Ахмад Шаранын Вашингтондогу визити жана коркунучтуу багынуулар

Ахмад Шаранын Вашингтондогу визити жана коркунучтуу багынуулар
2024-жылдын декабрында башчы Башар качып, анын коопсуздук жана аскердик түзүмү кулады. Ушундан кийин Сирияда дүйнөлүк түзүмдөр даяр эмес болгон, күтүүсүз окуялар катарына кирген тез саясий өзгөрүүлөр орун алды. Убактылуу өткөөл мезгилдин президенти Ахмад Шаранын Америкага визити жана анын президент Трамп менен жолугуусу ушул өзгөрүүлөрдүн эң негизгилеринин бири катары алдыга чыгып, эл аралык таанылуу жана жалган туруктуулук үчүн өлкө төлөшү мүмкүн болгон саясий жана мабдаий баа жөнүндө терең талаш-тартыштар коштолду.
Бул визиттин алдында Эр-Риядда жана Бириккен Улуттар Уюмунда жасалган аракеттер болгон. Ал эми Ахмад Шаранын Вашингтонго визити өлкөнү көз карандылыктын түбүнө — суверенитет жоголуп, эрк тартып алынган абалга — сүрүп кирген кооптуу жолдун башаты болуп калды. Буга себеп, алдамчы тышкы колдоого таянып иш кылуу ыкмасы болду.
Бул визиттер талашсыз өткөн жок: бир бөлүгү муну обочолонуудан чыгуу үчүн зарыл кадам деп эсептесе, башкалары аны революцияны өзүнүн нукура маңызынан ажыратчу багынуулар чынжырынын башталышы деп карашат.
Ортого көп нерселер жана майда-чүйдө деталдар да чыкты. Расмий эмес протоколдорго байланышкан жагдайлар көп маанилүү эмес. Эң маанилүүсү АКШ администрациясы жаңы сириялык жетекчиликке таңуулаган иштердин күн тартиби.
“Цезарь” мыйзамы америкалык файлдардын баш жагына коюлду. “Цезарь” жарандарды коргоо үчүн кабыл алынган мыйзам эле. Саясий логика боюнча, алар тарабынан салынган бул санкциялар Асаддар режими кулагандан кийин дароо жокко чыгарылышы керек болчу. Бирок болгон нерсе мыйзамдын жокко чыгарылышы эмес, анын убактылуу токтотулушу болду. Бул убактылуу токтотуу саясий анализде “Дамокл кылычы” сыяктуу каралат. Башкача айтканда, жаңы өкмөт өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбай калса, дароо колдонууга даяр турган коркутуу куралы.
Бул экономикалык басымды сактап туруу т.а. жашоо шарттарына байланышкан айрым жеңилдетүүлөр тууралуу сөздөр менен бир мезгилде жүргүзүлүп жатканы коомдук колдоону тарбиялоочу “жаза берүү” менталитетине шайкеш келет. Бул революция жылдарынын баарында мамлекеттер колдонуп келген ыкма. Анткени “режимге басым кылуу” же “анын үстүнөн жазалоо” деген аталыштагы бардык пландардын артында бир эле максат болгон. Козголгон элдин жүрүм-турумун түздөө жана аларды туруктуу басым алдында кармоо, кеңири саясий долбоор жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк бербөө жана суверенитетке байланышкан талаптарды ачык көтөрүүгө жол бербөө.
Адамдарды оокат издөөнүн бүтпөс айлампасында кармап туруу өз алдынча чечим чыгара алган мамлекет куруу умтулууларынын баарын басаңдатууга багытталган Батыш стратегиясы.
Эл аралык коалиция: оккупацияны мыйзамдаштыруубу же зарылдыкпы?
Талкуудагы эң кооптуу маселе Американын жетектөөсүндөгү терроризмге каршы эл аралык коалицияга Сириянын кошулуусу үчүн күч келтирүү болду. Илим талабалардын жана мужахиддердин көпчүлүгү бул коалицияны “мамлекетти тартиптештирүүнү” шылтоолоп, Исламга каршы согуш жарыялаган кресттүү (салибий) коалиция катары көрүшөт. Бул коалициянын Сирияга кийлигишүүсү 2014-жылга барып такалат. Анын “терроризмге каршы күрөш” деп жарыяланган максаттарынан алыс, көтөрүлгөн эл массасын бутага алган көп сандаган кыргын-сүргүндөрү бар. Ага кошулууга макул болуу америкалык аскерий күчтөрдүн, алардын базаларын жана Сирия жериндеги таасир аймактарын мыйзамдуу деп таанылышын билдирет.
