралык мүнөздөн таасир жана ресурстар үчүн күрөшкө айланат.

Башкача айтканда, Америка өлкөлөрдү көзөмөлгө алгандан кийин аймактык күчтөрдүн же жергиликтүү тараптардын ортосунда ар түрдүү күч баланстарын түзүп, өзү башкарган конфликттерди жаратууда. Мисалы, Эфиопия менен Судандын ортосундагы тиреш — бул чек ара, иденттүүлүк, таасир жана суу маселеси боюнча күрөш. Египет менен Эфиопиянын ортосундагы жаңжал — стратегиялык жана суу маселесине байланышкан. Суданда — уруулук таасир үчүн күрөш, Ливияда болсо — өлкөнүн чыгышы менен батышынын ортосундагы таасир үчүн күрөш.

Ал эми таасир үчүн күрөш мамлекеттер аралык күрөштөн айырмаланат. Анткени Америка көзөмөлдү орноткондон кийин, өзүнө ылайык келген учурларда сырттан алсыз оюнчулардын киришине уруксат бериши мүмкүн. Бул Суданда БАЭнин кийлигишүүсүндө көрүнүп турат: ал чектелген формада, пайдалуу мүнөздө гана болуп, стратегиялык эмес кызыкчылыктардын чегинде жүрүүдө.

Ал эми ресурстар үчүн күрөш табигый байлыктарды, стратегиялык ресурстарды жана маанилүү коридорлорду көзөмөлдөө айланасында жүрөт. Америка Баб-аль-Мандеб кысыгы, Гвинея булуңу, Кызыл деңиз сыяктуу аймактарды толук көзөмөлгө алууга умтулат. Африка континенти мындай ресурстарга абдан бай жана алардын көпчүлүгү дээрлик кол тийбеген, башкача айтканда, азырынча олуттуу пайдаланылбаган аймактарда жайгашкан. Ушул жерден Кытай, Россия жана алардан кичирээк башка мамлекеттер да аралашат. Бирок алардын күрөшү мамлекеттин өзүнө же анын саясатына түз кийлигишпестен, материалдык пайда табууга гана багытталган. Бул болсо Америка туура көргөн же уруксат берген чектерде гана ишке ашат. Мындан тышкары, куралдуу топтор жана милициялар бардык түрдөгү күрөштөрдүн куралы катары колдонулат: азыркы учурдагы «Боко Харам», «аш-Шабаб» кыймылы, M23, жанжавиддер, «Вагнер» күчтөрү сыяктуу топтор буга мисал.

Бул күрөштөр эч качан токтобойт. А түгүл континент толугу менен Американын колуна өтсө да, бул кагылышуулардын уланышы Американын туруктуу катышуусун камсыз кылат. Ошондой эле талап-тоноо, элдерди аң-сезимден ажыратуу, кулчулукка салуу жана аларды майда-чүйдө маселелер менен алаксытуу уланат. Мунун баары системалуу жана уюшкан түрдө талап-тоноого жол ачат, ал тургай эл аралык жасалма «мыйзамдуу укуктар» менен кооздолуп, алардын улантылышына шарт түзөт.

Бул болсо кара континенттеги күрөш дагы да күчөй турганын билдирет. Биз массалык кыргындарды, чыккынчылыктарды, үзгүлтүксүз төңкөрүштөрдү, аймактык согуштарды жана жарандык согуштарды көрүшүбүз мүмкүн. Бул согуштардын отуну ошол эле аймактын эли болуп, ал эми жыйынтыгы өз жерлеринин, инфраструктурасынын кыйрашы болот.

Ошондуктан биз бул континенттин элин бул кыйроону алдын ала токтотууга чакырабыз жана алардын бардык маселелерине тамырынан чечим катары туура жол көрсөтөбүз. Ал пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык, ал алардын укуктарын коргойт, канын сактайт, адилеттүүлүк менен теңдикти камсыз кылат, колониализмдин бардык түрлөрүн токтотот, бул континентке уурдалган күчүн жана байлыктарын кайтарып берет жана аны ач көз капиталисттик системадан куткарат.

Эй мусулмандар! Батыштын үстөмдүгүнүн улануусу бизге алсыздык менен кордуктан башка эч нерсе алып келбейт. Ошондуктан, биз адамдарды алардын байлыктарын талап-тоноп, балдарын өлтүрүп, жерлерин басып алып жаткан капитализмдин кулчулугунан Исламдын адилеттигине жана нуруна чыгара турган чечимге ээ болуп туруп, унчукпай калбашыбыз керек.

Ошондуктан биз силерди Аллах жана Анын Элчиси буйругандай исламий жашоону кайра жандандыруу жолунда биз менен бирге басууга чакырабыз. Ошондо силер дүйнөдө да, акыретте да улуулукка жетесиңер. Ошондой эле бул улуу континенттин аскерлерине эскертебиз: кандарыңар төгүлөт, бирок эгер согушуңар Аллахтын сөзүн улуулоо үчүн болбосо, анда өлтүргөнүңөр да, өлгөнүңөр да тозокто болот. Ошондуктан ким үчүн жана эмне үчүн кадам таштап жатканыңарды аңдап билгиле. Анткени эсеп-кысап күнү сөзсүз келет жана ар ким өз колу менен кылган ишине жооп берет.

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button