Мурда чет элдик күчтөрдүн болушу мыйзамсыз же убактылуу мүнөздө болчу КСД аймактары же “мамлекетти тартиптештирүү” менен салгылашууларга байланышкан. Ал эми азыр коалиция келишимине кол коюу бул вужудду мыйзамдаштырат жана ага каршы ар кандай нааразычылык же сындаган сөз “эл аралык мамилелерге зыян келтирүү” деген айып менен куугунтуктоого негиз болуп калат!
Бул багынуу революциянын түпкү принциби болгон суверенитетти жана революция анын үстүнө курулган чечимди кайра алуу идеясын кыйратуучу чечүүчү бурулуш болуп эсептелет. Ошондой эле Сириянын коопсуздук жана аскерий ишине түздөн-түз кийлигишүүгө эшик ачат.
Нормалдаштыруу маселеси жана мабдаий кагылыш:
Дамаскка яхудий түзүмү менен «Ибрахим келишимине» окшош коопсуздук келишимдерин түзүү үчүн басым көрсөтүү жаңы өкмөттү коомдук колдоонун чоң бөлүгү жана мабдаий позициялары менен түз кагылыштырат. Маселе чек ара белгилөөдө же Голандан чыгууда эмес, Палестина жеринде мыйзамсыз турган түзүмдү таанууда жатат.
Бул америкалык аракет бир нече нерсени көздөйт. Эң биринчиси, «саясий Ислам башкарууга жарабайт» деген түшүнүктү бекемдеп, аны жок кылууга же ордуна эл аралык деңгээлде көбүрөөк кабыл алынган, прагматикалык мүнөздөгү башка бир жетекчиликти алып келүүгө жол даярдоо. Экинчиси, мухажирлер менен мужахиддердин айрым топторун бутага алуу. Жаңы өкмөттү Батыш аныктаган түшүнүктөр боюнча «экстремизм» деп аталган нерселер менен күрөшүүгө мажбур кылуу. Бул керек болсо Башарды кулатууда өнөктөш болгон агымдар менен да салгылашууга алып баруусу мүмкүн. «Мамлекетти сактоо» деген шылтоо менен кечээки достордун бири-бири менен согушуна себеп болуп калат!
Күтүлүп жаткан ички жарылуу:
Экономикалык басымдын (Цезарь), башкарууга байланыштуу багынуулардын (коалиция), жана мабдаий кагылыштын (нормалдаштыруу) ушул жарылуучу аралашмасы чыныгы ички жарылуу коркунучун жаратат. Аллах түшүргөн өкүм менен башкарылуучу мамлекетти орнотуу үчүн күрөшкөн мужахиддер сириялыктар да, мухажирлер да бул багытты кескин четке кагышат жана Батыш шарттарына баш ийүүнү курмандыктарга чыккынчылык деп эсептешет.
Бул чыңалуу Сирияны чоң ички согуш коркунучуна алып барат, андан тышкы саясаттар гана утат. Сирия көчөлөрү азырынча жаңы баш аламандык коркунучунан улам жарылуудан кармалып турушу мүмкүн, бирок экономикалык басымдын жана суверенитеттен баш тартуунун улантылышы элдин чыдамын азайтып, сабырын түгөтөт.
Жыйынтык: прагматизмден кийинки этап:
Өткөөл администрациянын башчысы Ахмад Шара менен Трамптын жолугушуусу Сириядагы саясий кырдаал жеңил да, акысыз да болбосун ачып көрсөттү. Бул эл аралык таанылууга жетүү үчүн керек болгон прагматизм менен революциянын маңызы жана принциптерин сактап калуу ортосундагы чыныгы сыноо. Американын айлакер жана эсепчил эрки менен Аллахка жалбарган элдик эрктин ортосундагы бул күрөштө күтүп туруу гана үстөм болууда.
Акырында айтабыз: аймак, балким дүйнө да, бир чоң зилзалага бет алып турат. Бул эки мабданын кагылышынан келип чыгат: Адамдарды эксплуатациялоо, байлыктарын тоноп кул кылуу менталитетине ээ капиталисттик мабда менен шаръий өкүмдөр менен раъиятты коргоо жана камкордук кылуу негизинде турган Ислам мабдасынын кагылышы.
Бул күрөш, акыры, Аллах Таала ыймандууларга убада кылган нерсеге, Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн нерсеге алып барат. Кечээки курмандыктар үстөмдүк кылуучулар койгон эрежелерден жана шарттардан алыс, үмүт кылынган жеңиштин пайдубалы болот. Анткени биз акырында жеңиш такыбаларга таандык экенине бекем ишенебиз.
Устаз Абдуддалий (Абул Мунзир)
Роя гезити




